№569 27-сентябрь-03-октябрь, 2013-ж
Күз келип, тойлор сезону башталды. Мындан үч жыл мурун сүйүктүүсүнө баш кошкон ырчы Алькамиль 13-сентябрь күнү калың журтка той берди. Ырчы жубайы Динара менен Москвадан таанышып, ошол жактан үйлөнгөн эле.
Ошондой эле «Миң кыялдын» ди-джейи Акыл Жеңишбек уулу Азиза аттуу селкиге ак жоолук салып, учурда жубайынын ысык чайын ууртап отурган чагы. Бул тууралуу ди-джей: «21-сентябрь күнү келинчегиме сөйкө салып, кыргыздын салты менен Ысык-Көлдөгү үйүмө алпардым. Буюрса, 9-октябрь күнү Бишкекте чоң үлпөт тоюбузду беребиз»,- дейт кубана.
Аны менен катар телеалпаруучу Али Токтакунов да 24-сентябрь күнү арзышканы Самарага үйлөнүп, элдин батасын алды. Эмне дейбиз, кармашкан колуңар бекем болсун, жаштар!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |