КОРООДО БАЙЛАНЫП ТУРГАН УЮН УУРДАП КЕТИШКЕН

№570 04-октябрь-10-октябрь, 2013-ж

Айыл жергесинде эң көп катталган кылмыштардын бири –  мал уурулук. Баарынан да мал негизги киреше булагы, жашоо каражаты болгон жарандар кылмышкерлердин курмандыгы болгону өкүндүрөт. Бул ирет кылмышкерлер Ысык-Ата районундагы Кызыл-Арык айылынын 42 жаштагы тургунунун короодо байланып турган уюн уурдап кетишкен.
Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын 30-сентябрда тараткан билдирүүсүнө ылайык, жабырлануучу милицияга арыз жазган. Бул кылмышка шектелип 30 жаштагы К.У. жана 31 жаштагы К.К. аттуу Чүй облусунун тургундары колго түшүрүлгөн. Алардын үстүнөн Ысык-Ата РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан «мал уурулук» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо