ТАГДЫР ОЮНУ-3

№570 04-октябрь-10-октябрь, 2013-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Кечинде баарыбыз кечки тамакка чогулдук. Үн катпай тамак ичип отурган төрт адамды карап туруп биринчи жолу чындыкты моюнга алганга аргасыз болдум. Бир дасторкондо отурганыбыз менен, биз үй-бүлө деген түшүнүккө коошпойт элек. Ар бири өз тагдырын, өз жүгүн көтөрүп, жүрөктү үшүтөрлүк суздук бар эле. «Эч качан эч кимге сырыңды айтпа, жардам сураба» бул – биздин үй-бүлөнүн жазылбаган мыйзамы болчу. Атам тамагын ичип бүтүп туруп баратканда гана Аскат акырын үн катты.
– Ата!
– Эмне болду?
– Кечирип кой, кечээ... мен ушундай кылганга мажбур болдум.
– Сен туура кылдың, уулум, болгону кечээ бере турган машинанын ачкычы сени күтүп калды. Мына, ала кой, ак жолтой болсун!
Чөнтөгүнөн машинанын ачкычын берген атам өз бөлмөсүнө жөнөдү. Аркасынан апам кетти.
Менин сырым дагы бир адамга белгилүү болду. Талгатка Аскат тууралуу аргасыз айтып бергенге мажбур болдум. Анткени аны дагы да үмүткөр кылып ээрчитким келбеди. Карегиндеги нуру өчүп, башын бурган боюнча бир нече күн мен тарапты карабады. Бирок тике карабаганы менен, менин ар бир кыймылымды тиктейт да турат. Жазып жатып да, доскага чыгып жооп берип жатып да анын көздөрүнөн кутула албайм. Акыры танаписте сүйлөшкөнгө бел байладым.
– Сен мени күнөөлөп жүрөсүңбү?
– Жок.
– Эмнеге мени менен сүйлөшкүң келбейт?
– Жөн эле.
Үн катышпай бир топко турдук да, анын жанынан кете турган болуп кадам таштадым. Күтүлбөгөн жерден Талгат колдон алды.
– Данек, ал да сени сүйөт!
Ким деп сурай албай аптыгып туруп калдым. Талгат маңдайыма басып келди да, тактап айтты.
– Аскат сени сүйөт. Бечара өзү да байкабаса керек, бирок ал сени катуу жакшы көрөт.
Ушул нерсени так айтты да, кылчайбай кетип калды. Ошондон кийин мен тынч ала алсамчы. Бетим бир кызарат, кайра бозорот. Бир кубанып, бир коркуп, ошол сөздөн кийин
кандайдыр бир кереметти күтүп жашап жүрдүм. Аскат окууга тапшырганга даярдануу менен алек эле, а мен ар кайсы шылтоолор менен мектептемин. Каникулга тарасак деле эжейдин тапшырмаларын аткарып, үйгө барбастын амалын кылам. Жүрөксүп жүрдүм көрүнөт. Кээде бактың босогодо турганын сезип да батына албаган учурлар болот экен. Бирок бешенебизге жазылган күндөн качып кутула албайт экенсиң. Ошол күн бүгүнкүдөй эсимде. Бакчабыз аңкып, күн чайыттай тийип, аалам жапжашыл болуп турган учур болчу. Китептеримди алып бакчага жөнөй бергенимде Аскат кайдандыр пайда болду. Чамамда аңдып турган окшойт.
– Данек!
– Сен эрте турган окшойсуң бүгүн...
– Сени дагы качып кетпесин деп эрте турдум.
– Эмнеге качат элем?..
Көзүмдү ала качып, ордумдан туруп кеткенге аракет кылганым менен, Аскат жылдыра койбоду. Эки колумдан бек кармап алды, көзүмө тигиле берди. Алым тайып баратканын сезсем да, куру айбат көрсөтө бердим.
– Эмне керек сага?
– Сен керексиң!
Көзүм бакырая тиктеп эле калдым. Эми менин коркконум Аскатка өтүп кетти окшойт, кызарып, көзүн ала качты.
– Ал эмне дегениң?
– Данек, мен... сени... Айтор, сен мага керексиң. Билбейм, качан башталды, качан бүтөт бул. Бирок мен кыйналып бүттүм. Кызганычтан өлө турган болдум. Мен...
Мындан аркы сөзүнүн кереги жок эле, алакандарым менен оозун баса койдум.
– Унчукпа!
– Эмнеге?
Адам бактылуулугунан өлө турган болсо ошол күнү, ошол бакчада Данек жан бермек. Бактымды айтканга, жазганга таптакыр мүмкүн эмес эле. Көзүмдөн тамган жаштар гана менин кыйналган күндөрүмдү кабарлап жаткансыды. Эмнеге ыйладым ошондо? Балким, мен мүмкүн эмес деп ойлогон бактым алдымда турганга ыйлагандырмын. Балким, көп жылдан берки сезимимдин кайрымжысын алганыма кубангандырмын. Айтор, бир топко ыйладым. Ыйлап жаткан мени Аскат токтото албай алек болду. Көптө гана ийинимден тынып улутуна токтодум. Кучагынан чыгарбай кең көкүрөгүнө кысып турган Аскат бир кезде күлүп жиберди.
– Эмнеге күлүп жатасың?
– Биринчи жолу көрүшүм, сүйөм деген сөздөн ыйлап калган адамды.
Мен кайрадан моюнуна асылдым. Не деген күндөр эле ал күндөр? Ушул мүнөттөн баштап биздин ар бир мүнөтүбүз, ар бир секундубуз бири-бирибиз үчүн болчу. Кээде ойлойм,
эгерде экөөбүз бири-бирибизди мынчалык сүйбөсөк чогуу болот белек деп. Айтышат го, «Жараткан катуу сүйүшкөндөрдү эч качан кошпойт» деп. Анда биздин күнөөбүз кайсы эле? Бири-бирибизди сүйгөнүбүз үчүн күнөөлүү белек? Чындыгында, экөөбүздүн мүнөзүбүз бири-бирибизди толуктап тургандан болсо керек. Аскат чарт-чурт деп баратканда мен кошо кыйкырышпай, унчукпай калчумун. Бир аздан кийин эле бүркөлгөн кабагы жазылып келерин билчү элем. Мен тымпыйып таарынып калсам ал ошол замат сезип, көзүмдү карап калчу. Башка кыздарга кандай мамиле жасаарын билбейм, Аскат мага өзгөчө кылдат мамиле жасачу. Бир билгеним, мени менен ал өзү менен өзү боло алчу. Эч кандай бет кап кийбей, жылаңач жан дүйнөсүн мага гана көрсөтө аларын билчүмүн. Аны да мен дал ошондой кабыл алар элем.
– Данек, мен окууга эмдиги жылы тапшырам,- деди бир күнү.
Атам бардыгына кам көрүп, чет өлкөдө окутам деп жатканын билчү элем, муну укса кандай болот деп ойлодум дароо эле.
– Эмнеге?
– Экөөбүз чогуу кетебиз. Бир жыл сени күтөм. Сенсиз эч кайда баргым келбейт. Сенсиз аба жетпей кетет, түшүнөсүңбү?
– Түшүнөм,- дедим ойлуу.
– Мен сенсиз эч кайда кетпейм. Эмдиги жылы сен бүтөсүң, экөөбүз чогуу кетебиз.
– Атам баары бир макул болбойт.
Билгендей эле айтыптырмын, атам муну укканда секирип кетти. Мындай бороон болорун билген элем, бирок мен күткөндөн да ашып кетти.
– Эмнеге дагы бир жылдан кийин тапшырасың?- деди ал кыйкыра.
– Бир жыл эс алгым келет.
– Ал эмне дегениң? Бир жыл көчө таптап жүрөсүңбү? Деги акыл-эсиң ордуңдабы?
– Бир жылдан кийин тапшырсам деле жетишем,- деди өжөрлөнгөн Аскат.
Бул күн биздин жашообуздагы чоң бурулуштун алды болчу. Атам эч нерсе түшүнгүсү келбеди, Аскат түшүндүрүп отурбады. Экөөнүн ортосундагы биринчи пикир келишпестик,биринчи көңүл калуу эле. Кыжылдашып жатып Аскат эшикти тарс жаап чыгып кетти. Аркасынан чыгайын деп турсам атам катуу унчукту.
– Тим кой, башында шамал ойноп канчага чейин жүрөт эле? Катуу эркелеп кетиптир, оюна койсо... Мен көрсөтөм буга окууга барбай коюш эмне экенин.
Аргасыз отуруп калдым. Аскат мени чыксын дедиби, үстөккө-босток машинанын сигналын басып-басып алды. Көзүмдү жалдыратып турган менен атамдын каарынан коркуп бир карыш жыла албадым. Аскат таарынып калдыбы, дарбазаны ачып, машинасын катуу айдап кетти. Ошол түнү бир нерсени сезгендей таптакыр уктай албай толгоно бердим. Кыйналып жатып уктап калган экем, коркунучтуу түш көрүп жатыптырмын. Чочуп туруп саатты карасам, түнкү 3 болуптур. Аскаттын бөлмөсүнө кирсем келе элек. Телефону өчүрүлүптүр. Жайдын күнү болсо да калтырап чыктым. Бүрүшүп келип төшөгүмө жаттым. Эртең менен кыйкырык-чуудан ойгондум. Атам телефондон кыйкырып жаткан экен, апам үрпөйүп алган.
– Эмне болду?
– Аскат...
– Аскатка эмне болуптур?
– Эмне болмок эле, адам өлтүрүптүр! Билгем, бир күнү ушундай болорун...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Башка сандарда:
ТАГДЫР ОЮНУ 451-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 452-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 453-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 454-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 455-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 456-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 457-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 458-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 459-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 460-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 461-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 462-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 463-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 464-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 465-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 466-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 467-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 468-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 469-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 470-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 471-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 472-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 473-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 474-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 475-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 476-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 477-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 478-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 479-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 480-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 481-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 482-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 483-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 484-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 485-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 486-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 487-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 488-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 489-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (жаңы сериал) 508-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (сандан санга) 509-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 510-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 511-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 512-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 513-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (сандан санга) 514-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 515-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 516-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 517-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 518-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 519-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 520-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 521-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 522-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 523-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 524-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 525-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 526-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 527-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 528-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 529-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 530-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 (жаңы сериал) 557-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 558-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 559-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 560-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 561-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 562-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 563-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 564-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 565-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 566-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 567-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 568-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 569-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 571-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 572-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 573-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 574-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 575-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 576-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 577-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 578-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 579-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 580-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 581-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 582-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 583-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 584-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 585-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 586-сан
Комментарийлер(36)
07.10.2013. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тагдырдын кайталанышы мына сага!!!
07.10.2013. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
(((((( окууп буткончо журок оору болуп каламго. Кооптон эле жазыныздарчы.)))
07.10.2013. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх чиркин
07.10.2013. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аскат эми окууга тапшырбай камалып кетчуудойго!
07.10.2013. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иий эми эме болот..
07.10.2013. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иий эми эмне болот дагы бир неделя.
07.10.2013. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыгы эми башталды окшойт! Эх! суйуу адамды эмне гана кылбайт!
07.10.2013. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башкы болугун кайсыл жактан окусам болот айтып койгулачы?
07.10.2013. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Balkon2013,
Саламатсызбы!
Жогоруда статьянын астында башка бөлүктөрү көрсөтүлүп турат.
07.10.2013. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына сага.........кызык эми эмне болоор экен................
07.10.2013. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ааай эми эмне болот? Китеби чыкканбы?
07.10.2013. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми кандай болот суйуу экоон кыйнадыго чиркин
07.10.2013. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каармандарыбыздын тагдыры-наследственный болуп кетти го
07.10.2013. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул чыгарманын негизинде жакшы бир сериал тартышса болмок,кыргыз киносуна жанылык киргизип....
07.10.2013. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
:(( Эми эмне болоооот?:( Байкуш Айданек((
07.10.2013. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Свет очкондой эле болуп калды го...
07.10.2013. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына сага)))
07.10.2013. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Okugancha wawyp kirem, bat ele tugonup kalat. Tagdyr oiunu boldu okwoit Askatka. Okunuchtuu.
07.10.2013. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир жума качан отот кудайым ай
07.10.2013. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин оюмча машина менен бироону сузуп алды окшойт Аскат,бул жеке оюм
07.10.2013. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооо...кудай! Аман эсен болсо экен...
07.10.2013. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апеей Эми эмне болот экен ээ?
07.10.2013. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уфф жаман зеригип кетим бир жума качан отот ?!
07.10.2013. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aaaiiiiiii............ ayabai kyzyktuu jerinen butup kalyptyr go chirkin...... chydamsyzdyk menen ayagyn kutobuz......
08.10.2013. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
`Супер` айтыныздарчы бул чыгарманын китеби чыкканбы? Же чыга элекпи? Эгер чыга элек болсо качан чыгат?
08.10.2013. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mynaaaa kyzyk dep uwunu ait! Ozuncho ele wedevr ei. Avtorgo rahmat, uwundai sonun chygarmany bizge sunuwtagan.
08.10.2013. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии жаман эле болбодубу кырсык каш кабактын ортосунда деп бекер айтышпаган экен да.))))
08.10.2013. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oa emi emne bolot eken...dostor turmuw bir kalypta emes eken jakwylyk m.n jamandyk birdei boloorun jakwy bilebiz andyktan sabyr m.n kutup turalyk e.e bul jagyn...
08.10.2013. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айданек синдисин унутуп койду го
09.10.2013. 07:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айданек чыкканда балким ушул балакет жок эле...
09.10.2013. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйушкондорду бир бирине кошпойт дейтго .
09.10.2013. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болду.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо