№570 04-октябрь-10-октябрь, 2013-ж
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун карыяларынын бир топ өкүлдөрү бийликке сунуш менен чыгышты. Алар Кыргызстанда 1-октябрь күнүн расмий майрам катары белгилеп, өлкө аймагында дем алуу күнү катары кабыл алуу сунушун жолдошту. Бул тууралуу ардагер карыя Курулуш Жолдошев билдирди. Анын айтымында, карыялар – коомдун эң аялуу, ошол эле учурда урмат-сыйга татыктуу катмары. Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда он миңге чукул карыя жашайт. Алардын ичинен 38и Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери.
Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |