№570 04-октябрь-10-октябрь, 2013-ж

Cекелек кезинен ырдап чыгып, элдин көз алдында өскөн, Динара Акулова менен Абдумалик Шерматовдун тарбиясын көргөн ырчы кыз Гүлмира Рысбаева аз убакыт мурун турмуш сапарына аттанган эле. Эми минтип 26-сентябрь күнү Бишкектеги тойканалардын биринде ырчы кыздын үлпөт тоюна күбө болуп кайттык. Сахнадан тапкан атасы Абдумалик Шерматов ырдап-бийлей берип аз жерден жеке концертин берип сала жаздады.
– Гүлмира, кандайсың? Ак көйнөк кийип жар болуу ар бир кыздын кыялы эмеспи, сенин тоюң кыялыңдагыдай өттүбү?
– Жакшы. Ооба, кыялымдагыдай өттү. Тойдун башынан аягына чейин кайын журтум менен өзүм баш болуп чуркап жүрдүм. Эки жактын тең биринчи тою болгондуктан, албетте, толкундандык. Жолдошум Камил аябай сарсанаа болуп жүргөн, бирок тойдо көрдүңөр го, андан шайыр адам болгон жок, кайнатам айтмакчы, тиши эле көрүнүп жүрдү (күлүп).
– Коноктордун арасында Абдумалик Шерматов да жүрөт. Негедир устатың Динара Акулованы көргөн жокпуз...
– Абдумалик атам өзү чалып «Эмнеге мени тоюңа чакырбайсың?» деп таарынып, Оштогу тойлорун жылдырып келиптир. «Балалык» деген ырды сюрприз кылып ырдаганда токтоно албай ыйлап жибердим, ыйлабайын деп канчалык кармансам да болбоду. Мен эмес, курбу кызым болуп чыккан Бегимай (Бекбоева ред.) кошо көзүнө жаш алды. Өзүңөр билесиңер да, алгач ушул ырым менен элге таанылгам, мен үчүн күтүүсүз белек болду.
Ал эми Динара эжеге «ката менден кетпесин, чакырып коёюн» деп бир эмес, үч жолу коңгуроо кылып чакырдым. Үчүнчү жолу чалганымда сүйлөп жатсам трубканы коюп салды. Эмне себептен мындай кылды өзүм да түшүнбөй калдым, бирок мага катуу тийди. Динара эже келбесе деле тоюм өттү. Чакырып коюш менин милдетим эле, чакырып койдум. Абдумалик атам ичинде кири жок адам экенин далилдеп, жубайы экөө келип куттуктап кетишти.

Лунара Бекиева
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
13
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Abdumalik Shermatov Jyrogy taza azamat baike eken!
Ywinizde koop yigilik bolyp aman bolynyz!