Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Анжелика:«НАМЫСКА ТИЙГЕН СӨЗДӨРДҮ УГУП ЖАШАГЫМ КЕЛБЕЙ КЕТЧҮ»

№569 27-сентябрь-03-октябрь, 2013-ж

Анжелика. Бул ысым сахнада көп аталбаса да, эл арасында кеңири оозго алынат. Фотосессия учурунда аны тегеректеп калган элди көрүп күйөрмандары арбын экенине ынандык.

«ОМАР СУКТАНА КАРАГАНДА...»
Анжелика 8 жашынан бери чоң сахнада. «Азыр эсептесем, 15 жыл болуптур сахнада жүргөнүмө» дейт ырчы. Андыктан дөңгөлөк үстүндө өткөн жашоосун, кызык күндөрдү төмөнкүчө эскерет:
– Биз гастролдоп жүрүп чыныгы артисттердин жашоосун көрдүк. Анда даяр мейманкана деген жок, үйлөргө конокко барабыз, өзүбүз концерт коюлчу клубдарды жууп-тазалап чыгабыз. Ар кайсы жакка барганда «Я теба лублу» деген каттар, бакчадан үзүлгөн кучак гүлдөр келет.
Кесиптешим, досум Омар азыр көп кызыктарды айтып калат. «Таласка Анжелика келиптир» десе кычырап кийинип клубга барып, тийишчү элек. Бир жолу автобуста менин астымда отуруп алган экенсиң, жеткиче сени суктанып карап келгем» деп күлүп калат. Азыр болсо экөөбүз дос болуп бир сахнада жүрөбүз. Анан да бир нерсе эсимден кетпейт. Анда Гүлмира Рысбаева Динара Акулованын колунда, мен Айчүрөк эже менен элем. Концерттерден көрүшкөн жерде экөөбүз буттан өйдө көздөй бири-бирибизди сынай карап коёбуз. Ал эмне кийип жүрөт, мен эмне кийип жүрөм деген балалык атаандашуу болсо керек.

«МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИН АЛА КАЧАБЫЗ ДЕП КЕЛИШКЕН»
Ырчы айымдын турмуш курганына быйыл 7 жылдын жүзү болуптур. Ал аралыкта Анжелика эки кыздын энеси, сүйүктүү жубай жана ишкер айымга айланды.
– Мага сүйүүсүн билдирген мырзалар көп болду. Бирок канчалык «сени сүйөм» деп арзуусун айтса, ошончо кыжырданып, көңүл бурбай койчумун. Эсимде, бир жолу бир жигит көпкө артымдан чуркап жүрүп сүйүүсү жоопсуз болгондо ушундай бир каргап салды (күлүп). «Сен да мендей болуп сүйгөнүңө жетпей кал» десе болобу?!
Бойдок кезимде кыз-жигит болуп деле сүйлөшкөн жокмун балдар менен. Урмат акылдуулук кылыптыр да, мага бир да жактыруу сезимдери бар экенин билдирген эмес. Чочутуп албайын деген го?.. Айылда кошуна болгон үчүн апамды «апче» деп үйгө келип-кетип жүрчү. Акырындан менин болгон сырымды билип алган, анткени ага байке катары сырларымды айтчумун. Концерттерден кийин жеткирип жүрүп, бара-бара жактыруу сезимдерин айтып баштады. Ал кезде башкалар да үйгө куда түшүп келе берип тажатып салышкан. Мектепке чейин ала качабыз деп издеп келгендер болду. Ошондо Урмат «сөйкө салып коё бербейинби, сен каалаган күнү үйлөнөбүз» деп калды. Ал оор басырыктуу, мен үчүн идеалдуу мырза болгондуктан макул болдум. Ошентип сөйкө салгандан тартып кыз-жигит болуп эки айча сүйлөшүп, анан үйлөндүк.
Азыр кыздарыбыз чоңоюп калды. Айыма эмки жылы мектепке барат,   чоңоюп, токтолуп калды. Ал эми кенжебиз Элиманы атасы мага окшоштурат. Айтканын бербейт, ыйлап жаткан жеринен күлүп жиберген таланты бар (күлүп). Урмат аябай баласаак. Тойлордо кызын узатканда аталардын ыйлаганын көрүп «Мен да ыйлап калсам керек. Кызым кайсы жерге түшсө жанынан үй сатып алып, ошол жакта кошуна жашап алабыз» деп күлдүрө берет. Бала кыял, үйдө кыздары бутуна педикюр жасап, бирөөсү чачына резинка тагып, бетине сүрөт тартып, каалаганын кылышат.

«АДАМ ИЙГИЛИККЕ ЖЕТПЕЙ КАЛСА, СЕБЕПТИ БАШКАДАН ИЗДЕЙТ»
Кыргыз сахнасындагы саналуу гана адамдарды ушактар өтө көп ээрчийт. Алардын катарында Анжелика да бар.
– Ансыз жашоо болбойт да. Эгер таанылбаган адамды ушактап жатса кызыксыз. Ал эми белгилүү киши болсо, «ии, кандай болуптур?» деп отуруп андан ары кеп өөрчүп кетет, өзгөчө бизде, кыргыздарда (күлүп). Менин дарегиме айтылган ар кандай ушактарды уга берип бышып бүткөм. Башында намыска тийген сөздөрдү укканда ыйлап, жашагым келбей кетчү. Азыр ойлойм, адам өзү ийгиликке жетпей калса, себепти башкалардан издеп баштайт экен. Мен кептерге терикпей өз жумушумду кылсам баарын жеңеримди билдим.
Быйыл мүчөл жылым, жыл башынан эле жакшы башталды. Кыргыз элинин атынан Түркияга барганым мен үчүн чоң сыймык болду. 27 өлкөнүн ичинен мекенди таанытуу ырдоо гана эмес, чоң жоопкерчилик экен. Оркестр менен өмүрүмдө экинчи жолу ырдадым. Түрк тилинде оркестрдин коштоосунда ырдоо кыйын эле болду. Ошентсе да ар бир сөздүн маанисин түшүнүп, анан аткардым.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Жылдыздардын арасына кошо көр деп тиленчүмүн" дейт Анжелика

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(111)
01.10.2013. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анжеликанын акылдуулугунан улам куйоосу шарт тузуп берет да, а Анжелика ага татыктуу, колунан келет, коз тийбесин , уй булолук бакыт каалайм, элдерди суктантып журо бер,ийгилик.
01.10.2013. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Anjelika aiabai umnaya da v smysle xitraya... Kimge kantip suiloshtu kaerge kantip baryshty bilet.
01.10.2013. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Даа чын эле татына айым. Бир аз толуп калганбы? Сүрөттө өзгөрүп кетиптир, көздөрү бакрайган эле, бүтүк көз болуп калганго. Атак азамат эле айым! Эң негизгиси акылдуу. Таланты деле бар. Айчүрөк эже ырдатып элге таанытканы менен, ал иштетип акчасын өз чөнтөгүнө салып турган. Анжеликадан жакшы эле пайда тапкан.
03.10.2013. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Orbit_bezsahara, Анжеликадан жакшы эле пайда тапкан хе-хе???Анжеликаны Анжелика кылган Айчурок апчебиз эгер билсен.Вокалдан сабак берип,костюмдарын тиктирип,клиптерин тарттырып берген ким? Тапкан акчасын кайра эле Анжеликага чаптаган.Узурун короор маалда Айчурокту игнор кылды.
01.10.2013. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzdyn patriotka kyzdarynyn biri Anjelika eje bar bolunuz!
SUPER.KG видео
01.10.2013. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжелика мага коп жакчу эмес,ушул маектен кийин жакшы адам экени билинди.Ак жол!!!
01.10.2013. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
улгайып, вампирлерге окшошуп калыптыр, боппоз болуп
01.10.2013. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
yalla, туура айтасын, тоотугуп калгандай. эки тиши да жаман корунот экен. Ээги кемшийип турат экен. Сулуу деп айтууга болбойт. Элина, Кундузду сулуу десе болот. Балеенин бардыгы козундо жатат. Таза эмес.
01.10.2013. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уну деле жокко. Менин мышыгымдын мяулаганы катуурак чыгат. Ырдабай эле акча тапса болмок, же кыйналып калганбы.
01.10.2013. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
15 жыл дейби? Кудайды карасан боло капырай. 15 жыл сахнада деп Жанетта, Айбек, Сыймыкты айтса болот. Уну жок дейсинер, Кудай Анжеликага ун бергенде бир да ырчыга жашоо бермек эмес. Ырдабайм тойлорго барбайм деп хиджап кийип алды беле бир убакытта. Эми тойлорду издеп калыптырго. Чын эле кыйналып калышкан окшойт да. Анжелика урматтай турган аял эмес чынында.
02.10.2013. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
yalla, arishka, kopush, bulochka ар башка ник менен кирип, өзүңүздүн жеке жактырбаган мамилеңиз бар экенин билдирип коюптурсуз, уят эмеспи. Сизге эскертүү!!!
02.10.2013. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mahabat tuura aitasin ASYA ADYA DEP men kommentin baarin okup chikkam eerinbei baardiginda ozun interviewsunda kirip ozun maktap aichurok ejen boluwuncha jamandap jaziptir bolchu
02.10.2013. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Для меня Анжелика идеальная женщина. Улыбка,фигура,черта лица,как она разговаривает... ещё и умная. Она обязано быть счастливой. Мне прям она оочень нравиться. МОЛОДЕЦ!!! Не обращайте на слухи внимания,люди всех обсуждают,можно сказать это у нас уже в привычке вещей стало.. так что ВПЕРЁД!!!
02.10.2013. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lelik, привет ASYA.ASYA
02.10.2013. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emnege menin kommentimdi o4urup salgansynar
02.10.2013. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rusalka.kgz,
Саламатсызбы! Сиздин билдирүүңүз өчүрүлгөн эмес. Өзүңүз жакшылап сактабай калсаңыз керек.
02.10.2013. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага да аябай жагат...
02.10.2013. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйлогондору, кылыктары Айчурок эженин эле озу!
02.10.2013. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Анжелика ийгилик !!!
SUPER.KG видео
02.10.2013. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
озу боло албайт бироону коро албайт деген ушул да коро албагандар туз жалагыла эн сонун маек болуптур мактанганга жараша болсо мактанат да колунардан келсе мактангыла бироого сынтакканча ишине ийгилик уй булоолук бакыт каалайм булбулдай унун очпосун
03.10.2013. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
айчурок эже болбогондо мынчалык атак данкаа жетпейт болчу!!!сулуу болсо озуно да мага не?бир ыраазычылык айтпай только мактанып турат!!!
03.10.2013. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар нерсени суйлой бербегилечи ичи-куйду болуп ! Анжеликада баардык нерсе бар ошолорду коралбай силер куйуйп жатасынар ! !! Бактылууу болунуз Анжелика эч кимди укпан си эн тура жолдо баратасын!
03.10.2013. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан болсо да туурап бироонукун кочурушот!Деги оздору бир нерсе ойлой алышабыы?
SUPER.KG видео
04.10.2013. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баары жакшы, мен чынында сыйлайм молодец. бирок кечке эле айтып, кечке эле бир нерсени кайталай бергендин кажети эмнеде?
05.10.2013. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Она просто оооочень хитрая лисичка,кай жерден выживать этип кетишти,кимге кандай мамиле кылышты билет да.Устаты эмес эле устатын озу ээрчитип гастролдорго алып баргандай суйлоптур го;)Бирок устатын сабатты деген айын кептердин чындыгы болсо уят эле Анжеликага,баягы бир жерден бир жолу даам татсан ал жерге мин жолу салам айт деп коет го кыргызда.Куйоосу азамат киши экен Анжеликаны ишкер айым кылып бактылуу айымдардын катарына кошкон.
05.10.2013. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mi-li-na, туп-туура кыздын сыры торкунго маалым аны айчурок эе жакшы ыыыы билет бирок коп нерсесин айтпайт. чикен кудугуна тукурбо деш керек да. бирок анжелика онолуп калды го азыр
05.10.2013. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжелика сага ийгилик!
05.10.2013. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айчурок эже аябай порядочная айым.Студиясында бир жыл бийлегем. Айчурок эжеке жаман болсо Анжеликанын энеси бир да кун тургузмак эмес. Таласка атагы чыккан аял экенин билебиз. Самое обидное что элге таанытып койгондон кийин, эркектер кызыгып баштаганда деп ачык айталы, ее кинули. не просто кинули, а избили, машину разбили, семье такое горе принесли. И это тому человеку которая из пустышки, живущей в дыре, жетип жетпей, сделала ей имя.
Модератор admin_media түзөттү 07.10.2013 10:27
05.10.2013. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жап жаш болуп туруп ушунчалык акчаны артынан куубай койсо болмок. Анжеликанын жашындагы кыздар оз абиирлери менен эле журушот. Уну жок экенин мен деле кошулам. Качандыр бир убакта адам баардыгына жооперенин унутпаса. Анжелика хочет все, сразу и бесплатно.... Корбогондун коргону курсун дечу беле...
SUPER.KG видео
14.10.2013. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
koro albastiktan jazgan jokmun,menin aiytkanim anjelikadan dele bashka ylyy koptogon jetkishkendikterge jetken tatinakaiy ejeleribiz bar osholor jonyndo dele chigarishsa degenim.ishenbesener ozynor superdin arhivin korsonor jok degende 2-3joly chikkan anjelika, temasi bir ele maekteri bir, janilik jok echkandai
SUPER.KG видео
14.10.2013. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"koro albagandar","tyz jalagila","mishik maiyga jetbei sasik deptir" degenderge:men maktanbaiym birok men dele Anjelika menen tenmin 3tatinakai kizim bar,meni ayabay jakshi korgon joldoshym bar alhamdulillah.men ayabay baktilyymyn Kydaiyga shygyr.anjelikani koro albagandai echtemkem kem emes.bashkalarin bilbeiym...
SUPER.KG видео
19.10.2013. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
coop ishterdi jasa. Baldar uyuno jardam ber, Jardamga muktash adamdar kop bisde osholorgo jardam becen, anan cen maktanbacan dele ,el osu maktap alat.Eki irdi irdap,kuyoondun bayligina maktanbay.
29.10.2013. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа коп эле коюптур...
SUPER.KG видео
12.11.2013. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чындыгында сулуу аял,бирок бир жолку суйлогонун азыркыга салыштырсак ошол убакта намаз окуп,узун кийип,жоолук салынган эле анысы го макул жаман эмес дечи,ошол убактагысына кайрылып карасак кыска кийип отурганы жарашпай калыптыр.кийбесин дебейм эки суйлобосо болмок беле деген ой кетти.бирок жакшы аял катары сыйлайм баарын алып кеткен кучтуу аял.
18.11.2013. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Anjelika,jaman sozdorgo, bashkalardyn oiuna koz karandy bolgum kelbeit, dayima iygilik artynan iygilik jaratkym kelet...
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо