№569 27-сентябрь-03-октябрь, 2013-ж
Жакында Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында күрөштүн түрлөрү боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык мелдеш өттү. Мелдешке Таластан да бир топ улан-кыздар катышып келишти. Талас шаарынан Асел Буркан кызы 38 килограмм салмакта күч сынашып, 3-орунга татыса, 43 килограмм салмактагы Саяна Байызова 5-орунду багынтты. Мындан тышкары жигиттер арасында грек-рим күрөшү боюнча 42 килограмм салмакта күрөш аянтына чыккан Азат Түгөлбай уулу 2-орунду, ал эми 85 килограмм салмакта күрөшкөн Мүсүр Жусупбеков 3-орунду ээлеп, коло медалдын ээси болду. Кошумчалай кетсек, жогоруда аталган эки спортчу жигит Талас шаарындагы спорт мектебинин машыктыруучулары Аязбек Юбашбаев жана Улан Эсенбаевдин тарбиялануучулары.
Гүлназ Атантаева
talas@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |