Каныкей Акын:«ДҮЙНӨЛҮК ДЕҢГЭЭЛДЕГИ ЫРЧЫ БОЛОМ»

№570 04-октябрь-10-октябрь, 2013-ж

Кыргыз шоу-бизнесинде Каныкей Акын аттуу өзгөчө ысым пайда болду. Бул атты укканда көз алдыңа чебер сөздүү акын элестейт. Ысымына гана эмес, чыгармачылыгына да кызыгып ырчы кызга  суроо узата баштадым.

КАНЫКЕЙ ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, күнү
– 1996-жыл, 12-октябрь
Туулган жери – Бишкек шаары
Бою – 164 см
Салмагы – 47 кг
Хоббиси – Философиялык китептерди окуу
Учурда – Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын 2-курсунун студенти
Репертуарындагы ырлары – «Кайдасың?», «Убакыт»

– Саламатсыңбы? Алгач сенин өзгөчө ысымың тууралуу сурайын дегем. Каныкей Акын бул лакап атпы?
– Саламатчылык. Мага дээрлик бардык адамдар ушул суроону беришет. «Акынсыңбы? Ыр жазасыңбы?» деп. Бирок андай эмес, ыр жазбайм. Болгону атам Фарук Акындын улуту түрк, ошондуктан Каныкей Акынмын. Апам болсо кыргыз кызы, аты Жаңыл. Сүйүү деген улуу сезим деп коюшат го. Жараткандын менин ата-энеме тартуулаган арзуусунан улам эки улуттун өкүлдөрү чогуу түтүн булатып калышкан. Жыйынтыгында үч кыздуу болушту, мен, сиңдим Ясемин жана эжем Айчүрөк.

– Балалыгың да эки өлкөдө өтсө керек?
– Бала чагым Орусияда өттү. Атам кесиби боюнча архитектор, ошондуктан ага кайсы жерден сунуш түшсө, ошол жакка көчүп жашачубуз. Орусиянын далай жерлерин кыдырып, жаңы гана көнө баштаган досторумдан алыстап, үйдөн дайыма эле көчүп кете берип тажагам. Акырында атамды Сауд Арабияга жумушка чакырышты. Үй-бүлөбүз менен ал жакка барсак кыйналчудайбыз. Себеби эркиндикке көнүп калганбыз да. Хиджаб кийүүгө, үйдөн чыкпай отурууга көнүш кыйынга турмак. Кааласак Түркияга кетип калсак болмок, бирок жүрөгүбүз баары бир Кыргызстан дегенде башкача согот. Ошондуктан мекенибизде эле калууну чечтик. Атам болсо барып-келип иштеп жүрөт. Апам Бишкекте жеке ишкердик менен алектенет.

– Көпчүлүк атасынын туулуп-өскөн жерин мекеним дейт эмеспи. Силер тескерисинче экенсиңер?..
– Ооба, бирок мен таза кыргыз эмес экенимди кээде өзүм да унутуп калам. Бирөө жарым сурамайынча эч качан атамдын түрк экенин айтпайм. Кыргызча суудай сүйлөйм. Атам үйгө келгенде гана мен түркчө да сүйлөй алат элем го деп эстеп калам. Мекеним Түркия же Кыргызстан деп бөлгүм келбейт. Эки жакта тең өзүмдү эркин сезем, ыңгайсыздык жаралбайт. Болгону таенемди жанымдан артык көрөм. Ал кишинин жанынан алыстасам жашоом болбой калчудай туюла берет.

– Ата-энеңдин сенин чыгармачылыгыңа болгон көз карашы кандай?
– Экөө тең колдоп турушат. Кайсы шаарга көчүп барбайлы, апам дароо мага музыкалык мектеп издей баштачу. Мени жайгаштырган соң гана башка жумуш менен алектенет.

– Сахнага келгениңе 3 жылга жакындады. Чыгармачылыгыңда ким жардам берип жүрөт?
– Продюсерим Жыргал Шакиров менен 3 жыл мурун Кыргызстанга көчүп келгенде, Кундуз Таштаналиева аттуу ырчы эжекем аркылуу таанышкам. Продюсерим экөөбүздүн ортобузда келишимден сырткары сый-урмат, түшүнүү деген бар.

– Эмне үчүн концерттерге, кечелерге көп катышпайсың?
– Сахнага атырылып чыкпай жатканымдын себеби азырынча жашмын, жарк этип чыгып, кайра жалп өчүп калгым келбейт. Азыр музыкалык окуу жайда билим алып жатам, кошумча Жамиля Муратовадан вокал боюнча сабак алам. Кыргыз сахнасы мен үчүн чек эмес. Ошондуктан ааламга аты чыкчу Каныкей даяр болгондо мыкты чыгармаларды аткара баштайм. Буюрса, дүйнөлүк деңгээлдеги ырчы болууну самап гана эмес, пландап да жүргөн кезим.

– Hadise аттуу түрк ырчысынын «Dum tek tek» деген ырын ырдап жүрөсүң, дагы кайсы тилдерде ырдап гана эмес, сүйлөй да аласың?
– Ооба, Hadise'нин ырларын кичинемен көп ырдайт элем. Сахнага мага эң жаккан ырын аткарып чыктым. Жалпысынан кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде сүйлөй алам. Айтып коюшат эмеспи «Тил билсең, дил билесиң» деп, азырынча 4 гана тил билем, келечекте алардын санын арбытам.

– Кел, маектин нугун жеке жашооңо буралы. Метис кызга ашык болгондор көппү?
– Азыр менин жашоомдун баары музыка, сүйүү-күйүү дегенге убакыт бөлүнбөгөн. Бирок сөз айткандар жетиштүү эле. Учурунда Талгат аттуу жигит менен бир жарым жыл мамиле кургам. Ал менин эски таанышым эле. Аны жактырам деп ойлогом, көрсө, бул көнүп калуу, сыйлоо экен. Талгат менен сүйлөшүп жүрүп өткөөл курактын кыйынчылыктарын да сезбедим. Ушул алган сабагым мага келечекте кандай адам керек экенин түшүнүүгө түрткү болду. Азырынча жигит жандоого шартым жок. Бирок жашоомдун маңызы боло турган инсанды бир көргөндө менин түгөйүм болчу адам экенин түшүнөм деп ойлойм. Ошондо ойлонбой чечим кабыл алам.

– Деги сенин жүрөгүңдү кандай мырза жибите алат?
– Эжем экөөбүз отуруп сырдашып калганыбызда ал дайыма «жан дүйнөсү менен ишим жок, сулуу эмес болсо баары бир тыйын» дей берчү. Менде баары тескерисинче, мырзалар татыктуу тарбиясы, сылык мүнөзү менен оңой эле арбап алса болот. Көпчүлүк кыздардын арзуусуна айланган спорттук дене түзүлүштөгү балдар менин табитимде эмес. Өзүмдү деле супермин деп айталбайм, бирок жан дүйнөм сулуу. Кыскасы, менин мырзамдын ички дүйнөсү Орусиядай чоң жана Кыргызстандын жаратылышындай кооз болушу зарыл. Кошумча мага ашык болгон жигиттердин жок дегенде төрт жылга алдына коюлган максаттары болушу керек. Эркек адамдын кокустан иш кылганын жактырбайм.

– Тилектериң орундалсын!
– Рахмат!

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


Эки улуттун сүйүүсүнөн жаралган Каныкей Акын

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(76)
SUPER.KG видео
09.10.2013. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аябай ичи таза кыз экен,шайыр, ата-энесине таазим!Ийгилик!
SUPER.KG видео
09.10.2013. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
мынча ичинер тар ээ? булго атасы турк болсо дагы эптеп кыргызча суйлогонго аракет жасап атат , ата апа кып кыргыз болуп туруп бир да кыргызча суйлобогондор толтураго еще аларга суктанып да аласынар оо орусча оскон экен деп
SUPER.KG видео
09.10.2013. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Саны коп сапаты жок ырчылар кобойду.Эки ыр жазып ырдаса эле ырчы.
SUPER.KG видео
09.10.2013. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
тарбия коргон, манерасы жакшы кыз экен! ийгилик!
SUPER.KG видео
09.10.2013. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кыялын укмушко андай жигиттерди жомоктон табасын
SUPER.KG видео
09.10.2013. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
тилеген тилегине жетишине тилектешмин.
SUPER.KG видео
09.10.2013. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакты, сонун кыз экен. Сулуулугун айтканы жакты баарынан ))). Тилегине жетсин!
SUPER.KG видео
09.10.2013. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба, ал шайыр, чын дилдүү, ак көңүл кыз экен!
SUPER.KG видео
09.10.2013. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эээй, койсонорчу элдер. Эмне анча жаш кызды кагып алгансынар "таза суйло" деп. Айтып жатат го, шартыг тушундуруп, Орусияда бакчага барса, мектепти окуса, атасы башка улуттун окулу болсо... Дагы апасы мыкты тарбиялаптыр. Кыргызстанда эле торолуп-осуп алып, ата-энеси бирдей кыргыз болуп туруп кыргызча суйломок тугул, тушунбогон анкоолор деле журот го. Бироонун башындагы чопко асылганча озубуздун баштагы тоону тушуролу! Байкуш кыз ичиндеги сырларын, кыялдарын айтып тогулуп жатса...
SUPER.KG видео
09.10.2013. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каныкей, талантына ишенсен, ташкындай бер. Ийгилик!
SUPER.KG видео
09.10.2013. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи кыргызда коралбастык деген башынан эле бар. Каныкей ты супер! Башкаларга конул болбо, алар элди шыбап конуп калышкан.
SUPER.KG видео
09.10.2013. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын журоктон ден-соолук
SUPER.KG видео
10.10.2013. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1-ден Апасына чон рахмат. Кыргыз тилин унуттурбай тарбия бергенине. Азаматсын Москвада чонойсо да кыргызча аракет кылып суйлоп жатат. Бишкекте эле чоноюп мен кыргызча суйлой албайм деген кыргыздарга сабак болсун. Айылдан келип маршруткада чала орусча суйлогон бийкечтерибизди айтпай эле койоюн. Жон эле кулку болушат да. :-)
Анан 360 даража тескери дегени бираз кулкулуу болуп калыптыр. Себеби 360 дегенде кайра эле ошол чекитке келип каласын. 180 даража болушу крк. :-)
SUPER.KG видео
10.10.2013. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Приятный, возбуждающий голосу бар экен :))
SUPER.KG видео
10.10.2013. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алга ишине ийгилик
SUPER.KG видео
10.10.2013. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо,мени мн тең го)) Сулуу,жакшынакай кыз экен..Чыгармачылыгына ийгилик!
SUPER.KG видео
11.10.2013. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм ата-энесинин жаштыгын коргондой айтты го.ийгилик!
SUPER.KG видео
11.10.2013. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча тил билесе ошончо тилде суйлосун. Бул озунун жетишкендиги. Ачык айрым журогу таза кыз экен. Кээ бир кыпкыргыз кыздарга караганда соонун суйлойт экен. Ийгилик!
SUPER.KG видео
11.10.2013. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maga jakkan jok...
SUPER.KG видео
11.10.2013. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы
SUPER.KG видео
11.10.2013. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жакшы
SUPER.KG видео
11.10.2013. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай коро албас адамсынар???
12.10.2013. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайдасын деп ырдап жаткан жеринде Нюшага да окшоп кетет экен.
13.10.2013. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суротун коруп аябай дерзкая кыз экен деп ойлогом, интервьюсун коруп кандай сулуу,акылдуу, с чувством юмора кыз экен деп калдым.Тарбиялаган ата-энесине рахмат,кыргызча суйлогону абдан кубандырды.Чыгармачылыгына ийгилик!
SUPER.KG видео
17.10.2013. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ким бул озу....? Укпаптырмын кыргызстанда ушундай ырчы бар экенин.......
SUPER.KG видео
17.10.2013. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Озу да, созу да татына кыз экен!!!Бали,апакесинин мыкты тарбиясы корунуп турат, азаматсын жээним)))!!!
SUPER.KG видео
26.11.2013. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кто ана первый раз вижу...тиши сапсарыго))
SUPER.KG видео
24.12.2013. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ЫЫ эле бирок маам паап ушу создор ........
SUPER.KG видео
25.12.2013. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызча билбегенин мойнуна алып атат анысы жакшы,буга мен Каныкейди куноолобойм,бизде Кыргызстанда журуп ушул кыздын денгээлинде суй
SUPER.KG видео
27.12.2013. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылдыздуу кыз экен))
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо