№569 27-сентябрь-03-октябрь, 2013-ж
Талас районунун Көпүрө-Базар айылында асынып каза болгон М.Ж. аттуу аялдын денеси табылды. Иликтөөнүн натыйжасында аны алты эркек күчкө салып зордуктаганы белгилүү болгон. Бул кылмышка шектелип аталган айылдын 6 тургуну кармалды. Алар: 48 жаштагы Бактияр Сарыгулов, 24 жаштагы Эрмек Сабатаров, 35 жаштагы Ашырбек Дүйшекеев, 28 жаштагы Калыбек Мамбеталиев, 26 жаштагы Анвар Батыркулов, 29 жаштагы Жоомарт Чолпонбаев.
Талас ОИИБинин маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, кылмышка шектелип кармалгандар аялды зордукташканын моюнга алышкан. Учурда бул кылмыш боюнча иликтөө уланууда. Кийинки сандарыбызда бул окуя боюнча кенен маалымат бермекчибиз.
Гүлназ Атантаева
talas@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |