Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«БИР БУТУМ МЕНЕН АРКЫ ДҮЙНӨДӨМҮН»

№571 11-октябрь-17-октябрь, 2013-ж

«Чарасыздыгымдан эмне кыларымды билбей, сиздерге кайрылдым. Бир аз убакыт мурун ушундай ишке туш келесиң десе эч ишенбейт элем. Кечээки бактылуу үй-бүлө бүгүн ажырашып тындык» деген Жыпара аттуу айым (белгилүү себептерден улам аты-жөнү өзгөртүлдү) арманын айтып отурду.

«КӨР ТИРИЛИКТИ БҮТҮРҮП АЛАЛЫ, АНАН БАКТЫЛУУ ЖАШАЙБЫЗ»
«Көр тириликти бүтүрүп алалы, анан бактылуу жашайбыз». Бул сөздү жолдошумдан көп укчумун. Студент кезден Кубан экөөбүздүн сүйүүбүз аңыз болуп жүрүп баш кошкон элек. Анын аракетчилдиги, амбициясы жагар эле. Мындай жигитти ким жактырбасын, бирок...
Экөөбүз үйлөнгөндө көпчүлүк эле жаштардай жашоону жаңыдан, нөлдөн баштадык. Бул жактагы жумушу көңүлүнө туура келбей, акчасы да аз болуп, Орусияга иштегени кетти. Мен кайним, кайын сиңдим менен Бишкекте калдым, боюмда бар. Күндөр өтүп жатты, алгач анча билинбеген менен, бара-бара жалгыздыктан кыйналып жүрдүм. Ай-күнүмө жетип? уулдуу да болдук. Кубандын иши жакшы жүрүшүп, жаңы конуштардын биринен жер тилкесин алып, кайнимдердин көмөгү менен Кубан каалагандай үй салып алдык. Көз ачып жумганча арадан 5 жыл өтүп кетти.
Аялы менен күйөөсү алыс болсо чоочун адамдардай болуп калышат экен. Келип-кеткенде деле Кубандын мурункудай мамилесин байкай албай кыжаалат болом. «Жашообуз орточо болуп калды, кетпей эле кой» десем такыр укпады. Келгенде деле мурункудай ачылып сүйлөшпөй, кээде көңүлүмдү оорутуп коюп жүрдү.
– Кубан!
– Эмне?- дейт корс эте.
– Турмушубуз жетиштүү, мен деле иштеп жатам. Сен эми кетпей эле койчу. Амирдин, менин жанымда болгонуң эле жакшы. Жашообузду бул жактан деле оңдоп алабыз. 
– Жок, дагы бир аз иштеп келейин.
– Балаң атасы туруп башкаларды аталачу болду.
– Чыдагыла...
Ушул сөз көңүлүмө октой тийди. Ачууга алдырып кыйкырып кирдим.
– Аялыңды тирүүлөй жесир, балаңды жетим кылып тапкан оокатыңдын кимге кереги бар?! Жетишет!
– Энеңди...
Ушинтип жашыма муунуп ыйлап жаткан мени Кубан жатыркай тиктеп алды да, терс бурулуп жаздык менен башын чүмкөп жатып алды. Аял үчүн мындан өткөн кордук жок экен, аялы болуп туруп күйөөңө тилиң өтпөгөнү, жаркылдап жанында жүрө албаганың...
Жолдошумдун көз көрүнөө алыстап баратканын жүрөгүм сезсе да, колумдан келе турган чарам жок. Дартымды эч кимге айта албайм. Эненин жүрөгү сезгич эмеспи, апам гана байкап «Аял төөдөйдү төшүнө, аттайды алдына басып анан аял болот. Келет, бышактабай жөн жүр» деп кайрат айтымыш болот.

АТЫ ЖАМАН ООРУ
– Он жыл менин күлгүн жаштыгым күтүү менен өттү. Кубан Орусиядан биротоло келип, уулум экөөбүз эми жаңы турмушту баштайбыз деп ойлоп жүрдүк. Ал бутуна туруп, каалагандай там салып, каалаган машинасын минип өзүнө ыраазы эле. Бактыбызга бакыт кошулуп, менин боюмда бар экени билинди. Кезектеги текшерүүдөн өтүп жатып каргашалуу кабарды уктум. Колума дарыгерлер СПИД жуктуруп алганым тууралуу кагазды карматышты. Колумдагы кагазды тиктеп туруп башымды чайкай бердим. Алдымда отурган врач жаш толгон каректеримден көзүн ала качты.
– Жок, эже, мындай болушу мүмкүн эмес!
– Кааласаң, дагы кайталап текшерели.
– Ооба, ооба, кайра текшериңиз, бул мүмкүн эмес!
Күзгү жалбырактай калтырап турдум. Оюма эч нерсе келбеди. Экинчи текшерүүнү жүрөгүм дүкүлдөй күтүп жаттым. Бирок кайра ошол эле жыйынтык чыкты. Врач мени аялуу тиктеп турду да, акырын үн катты.
– Сиңдим, жаш экенсиң. Эгерде иммунитетиң жакшы болсо, өзүңдү жакшы карасаң... 
– Жок! Мен өлөм, жашабайм!- дедим көзүм жашка толуп, шыбырап.
– Күйөөң барбы?
– Бар.
– Ал да текшерилиши кажет.
Башымды жай көтөрүп врачты тиктедим. Ошондо гана бул сөздүн мааниси мээме жетти. Кубан! Бул ооруну мага Кубан жуктурганын ошондо билдим. Ичимден бир нерсе үзүлүп кеткендей болду. Үйгө барып кагазды бетине ыргыттым.
– Мына, кара эмне кылдың?!
Ал көз жүгүртүп алды да, өңү бозоруп кетти. Жан талаша башын чайкап жиберди.
– Жаныңды жебе. Кудай турат асманда, 10 жыл бою сени гана күтүп жашагам. Өмүрүмдө сенден башка эркек аттууга көзүмдү көтөрүп караган эмесмин. Түнү менен телефонуң менен алышып сүйлөшүп чыкканыңды билбейт дейсиңби?! Тиги жактагы  аялдарыңды билбейт дейсиңби?! Эгерде көз жумсам, алсыздыгымдан эмес, уулум үчүн, куттуу очогум үчүн көз жумдум. Акыры кыларың ушул беле?..
Кубан актанайын деп оозун ачып баратып, кайра башын мыкчып отуруп калды. Кыйкырып-өкүрүп, ыйлап да жаттым, сүйлөп да жаттым. Үйдөгү баалуу буюмдардын баарын талкалап кирдим.
– Ушулар мага керек беле? Эл катары эле жашоо керек эмес беле мага?.. Эми булардан эмне пайда? Жек көрөм сени!
Ал мени токтоткон жок. Өмүрүмдө ушунчалык көз жаш төкпөсөм керек. Эртеси Кубан да текшерилип, ага дагы ошол диагноз коюлду. Мен боюмдан алдырдым. Мындан ары
экөөбүздүн жашообуз болмок эмес, жакында расмий түрдө ажыраштык.
Дарыгерлердин айтымында, эгерде жакшылап өзүңдү карасаң бир топ жыл жашайт экенсиң. Бирок баары бир өмүрүң кылдын учунда тургандай, бир бутуң бул дүйнөдө, бир бутуң тиги дүйнөдө. Мени өмүргө байлаган бир гана уулум. Бирөөгө акыл үйрөтүш жеңил, мен эч кимге ушул жорук сабак болсун деп айтпайм. Мындай тагдырды, мындай кайгыны душманыма да каалабайм...

Жыпара
Нуржамал Жийдебаева
osh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(55)
15.10.2013. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушунчалык аянычтуу... Боорум ооруп кетти.
15.10.2013. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сабыр кылыныз
15.10.2013. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жашоо кайда алып баратат окунучтуу ото. Эжеке сизге аллахым шыпаасын берсин.
15.10.2013. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аркимгеда жараткан ыйман берсин!
Сабыр кылын Амирдин омурун берсин.
Куйоонузда бир адашкандыр,"инсан" денег соз озу "адашуучу" дегенди билдирет.
Аллах омур берсин!
15.10.2013. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улуунуз учун жашаныз, кудайга сыйынып, намаз окуп жакшы болуп кетейин деп тилениз
16.10.2013. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окуя абдан журокту эзет экен. Сизге чын ниетимден ден-соолук каалайм. Эн негизгиси, бул нерсени оюнузга албаныз. Жашоону унутпаныз.
16.10.2013. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээээйй!Эже эгер чындап эле сизде күнөө жок болсо, башка эркектер менен болбосоңуз анда, прямой путевка (без стыковых матчей) бейишке барасыз. Анткени сиздин өмүрүңүздү толук жашаганга мүмкүндүгүздү башка адам тараптан токтотулуп жатат (Алла же сиз тараптан эмес). Көр тирликти жеңип бактылуу турмушка аттаныпсыз. Кичине тамашалардан да кошуп койдум эле көңүлүңүз
16.10.2013. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
көтөрүлсүн деп, кайгырып кереги жок уже баары кеч. Каттуу тийсе кечирим сурайм. Терең урматым менен мен Алибек Кубанычбеков
16.10.2013. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн жаман мындай кабар
16.10.2013. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

ejege sabyr kylynyz, allahdan suranynyz sebebi baardyk nerse anyn kolunda. kaalasa jokton bar kylat, kaalasa bardan jok kyllat.
kyzdar mynday baldardan etiyat bolgula.
16.10.2013. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ex chirkin jaman iw boluptur,ALLAXYM baarybyzga yiman ynsap bersinchi,jana chyn densooluk,a sizdege eje aiygyp ketinizder demekchimin!
16.10.2013. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
А мен чын,болгон окуя экенине ишенген жокмун...
20.10.2013. 04:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Anisaydan, Ишенбесениз да турмушта болгон окуялар булар!
17.10.2013. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм да эми бир гана кудайдын колунда ден соолугунуз уулунуз учун жашайсыз да аракет кана керек
17.10.2013. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боорум ооруп кетти эжеге. Келгиле баарыбыз эжеге кун сайын дуба кылалы. Кудай мээримдуу, жарык нурун эжеге чачып, эже айыгып кетсин! Мен кун сайын дуба кылып турам!
18.10.2013. 08:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сизге сабырдуулук каалайм. Уулунуз учун жашоо менен курошконду токтотпонуз. Омур бою сизди куттуруп коюп тапкан байлыгы Спид бекен, акылсыз куйонуз бар экен.
18.10.2013. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунорго сак болгула да же сурагыла да эркектер
18.10.2013. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баштапкы стадиясы ВИЧ-вирусун алып жүрүүчү, дарыларды өз убагында ичип,жакшылап өзүн карап жүрсө, оору коркунуч туудурбайт.Психологдун кеңеши сөзсүз керек.Кейибеңиз, баары жакшы болот.
19.10.2013. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кундор да Отот.сыноого чыдагандан башка айла жок... Айыгып кетиниз...
20.10.2013. 04:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба жашоодо баардык нерсе болот. ойдо-ылдый.ачуу-таттуу дегендей.АЛЛАХ жашоону сиз озунуз учун жашасын буюрат. Ар инсан алынына жазылганды жашайт андыктан сиз капаланбаныз.Сиз АЛЛАХА дуба кылыныз. "АЛЛАХ" деген кулуну эч качан ач жана ачык калтырбайт. АЛЛАХЫМ сиздин дартынызга дабаа берсин.(амин)
20.10.2013. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

Ото окунучтуу окуя экен. Чынын айтсам эмне деримди да билбей калдым. Эже коп жашаныз.
20.10.2013. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым баарыбызды айыккыс дарттан сактасын.
20.10.2013. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайым сизге узун омур берсин!
21.10.2013. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам Эже сиздин баянынызды окуп аябай боорум ооруду бул турмушта ар нерсе болот бирок мындай нерсени оз душманыбызга да тилебейсин ....... аттин .....жаман нерсе ото жаман...... 1 гана Жараткандан тилейбиз Алла Таала шыпаасын берсин сиз учун дуба кылайлы Кудайдын кудурети менен жакшы болуп сакайып кетишинизге ото тилектешмин Сабырдуу болунуз!
22.10.2013. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу эки аял алган эркектерди тушуно албайм кудай сактасын эки аялды жетишерлик кылып баккан менен экообунотен бир убакта мээрим того албайт да бир убакта экообун эркелете албайтда а аял затына мээрим керек бакыт керек бактылуу кылсанар аял заты баарына жокчулука да чыдайт
31.10.2013. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах жазасын берсин андай эркектерге.
10.11.2013. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Eei Astagfirullo zamanybyz ne bolup kaldy. karagylachu kandai kana okunuchtuu okuya. ortodo bul duinogo kele turgan naristenin omuru kyiyldy bir bala oorukchan ataenesi menen kaldy erkekter 5 minuttuk kumar uchun butkul jawoonordu tuman kylasynar da
15.11.2013. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуу... Уулунуз учун жашаныз! Бул окуя башка эркектерге да сабак болсо экен...
15.11.2013. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошон учун мусулман болгондон кийин дин менен жашаш керек,динден кабары болсо мындай иштерге бармак эмес жолдошунуз.Сабырдуу болунуз,Аллаадан шыпаа тилениз.
21.12.2013. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кара- балтада бейшевек деген айылда.турк аял бар экен ракты айыктырыптыр.балким бул оорунуда айыктырат кайрылып корунуз.
07.03.2014. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турмушта эмнелер гана болбойт эх
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо