№569 27-сентябрь-03-октябрь, 2013-ж
Шаардагы борбордук көпүрөнүн курулуш иштерине байланыштуу Навои көчөсү автоунаалар үчүн жабылды. Мындан ары бул көчө аркылуу өтүүчү маршруттук унаалар башка көчөлөр аркылуу жүрүшөт. Аталган көпүрөнү кытайлык «Гунсуе» компаниясы курат. «Каражат өз маалында бөлүнүп турса, көпүрө 2014-жылга бүтөт» дейт шаардык жол башкармалыгынын башчысы Сатыбалды Абдылдакунов.
Айта кетсек, көпүрө борбордук базардын жанына курулат. Ал Навои көчөсү аркылуу Ак-Буура дарыясын кесип өтүп, Апсамат Масалиев проспектиси менен Ленин көчөлөрүн байланыштырат.
Уулбү Каныбекова
osh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |