МИЛЛИАРД КОРОТУП, МИЛЛИОН ТАПКАН КЛУБ.«ЧЕЛСИ»

№570 04-октябрь-10-октябрь, 2013-ж

«Челси» футболдук клубу Лондон шаарынын символу, миллиондордун сүйүктүү клубу. Орусиялык олигарх Роман Абрамович ээлик кыла баштагандан тарта элиталык клуб катары жаңы тарыхын баштап, акыркы 2 жыл ичинде Европадагы 2 ири мелдешти утту. Ушундан баштап анын күйөрмандарынын саны артып, футбол дүйнөсү көк түскө боёлгон чак.

Өлкөсү – Англия
Каймана аты – «Көктөр», «Картаңдар»
Негизделген жылы – 1905-жыл, 10-март
Президенти – Брюс Бак
Расмий сайты – www.chelseafc.com

ИЙГИЛИК 50 ЖЫЛ КҮТТҮРГӨН
«Челси» клуб болуп түзүлгөн күндөн тарта 50 жыл аралыгында эч бир жетишкендикке жеткен эмес. Жарым кылымдагы ири ийгилиги Англиянын Кубогунда 2-орунду ээлегени болгон. Бул ийгиликсиздикти Тед Дрейк аттуу машыктыруучу токтотуп, 1955-жылы Англиянын чемпиондугун уткан. Клуб тарыхында акчага байланыштуу көп кыйынчылыктарды басып, 80-жылдары экинчи дивизионго түшүп кеткен. 90-жылдары кайрадан Жогорку Лигага кайтып келип, Англия Премьер Лигасынын баштапкы командаларынын бири катары тарыхка кирген.

20 МҮНӨТТӨ КОЖОЮНУ АЛМАШКАН
2003-жылы орусиялык олигарх Роман Абрамович клубду 97 миллион долларга сатып алган. Эмнеге «Челси»? Анткени ошого чейинки 10 жылдыкта Кубоктун көбүн «Арсенал» менен «Манчестер Юнайтед» бөлүп келген. Аны атаандаштык түзүүнү каалаган дешет. Бир чети «Челси» Англия Премьер Лигасында 4-орунду ээлеп, УЕФАнын ЧЛсына чыкканына карабай, чечиле элек каржы маселеси бар болчу. Ушул жагдайларды эске алган калың чөнтөктүү Роман Аркадьевич клубду сатып алуу үчүн 20 мүнөт ойлонуп отуруп, чечим чыгарган.

АБРАМОВИЧ БЕРИП ЖАТАТ, АЛА ЭЛЕК
Биринчи сезонунда Абрамович 10-15 футболчу сатып алууга эле 195 миллион доллар короткон. Бирок анда акчанын күчү чемпиондукту алып келе алган эмес. Эми гана акча жалбырактай төгүлгөн жерге Кубоктор акырындык менен келип жатат.
Орусиялык олигарх болсо «Челсини» миллиондор менен камсыздоону, карыздардан куткарууну, трансферге чоң акча жүгүртүүнү улантууда. Клубдун жетекчилери клубдук футболдо акча маанилүү экенине токтолот. «Биз жеңсек, акча өзү келет. Ал акчага футболчу сатып алабыз»,-дейт клубдун директору Рон Гурлэй. Гурлэй кийинки жылдары Абрамовичке болгон көз карандылыкты азайтууну ойлонууда. Ал үчүн, биринчиден, футболдук академиясы күчтүү жаштарды тарбиялап чыгыш керек. Трансферге кеткен акча Абрамовичтин эсебинде калат. Экинчиден, клуб учурда демөөрчү менен иштөөнү пландоодо. Анда демөөрчү «Челсинин» стадиону «Стэмфорд Бриджге» өз компаниясынын атын берет да, келишимдик негизде клубга жылына 35 миллион долларга жакын төлөп турмак болот. Клубдагы көрүнүктүү пайдасын олигарх 2012-жылы көргөн.
Билет сатуудан, телевизиондук түз алып берүүлөрдөн клубдун жылдык пайдасы 40 миллион долларга жеткен. Эгерде клуб былтыр УЕФАнын ЧЛсында тайпадан чыгып кетсе, анда жылдык пайданын суммасы 60-70 миллион долларга өсмөк. Ошол 10 жыл ичинде Абрамович өз клубуна 2 миллиард доллардан ашык короткон. Учурда «Челсиге» сезон сайын кожоюну тарабынан 110 миллион доллар бөлүнүп турат.

«ЧЕЛСИ» ШЕВЧЕНКО МЕНЕН КРЕСПО ҮЧҮН ЭМЕС
Кезинде клубда Рууд Гуллит, Жанфранко Зола, Роберто Ди Маттео сыяктуу мыкты футболчулар ойногон. Башка клубда мыкты ойноп, лондондук клубга өтө кымбат баада келгенине карабай, өз оюндарын көргөзө албай калган атактуулар да бар. Мисалы, аргентиналык Эрнан Креспо (27 миллион доллар), украиналык Андрей Шевченко (48 миллион), испаниялык Фернандо Торрес (80 миллион) бул клубдун каршы чабуул менен ойногон ыкмасын өздөштүрүүдөн кыйналып, карьераларында секирик жасай алышкан жок.
Эскерте кетсек, бул 3 футболчу тең Лондонго келгенге чейин голдорду мөндүрдөй төгүп келишкен. Клубдун акыркы 10 жылдагы символдору катары лондондук «Вест Хэмдин» тарбиялануучулары Жон Терри, Фрэнк Лэмпард, африкалык чабуулчу Дидье Дрогба, чехиялык Пётр Чех белгилүү.

КЛУБДУН ФОРМАСЫ МЕНЕН ЭҢ КӨП ОЮНГА ЧЫККАН 5 ФУТБОЛЧУ

11 ЖЫЛДА 9 МАШЫКТЫРУУЧУ АЛМАШТЫ
Абрамовичтин «Челсисине» биринчи чемпиондукту португалиялык Жозе Моуринье тартуулаган. 50 жыл күттүргөн Англия Премьер Лигасынын чемпиондугу 2005-жылы келген. 2007-жылы машыктыруучу менен кожоюн урушуп кеткен. Көпчүлүк билгендей, Абрамович чабуулга ыктаган футболду баалайт. Моуринье болсо «Гол киргизип, коргонууда жата бер» деген философияны орноткон. Моуриньени кошкондо «көктөр» 10 жыл ичинде 9 башкы машыктыруучу алмаштырды. Келишими мөөнөтүнөн мурда бузулган машыктыруучуларга жөлөкпулдун суммасы 10 жылда 60 миллион фунттан ашкан. Көптөгөн адистердин баамында, «Челсинин» ийгиликке жолунун айкын ачылбай жатканы, кожоюнунун ички саясатка өтө аралаша бергени менен байланыштуу.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(6)
08.10.2013. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
абрамович моурнього ишенген учун кайра чакырды, бирок азр моуриньо жакшы алып б
арбайтат челсини, уефада наполиден женилдиго,
09.10.2013. 06:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Nazario777, kachan jenildi? 2011-12 -jyly 3-1 ge jenilip jooptu oyundo 4-1 ge utkan
08.10.2013. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы Челсидеги оюнчуулар жакшы эмес Торрес,Это,Виллиан жакшы оюн корсотпо атышат
09.10.2013. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mourinyo kuchtuu trener. Kaisy komondany mawyktyrbasyn iygilike jetkiret.
09.10.2013. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maur birinchiden atakada oynogon mikti oyunchularin arendaga berip salsa anna kiyratip biroonu uta alabi. Torres, Eto Chelseadey komandanin sitemasina jarabaarin belgiluu. andan koro arendaga berilgen oyunchusun albay bi Lukaku oshol oyunchu Drogbaday bolgon ozgocholuktorun baari bar boy desen boy, golgo jakin. Penaltiden gol ata albadi dep arendaga berip salgan bolo bu .
12.10.2013. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жозе акыркы мезгилдеги Челсинин абалын ондой алат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо