№569 27-сентябрь-03-октябрь, 2013-ж
Быйыл баш калаабыз Бишкектин шаар статусун алганына 135 жыл толду. Жыл санап жаңылануу, өсүп-өнүгүү менен илгери кадам таштап бараткан жашыл шаардын мааракесине карата анын архивинен эсте калган сүрөттөрдү топтодук. Бүгүн өлкөдөгү маданияттын, саясаттын борбору болгон Бишкектин «кырчын» кезине назар салып коюңуз.
АЛГАЧКЫ ЭМГЕКТЕРДЕН ТАРТА...
Азыркы шаардын аймагында адамдар биздин замандан 4-5 кылым илгери эле отурукташканы белгилүү. 1868-70-жылдары шаардын азыркы чегинде орус келгиндери Аламүдүн жана Бишкек айылдарын негиздешкен. 1865-жылга чейин чүйлүк кыргыздар акимий жактан Ала-Тоо округуна (баш калаасы Верный шаары болгон) баш ийген. 1865-67-жылдары Түркстан дубанына, кийин Токмок уездинин курамында Жети-Суу облусуна кирген. 1878-жылы 29-апрелде уезддин борбору Токмоктон Бишкекке көчүрүлүп, ага шаар статусу берилген. Шаар статусу анын өсүүсүнө жол ачып, ХХ кылымдын башында Пишпекке 40ка чукул көчө түшкөн. 1885-жылы Пишпекте 2227 киши болсо, бүгүнкү күндө миллионго чукул.


Максат Кудайбердиев
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Саламатсызбы!
Рахмат, ката түзөтүлдү.