Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КӨЛ ТҮБҮНӨ ЧӨКТҮРҮЛГӨН КЫРГЫЗДАР

№569 27-сентябрь-03-октябрь, 2013-ж

«Биз жашаган тар заман,
Кийин келер зар заман...» деп Калыгул олуябыз алдын ала айтып кеткен заманга туш келген каргашалуу үркүн окуясына быйыл 97 жыл толду. Бул жалпы кыргыз эли башынан өткөргөн эң оор трагедиялардын бири. Ошол кездеги Орус падышачылыгынын эзүүсүнө чыдабай, аларга каршы көтөрүлүшкө чыгып, кыргынга учураган бабаларыбыздын сөөктөрү ар кайсы жерде калып кетти. Редакциябыздын босогосун аттаган Жаңыл айым үркүнгө байланыштуу башынан өткөргөн муңдуу окуяны баяндап берди.

«БАШЫМДАН ӨТКӨН ОКУЯ ТЫНЧЫМДЫ АЛЫП КЕЛЕТ»
– Убакыт өткөн сайын өткөн кылымдын 70-жылдарында башымдан өткөн бир окуя тынчымды алып келет. Айрыкча Боом капчыгайындагы үркүндө курман болгондорго арналып коюлган эстеликтин жанынан өткөн кезде жүрөгүм туйлап чыгат. Бийик жерге чыгып алып, жумурай журтка ошол окуя, деги эле үркүн жөнүндө үнүмдүн жетишинче кыйкырып айтсам дейм. Менин ичимдеги бук, ыза жердештерибиздин да ичинде муң болуп катылып жатса керек деп ойлойм. Анткени канчалаган жылдар үркүн жөнүндө үн ката албай жүрбөдүкпү. Эмесе, окуя башынан болсун.
Кичине кезимде таякелеримдин «Кечээ көлдө болгон катуу толкун адамдардын сөөктөрүн жээкке сүрүп чыгарып салыптыр. Тим эле жер жайнайт, алардын баарын чогултуп көмүп келдик» деген сөздөрүн кулагым чалып калчу. Мен балалык сезим менен толкун болгон кезде көл жээкте бир укмуштуу окуя болот го же бир желмогуз көлдөн чыгып келип адамдарды көтөрүп кетип, мүлжүп, сөөктөрүн көлдүн жээгине ыргытып салат го дечүмүн.
Таятам Ысык-Көлдүн тескей тарабында жайгашкан Жеңиш айылынан болот. Күн бүркөлүп, жамгыр төгүп, катуу шамал болгон мезгилде көлдө күркүрөгөн катуу толкун болор эле. Айрыкча түнкүсүн толкун үйүбүздүн так түбүнө урунуп жаткандай сезилчү. Андай учурда терезеден бир чоң «кара кол» кирип келип, мени көлдүн жээгине көтөрүп алып кетчүдөй туюлуп, коркконумдан төшөктө калтырап-титиреп бүрүшүп жатар элем. Кийин орто мектепти бүтүрүп, Караколдогу Педагогикалык институтка документтеримди тапшырып, окууга өтүү үчүн даярданганы таятамдыкына бардым.

«ЖЭЭКТЕ АДАМДАРДЫН СӨӨКТӨРҮ ЖАТЫПТЫР»
– Бир күнү таякем, таежем үчөөбүз көлдүн жээгиндеги ээн, тынч жерге окууга даярданалы деп барсак, жээкте аппак болгон аркайган сөөктөр жайнайт. Ары жакта адамдын баш сөөгү да жатыптыр. Мурунку күнү көлдө катуу толкун болгон эле. Ошондо толкун ал сөөктөрдү жээкке чыгарып салыптыр. Көзүбүз мындай жаманчылыкты көрбөгөндүктөн, эмне кыларыбызды билбей калдык. Ошондо ошол өлгөн адамдарды аяп, өлүм менен тирүүлүктүн ортосундагы адамдын акыл сезиминин күчү жетпеген табышмакка мээм жетпей, өмүрүмдө биринчи жолу өлүм деген коркунучтан денем титиреп турду.
Баягы сөөктөрдү үчөөлөп чогулта баштадык. Сөөктөрдү чогултуп жүрүп көзүбүздөн жаш да тамчылап жатты. Чогулган сөөктөр канча адамга тиешелүү экенин билбейм, бир далай болду. Сөөктөрдү таштап кете албай «эми, бул байкуштарды жерге берели» деп көл жээктен алысыраак жерге кадимки мусулмандардын мүрзөсүн каздык. Жер кумдуу, жумшак экен. Учтуу таш, катуу жыгачтардын жардамы менен тез эле казып бүтүп, сөөктөрдү анын ичине жайгаштырдык. Көрдүн оозуна жыгачтардан тирөөч коюп, менин китептеримдин мукабасын айрып алып анын үстүнө жаап, анан топурактан үйдүк. Мүрзө экени билинсин деп чокчойтуп таштан белги коюп, куран окуйлу десек же куран, же өлүктү жерге берүүнүн ырым-жырымын билбейбиз. Баарын бүтүргөн соң эми кетели деп камынып калганда түз басып кете албай буйдала түштүк. Анан тизелеп чөк түшүп ыйлап кирдик. Билбейм, бизди кандай күч ээлеп алды, көзүбүздөн жаш сызылып токтобой жатты.
Мага арт жагымда көп адамдар бизге кошулуп ыйлап жаткандай сезилди. Бир убакта алай-дүлөй түшүп, адамдардын өлүм алдындагы ачуу кыйкырыктары, ызы-чуу, айтор, бир шумдуктуу окуя болуп өттү. Канча убакытка созулду так билбейм, бул көрүнүш өңүмдө болдубу же менин гана ой-сезимимде болуп өттүбү ушул убакка чейин түшүнбөйм. Акыры эсибизге келсек, ыйлап отура берип өпкөбүз көөп калыптыр.

«БИР АЙЫЛДЫН ЭЛИН БҮТ КЫРЫПТЫР»
– Кийинчерээк биз көргөн сөөктөр 1916-жылы үркүн учурундагы кырылган адамдардыкы экенин билдик. Көрсө, бир айылдын элин кары-жашына карабай малча айдап келип, көлгө чөктүрүп, андан чыгууга далалат кылгандарын атып, баарын өлтүрүшүптүр. Көлгө чөктүрүлүп көз жумган адамдардын сөөктөрү ушул күнгө чейин көл түбүнөн чыгып бүтө элек тура. Саны канча экендигин билбейм. Көп адам болсо керек, көп адам...

«ҮРКҮНДҮ УНУТПАЙЛЫ»
– Ошол каргашалуу үркүн учурунда ач бел, куу жолдо канча кыргыз ит-кушка жем болду. Канчасы ачкачылыктан кырылышты. Жогорудагы окуядагыдай алардын арбактары да жолдо, белде боздоп жүрүшсө керек. Менимче, миңдеген кыргыз кырылган үркүнгө «Орусия падышачылыгына каршы көтөрүлүшкө Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен жалгыз гана кыргыздар чыгышкан» деген тарыхый макам берилиши керек. Аны менен катар кийинки муунга үркүн жөнүндө кенен маалымат берилиши зарыл. Элибизде «Арбак ыраазы болмоюн Алла ыраазы болбойт» деген кеп бар эмеспи. Андыктан бул каргашалуу күндөрдү республикабыздын деңгээлинде чоң маселе катары белгиленишин эл каалайт.

Жаңыл Байтыманова, 61 жашта,
Тоң району, Бөкөнбаев айылы.
Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(42)
30.09.2013. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дешени эсимде.Ошондогу кыргынды эстешкенде буркурап ыйлап калышаар эле.Таэнем уркундо 5 жашар кыз экен атасы карызыман кутулайын заман бузулуп турат деп кудасына кызын алпарып берген экен.Кайнатасы,кайын энеси,куйосу олуп коп азап менен кытайдан кайрылып бир озу келиптир.Кайран гана кыргыз элим олгону олуп,калганы кытайлыктардан коп азап жеп,ажаалы жетпегени колудун тузу буйурганы кайрылып келген дешер эле...Эмне демекбиз жаткан жерлери жайлуу болсун.Артындагы урпактары унутпай эстеп журсун ...
30.09.2013. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эххх эн эле окунучтууу
30.09.2013. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай болсо орусстарда бизге байыртадан бери эле душман болуп келген экенда. Мурунку Ата бабаларыбыздай болгондо азыркы чондорубуз ээх окунучтуу.
30.09.2013. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
орусия бир боор энем, алар баскынчы эмес дегендерге сабак болотко.
30.09.2013. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эгемендуулугубузду сактап,барктасак экен...
30.09.2013. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул темага бир нерсе жазгандан этият болгула, улуттарды уруштурду болуп балее болбосун
30.09.2013. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага гос экзаменде ушул суроо келген эле....
30.09.2013. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
элим журтум эми илгерки заманда ким кучтуу болсо ошол туура болгон азыркы заманда деле ошол болгону ар бирибиз озубузду озубуз кайра тарбиялап ата бабаларыбыз сыяктуу намыской заманыбызга жараша илимдуу жана патриот болушка аракет кылсак ушул ак кулак жана янкилерге тен келген мамлекет курсак дегеним кыргыз эли тарыхтан дайыма заманбап кыз жигиттерин тарбиялай алышкан ошон учун келгиле ынтымак бололу аракет кылалы
30.09.2013. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men ki4inemden Koldo oskonum u4un myndai kop okuyalardy 4on atam,tayatamdardan kop ugup kelgem..ary kaigyluu,ary okunu4tuu...kol eli owonduktan az sanda bolsok kerek( oblasttardan kalkynyn sany boyuncha) emne bolso da kiyinki muun Urkundu unutuwpasa eken
30.09.2013. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жерлерим жайлуу болушсун омиийн!
30.09.2013. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Urkundo kitepterde jazylat je oozeki aytilat achkadan olbosh uchun baldaryn 1 chyny talkanga satylgan dep.Mukay Elebaevdin chygarmalarynda jakshy chagyldyrylgan.Bir tuugandardyn kolunan nariste kyzdy julup ketken karyshkyr tigindey baryp jep jatkanyn korushot.Koldorunan ech nerse kelbeyt.Koldun jana Naryndyn kalky urkkon.Jalama zoolordon kobunchosu otpoy kalgan.Ayta berse arman kop.Kanchalagan jash baldar kyzdar kuldukka kitaylarga satylyp ketken
30.09.2013. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх кайран элим.не күндөрдү көрбөдүң.Ошол Үркүндө каза болгондорго курмандык чалып,куран түшүрүш керек.Бүт Кыргызстан боюнча.Бейишинен орун берген болсун.Кытайдагы кыргыздар ошол үркүндө калып кетишкен болсо керек.
30.09.2013. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
beka90
Адашасын,кыргыздардан коргонолу деп чеп курушкан эмес кытайлар Ал чеп байыркы чептерден.Аны кимдер кургандыгы,кантип кургандыгы алигиче тактала элек
01.10.2013. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бугунку кунго чейин калбаса керек канча окумуштуулар изилдеген колду
01.10.2013. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында мамлекеттик макам болушу керек.
01.10.2013. 04:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул уркун боюнча так,толук жазылган китеп болду бекен окуугум келип жатат
01.10.2013. 06:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
JKJ3579, жанылбасам Тологон Касымбековдун кыргын деген китебин окусан болот.
01.10.2013. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
JKJ3579, Эрнис Турсуновдун ата журт деген китебин окусан уркун жонундо толук маалымат аласын,
01.10.2013. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тарых тастыктайт деген созго дагы бир жолу ынандым.Мен да угуп калам уркун мезгилинде миллиондогон кыргыздар кырылган деп. Эгерде жунбаштар себепкер болбогондо биз 10миллиондон ашык калк болмокпуз. Канчалаган жерлерибизди кошуналарга бердиртишти. Биз кыргыздын урпактары ошол уркунду эч качан унутпашыбыз керек.
01.10.2013. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуу
02.10.2013. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыздар кобойолучу 10миллиондон дагы коп бололучу
02.10.2013. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх өкүнүчтүү...
02.10.2013. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизге уркун жонундо айтса, озунчо жомок кылып угуп же окуп калабыз, эми бизден кийинки муундарга азыркы биз жашап аткан убакты эмне деп айтаар болушту экен тарыхта.
02.10.2013. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тайнем да уркун деп коп айтаар эле, айтып атып эле ыйлай берчу силер биз коргон кунду корбогуло, Кудайга шугур кылгыла деп . Атасын атка учкаштырып барып эле атып салган экен кулак деп.
02.10.2013. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aidinaernur,1920 жылдан кийин совет окмоту орногондон кийин,мурун бардар жашаган уй булолорду кулакка тарта башташкан,бул бир кыргызстанда эмес буткул союз боюнча болгон реформа,демек сенин таенендин атасын уркундон кийин совет окмоту жазалаптыр,капа болбо бирок бул жакка так маалыматты жазгыла
02.10.2013. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jangilxbasam jer bytkondo kirgiz bar,aianiqtuusuu-neege kitepke jazilbagandir?!
-basa bul kimdin sozv ele?...
-iya...???!
02.10.2013. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин чон атам 110го чыкты,кудайга шугур тируу,чон атам менен сыймыктанам,Улуу Уркундун катышуучусу,Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери,чон атам менин байлыгым,башынан откон окуяны жазып чыкса озунчо эле роман,том том болотго,мындан 8-10 жыл мурда ат устундо кадимкидей журчу,эми гана уйдо,бирок кайраттуу,угат,козу курс,ктрдин жанылыктарын угат,чон атамын каарынан корком,жини жаман)))...
02.10.2013. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
16-жыл ар бир кыргыздын журогундо калган кара так болду. Падышалык орустар келип бизди оз жерибизден сурсо, бир орусу коммунисттер келип бизге кандайдыр бир денгээлде эркиндикке чыгарды, болбосо тукум курут болуп кырылат белек, айтор аны бир жалгыз Аллах билет. Уркундо Тайатамдар да чонатамдар да уй-булолору менен Кытайга качып барып келишиптир. Жолдон корбогон азаптары калбаптыр. Мындайды бизге, биздин балдарга корсотпосун. Ушуга да тобоо дейли.
03.10.2013. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен эмнеге чон чон аталарыбыздын атасы жок или эмнеге жетим деп ойлоно берчумун...коп сурооомо жооп алдым..
03.10.2013. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azyr kandai bir urkun boltat bul iret Kytaiga emes butkul duinogo.Kachandyr baardyk kyrgyzdar oz mekenine kaityp keleer degen umuttomun.
03.10.2013. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
жакшы болуптур ким ал адамдан сурап жатат ал уркун жонундо не колго адамар чогуп олсо ошолордун сооктору чыкса керек да не соок чыкса эле ошол уркундо олгондордун соогу болуш керекпи! мен ишенбеймин!
05.10.2013. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир айыл элди кырып салганына аябай жаман болдум, окуп алып орустарды жаман коруп кеттим.
07.10.2013. 08:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак падышачылык доорунда орустар да экиге болунгон. Дыйканчылык менен алектенген орустарды падыша бийлиги Орто АЗияга кубалап жиберген. уркун учурунда кыргыздар менен бул жактагы дыйкандар биригип Ак падышанын аскерлерине каршы курошкон. Андыктан орустар деп баарын куноологон болбойт.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо