Данияр Эрматов:«МАГА АРБАЛЫП ЫЙЛАГАН КЫЗДАР КӨП»

№571 11-октябрь-17-октябрь, 2013-ж

«Жүрөгүм, жүрөгүм, ооруп калды жүрөгүм» деп жүрөк оорусуна даба издеген ырчы Данияр Эрматовго кызыккан кыздар көп. Сыртынан уялчаак, тартынчаак көрүнгөн ырчы баарлаша келгенде аябай тамашакөй, тарс-тарс сүйлөп, тартынбаган жигит экени билинди.

Туулган жери – Ош облусу, Өзгөн району, Куршаб айылы
Туулган жылы, күнү – 1989-жыл, 1-февраль
Бою – 175 см
Салмагы – 66 кг
Кумири – Атасы
Учурда – Оштогу Кыргыз-Кытай гуманитардык-экономикалык институтунун бажы бөлүмүндө окуйт
Репертуарындагы ырлары – «Жүрөгүм», «Жалгызым», «Токто, жаным» жана башка
Учурда – Бойдок, жүрөгү бош

– Кандайсың, Данияр? Акыркы кезде тасмаларга продюсер болуп жүрөсүң. Демек, ырчылыкта да өзүң жалгыз иштей алчудай, иштин көзүн билип калыпсың да?
– Жакшы, рахмат. Жо-ок, мен жаңы чыгып келатканда жалгыз бир жылдай иштеп көрдүм. Кийин ырчыга продюсер абадай керек экенин түшүнүп, Канат Кадыржанга келбедимби. Ал эми тасмага продюсер болуу такыр башка нерсе. Ал жерде мен ашыкча жумуш аткарбайм, каражат жагын камсыздайбыз, болду. Ошондуктан азыр продюсерсиз эмгектенүүгө эч кандай каалоом да, мүмкүнчүлүгүм да жок.

– «Салам, Бишкек!» тасмасында роль жаратканга жетиштиң. Тасма талаасы менен сахнанын айырмасы кандай экен?
– Тасмада каталарыңды оңдоп кетүүгө мүмкүнчүлүк бар, сахнада болсо мүмкүнчүлүк бир гана жолу берилет. Ошондуктан актёр болуу кыйла жеңил деп ойлойм. Бирок ырчылардан жакшы актёрлор чыгууда.

– Сахнада жүргөн үч жылдан бери сен үчүн эмне өзгөрдү?
– Ырчылыктын артынан көп жерлерди көрүп, өзүм үчүн жаңы ачылыштарды жасадым. Ошондон улам болсо керек, жашоого көз карашым өзгөрдү. Бирок башым асманга жеткен учурда да жөнөкөйлүгүмдөн жазбайм.

– Чет элдин ырчылары бир гана ырдоо менен чектелбей, бийди да мыкты өздөштүрүшкөн. Ушул сыяктуу артыкчылык алып келейин деген ой барбы?
– Той-топурларда анча-мынча кыймылдап коймоюм бар, бирок сахнага чыгып элдин оозун ачырып бийлей албайм. Артыкчылыкты башка тараптан тартуулаганга тырышайынчы.

– Сен тууралуу «Нурмат Садыровдун «Жүрөгүм» аттуу ырынын клибиндеги кызга ашык болуп, арбалып жүрөт» дегенди кулагым чалды эле...
– Аны көрүп калам, татынакай, жылдыздуу кыз. Бирок ашыктык сезимдерим жок, чынында.

– Кыз тандоодогу табитиңди ырчылык өзгөртпөй элеби?
– Ырчылык таасирин тийгизиши мүмкүн, мисалы, чыгармачылыкты түшүнгөн кыздарды издейм дегендей. А бирок адамдагы асыл сапат деп жөнөкөйлүктү билем. Сулуу эмес, жылдыздуу кыздар жүрөгүмө жакын.

– Мамилеге туруктуусуңбу? Аябай эсте калган сүйүү романың кайсы болгон?
– Буга чейин канчалаган гана сүйүү романдарын баштан кечирбедим. Бирок өткөн жашоомдон бир кызды дайыма жүрөгүмдө сактап келем. Ал Аязгүл деген классташым. 5-класста окуп жүргөндө ушунчалык сүйгөм аны. Балалык таза сезимдер баары бир түбөлүккө эсте калат экен. Ал азыр үй-бүлөлүү, айылда турушат. Жолдошунун сүйүктүү жары дегендей.

– Кыздардын көңүлүн буруудагы эң негизги «фишкаң» кайсы?
– Өзүмдүн атайын колдонгон «фишкам» деле жок. Кыздардын айтымында, күлкүм жагымдуу имиш, анан көздөрүм (күлүп). Эми кыздар айткан соң ошондой эле чыгар.

– А кемчилигиңчи?
– Ак көңүлдүгүм, жайдарылыгым. Кыздар кулагы менен сүйөт деп коюшат эмеспи, жаман оюм жок, жакшы сөздөрдү кулагына куюп калам. Аны кыздар жүрөгүнө жакын кабыл алып, кийин мага арбалып ыйлап калышат. Бирок кыздарды сүйдүрүү максатында эмес, жакшы комплимент катары айтам.

– Кемчиликтериңди мойнуңа алганың жакшы экен. Сенин ушундай адам болууңа, аз да болсо бийиктиктерди багындырууңа негизги себепкер ким?
– Ата-энем өмүр бою бизди адал тамак табууга, маңдай тер менен эмгек кылууга үйрөткөн кишилер. Атам Бурканбек, апам Тамара экөө тең азыр айылда. Борборго тез-тез келип турушат. Бир туугандар баарыбыз ушул жактабыз да. Эгерде ата-энемдин мага болгон ишеничи, берген татыктуу тарбиясы болбосо, менин бул дүйнөдө басып жүргөнүм бир тыйын болот эле.

– Сыртыңдан эрке бала көрүнөсүң, айылга барганда жумуш жасабай, ата-энеңе эркелесең керек?
– Эркелигим бир далай, бирок үйдөгүлөргө дайыма каралашам. Каадаланып шаардыкмын деп ак кол болгудай шаарда өскөн эмесмин. Айылда эле, кара жумушту катыра жасап чоңойгон баламын. Эркелигимди апама гана көрсөтөм, ал мени «данегим» деп койсо тимеле болбой, эркелигим ашып-ташып кетет (күлүп).

«ЖАШООМДО КАЛПЫЧЫЛАРГА КӨП КЕЗИГЕМ»

– Жашоо эмне?
– Түгөнбөс сыноо.

– Жашооңдо көбүнчө кандай адамдарга кезиктиң?
– Калпычыларга.

– Балалыгыңдан эмнеге умтулгансың?
– Дүйнөлүк деңгээлдеги спортчу болууга, ырчылыкка.

– Сени өкүндүргөн нерсе?
– Карылар үйүндөгү карыялардын көбөйүшү.

– Эркиндик сен үчүн?
– Эч нерсеге байланбоо, демек, азыр адамдардын бири да эркин эмес.

Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр Данияр Эрматовдунөздүк архивинен алынды)
star@super.kg


"Апам мени "данегим" деп эркелетет" дейт Данияр Эрматов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(66)
14.10.2013. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maktanywpait alar jonoki......!
14.10.2013. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакпады. Кайсы кыздар ыйлап жатыптыр ушул учун? Башка ырчыларга ыйлады десе ишенэт элем, бул ырчыга деле окшобойт гоо. Мактанган эркектерге тегеле жарашпайт да!
15.10.2013. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
куйдургу куйуп кетем да
SUPER.KG видео
15.10.2013. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сонун маек болуптур чыгармачылык ийгилик журналистка кызда аябай татынакай экен
15.10.2013. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми сен да жок болсон керек ырчылар аябай кобойду байчечекей сынары,мактантып эле койсо силерди, баарын эл таразалайт талантын болсо эл оозунда каласын болбосо жок болосун убакыт корсотот убакыт иним
16.10.2013. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
talas-1985, каяктагы "байчечекейди" айтып атасын? Азыр кыргызстанда ырчыдан коп неме жок. Байчечекей эмес каратаан кара каргадай болуп каптап кетти. Саны барда,сапаты жок. Эптеп бир ыр ды ырдап койуп "звезда"оорусу кармап калат экен. Уну жок,сапаты жок ырчылардын ырын укканда уялам. Уят болуп ырчы болбой,андан коро айылында картошка сээп ,кара жумуш жасаса ошол ата энесине чоон жардам болот эле деп ойлойм!!!!! ! !!!!!!!! !!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!?!?
15.10.2013. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кайдагы ырчы? Бир ырдап койсо эле ырчы болуп калабы? Сага кайсыл кыз ыйлайт болду экен??...ахаха,
уялбай мактана бересинер жон эле. Бир дагы достойный ырчыны билбейт экенмин азыр. Баары эле болбогон эле ырчылар.
15.06.2014. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bellator, тааныбасан эмне кирип окудун, попуярный болгон учун кызыгып кирдин да
15.10.2013. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой коро албагандар, жаман ичинер таар экен э! Данияр эн мыкты ырчы алга, эч кимди укпа алар сени коро албагандар!
16.10.2013. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ima12, туура! Супер инфонун узбой окуйсунарго тим эле тааныбай каласынарда.
15.10.2013. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mikatagaev,
Кимдир-бирөөгө ат коюп, мазактоого тыюу салынат!
Эскертүү!
15.10.2013. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба
15.10.2013. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындык бир тууганына да жакпайт деп коюшатко.Жалганды апырта айтсан ишенет супердин кээ бир окурмандары,жалган экенин билсе да ишене беришет.Биз ушинтип озубуздукун колдон эмес буттан тартабыз,анан которулбойбуз да.Мен лично мактанганын корбодум,чындыкты эле айтыптыр.Ал учун ыйлаган кызды коргом.кайра кайра повтор кылып клибин коюп ыйлачу.Респект тебе Данияр.
15.10.2013. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baian, вот именно менин да синдим ыйлап суротторун альбомго жабыштырып сактап журот Данияр дегенде уйду эки антарып таштайт
15.10.2013. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baian, туура айтасын , озгочо токто жаным ырын укканда баары ыйлашат
SUPER.KG видео
15.10.2013. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Данияр байке вы просто супер! я вас очень очень даже очень люблю ммах ммах ммах
15.10.2013. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн жакшы мага жакты и ар дайым жагат. Ийгилик Данияр
15.10.2013. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Данияр. Ошол байчечекейдей жайнап чыгып жаткан ырчылардан сен алдыга озуп чыга алдын. Ырларын да, клиптерин да мыкты.
15.10.2013. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неге жакшыны жакшы дей албайбыз туугандар? Бизге жамандатып эле койсо...Ошол сындап жаткандар озунор ошентип ырдай алат бекенсинер?
15.10.2013. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер
16.10.2013. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жонокоймун деди эле го башында...
Азыркы ырчылар деги жакпайт. СССР убакта башка болчу... :-)
16.10.2013. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emne ele myn4a koro albas, i4i tarlyk kylasynar, mumkun siler taanybasar taanygandar bar, siler yilabasanar yilagandar bar. Soz dep ele oilonboi suiloi berbegile4i, biz owol u4un kyrgyzdar onolboibuz. Biroo biyigiraak 4ygyp baratsa jardamdawyp 4ygargandyn orduna kaira tartyp tuwurup koiobuz, a eger biroo jygylgan bolso any turguzup koigondun orduna kaira tebelep ketebiz.........eeeeeeeeh, soz jok
16.10.2013. 07:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chinin ele aityptir go boi kotorboi , jonokoi jakwi bala keni bilinip le turat boi kotorot dep omardi aitkila arsen ekoon
16.10.2013. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх ушу жаныдан чыгып келатса да эн жакшы ырларды жаратып жаткан Даниярды коро албаган адамдар кандай адамдар болду экен! Данчик аларга конул бурба сен эн мыкты ырчысын.
16.10.2013. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алга Данияр „ токто жаным” деген ырын мага аябай жагат, сага ийгилик
16.10.2013. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
токто жаным деген ырындан мен суйуумду тапкам! Азыр бактылуубуз. Онорун оркундой берсин.
SUPER.KG видео
17.10.2013. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бала философияга жакын экен:)є
17.10.2013. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызга эч нерсе жакпайт
17.10.2013. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyz filimderinde yrchylardyn katyshkany maga taptakyr jakpait, men kinodo boton biz taanybagan gana adamdardy korgum kelet oshondo kino kyzyktuu bolot, kinonu kyiynchylyk menen tartsa oshondo kino baaluu bolot, ilgerki kinolordu kaira kaira korup tajabaisyn, azyrkylar tufta. yrchylardyn katyshuusundagy kinodon yraxat albaim i al kino men uchun intermediyadai sezilet, oshol sebepten men KG kinilordu korgum kelgeit.
SUPER.KG видео
18.10.2013. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бингоооо
18.10.2013. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырларын укпаптырмын бирок ырчы болсо болгондур.жакшы маек куруп берген.жонокой татынакай жигит экен.
18.10.2013. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаакшыыы,талантын оркундой берсин,бирок боюн 175 см эмеско а?
SUPER.KG видео
19.10.2013. 04:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
+555 сага
21.10.2013. 05:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Томондо жазылган комменттерди окуп нааразы болуп кеттим, бироону сындагыча озуно кара ананасы бироонун кемчилигин айт дейт билип билбейле урдура бербегилечи ээке, Даник жонокой жигит чындыгынды элемент, ийгилик сага!

SUPER.KG видео
30.10.2013. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Данияр Эрматов сексуальный мачо! ааа бууу жигиттен кыздар узулбой калды го чиркин.
SUPER.KG видео
29.12.2013. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы, талантын оркундой берсин.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо