ТҮРКИЯНЫН ЖАРАНЫ КЫРГЫЗ КИКБОКСЧУЛАРЫН СЫЗГА ОТУРГУЗУП КЕТТИ

№571 11-октябрь-17-октябрь, 2013-ж

Өткөн аптанын жаңылыгы кикбокс боюнча Кыргызстан курама командасынын Дүйнө чемпиондугуна Бразилияны көздөй баратып, жарым жолдон кайра Бишкекке кайтып келгени болду. 26-сентябрда аттанган курам Түркияга жетип, кайра артка кайтты. Алардын Бразилияга жетпей калганы спортчулардан чогулган 40 000 долларга чукул акчанын ортодо жок болуп кеткенине байланыштуу эле. Бул окуя тууралуу талаш-тартыш токтой элек.

ТҮРКИЯНЫН ЖАРАНЫ ИЗДӨӨДӨ ЖҮРӨТ
Курама команда Бразилияга 26-сентябрда аттанмак болгон. Курамдагы 14 кишинин алтоонун каражатын КРнын Кикбокс федерациясынын президенти Александр Воинов төлөгөн. Спортчулардын айтымында, барып келүү үчүн ар бир спортчу өз чөнтөгүнөн 3500 доллардан чыгарган. Бул сумманы табуу үчүн спортчулардын кай бири унаасын саткан, кай бири карыз алган.
Жыйынтыгында чогулган акча менен катар билет алуу жоопкерчилигин Кикбокс федерациясынын машыктыруучусу Талант Сүйүмбаев алган. Талант мырза Бишкек-Стамбул-Сан-Паулу рейсин туура көрүп, түркиялык Насыр аттуу таанышы менен сүйлөшкөн. Насыр өз каражатына билеттерди «брондоп» койгон. Андан соң Талант Сүйүмбаев спортчулардан Насырдын каражатын чогултуп берип, спортчулар менен Түркияга учат.
«Биз Стамбулга түшкөндө Бразилияга билеттер алыныптыр. Бирок акчасы толук төлөнбөгөн болуп чыкты»,- дейт Талант Сүйүмбаев. Насыр «акчаны кайрып берем» деп телефондон айткан менен, андан кийин байланыша албай калышыптыр. «Түркиянын полициясына арыз менен кайрылдым. Алар Насырды издеп жатышат. Мен спортчуларга бардык акчаларын кайрып берем»,- деп билдирди Талант Сүйүмбаев.

КӨП НЕРСЕДЕН КУРУ КАЛЫШТЫБЫ?
Мелдеш 1-7-октябрь аралыгында болмок. Команданын башкы машыктыруучусу Александр Воинов команданын артынан бармак. Негизи, спортчулардын жакшы формада экенин, мелдештен байгелүү орундар менен кайтарын команданын машыктыруучулары мелдешке чейин айтып жүрүшкөн.
Бул мелдешке карата даярдык 2 жыл бою көрүлүп келген жана акыркы машыгуу сбору Ысык-Көлдө өткөрүлгөн эле. Спортчулардын Бразилияга жетпей калганын КРнын Стамбулдагы башкы консулу билген. Түркияда ара жолдо калган кикбокс чеберлеринин колу коюлуп, алардын атынан кырдаалды түшүндүргөн билдирүү консулдукка жиберилген. Көп өтпөй курам Түркиядан Талант Сүйүмбаевдин тааныштарынын жардамы аркасында Бишкекке келишкен. Окуянын чоо-жайын Талант Сүйүмбаев баш болгон делегациянын курамындагы спортчулар, башкы машыктыруучулар журналисттер менен болгон жолугушууда билдиришти.

«МЕН СПОРТ ЧӨЙРӨСҮНӨН КЕТТИМ»
Окуя өөрчүп отуруп, кикбоксчулар менен Александр Воиновдун ортосуна да от жагып койду. Айрым басылмалар бул окуя боюнча Александр Воиновду күнөөлүү туткан маалыматтарды жазып жиберишкен. АЛЕКСАНДР ВОИНОВ менен байланышып, төмөндөгүдөй жооп алдык:

– Александр Хусейнович, сиздин пикириңизди укпай коё албадык...
– Билесиздерби, мен бул окуя боюнча эч кандай комментарий бере албайм. Ким ак, ким кара аны мен териштирбейм. Болчу иш болду.

– Отставкага кетем деп чечим чыгардыңыз. Эмне себеп болду?
– Мен 20 жыл спорт тармагында эмгектендим. Бир нече Азия жана Дүйнө чемпиондорун тарбияладым. 11 Дүйнө чемпиондугуна спортчуларды алып барып келдим. Акыркы 20 жыл ичинде Кыргызстан бардык Дүйнө чемпиондугуна катышып келген. Кызматымды таштаганым түздөн-түз курама команданын Дүйнө чемпиондугуна барбай калганы менен байланыштуу. Мен да эртең балдарымдын алдында жооп берип, ак экенимди билдиришим керек. Мындан кийин машыктыруучулук менен да алектенбейм.

Эске салсак, Воиновдун кызматынан кетер-кетпеси ноябрь айында өтүүчү КРнын Кикбокс федерациясынын конференциясында каралат. Ал эми окуя боюнча кандай кырдаал болуп жатканын кикбоксчу СТАЛБЕК ДАРКАНБАЕВ төмөнкүчө кошумчалады:

«КАТТЫ БИЗ ЖОЛДОГОН ЭМЕСПИЗ»

– Сталбек, окуя боюнча эмнелерден кабардарсың?
– Менин билишимче, спортчулар чогулткан акчаны машыктыруучулар кеңешип, Талант Сүйүмбаевге карматышкан. Талант Сүйүмбаевдин уулу Алтынбек биз менен чогуу машыгат. Билетти сатып алуу милдетин моюнга алган Талант байке өзү алданып калыптыр. Азыр кечирим сурап, акчаны кайтарып бермей болду. Түркияда жүргөндө биздин атыбыздан Стамбулдагы Кыргызстандын консулуна кат жөнөтүптүр. Катта «Воинов бизди сызга отургузуп кетти» деп 14 кишинин (спортчулар жана машыктыруучулар) колу коюлуп, алардын чет жерде акчасыз калганы тууралуу жазылыптыр. Бул катты ким жазганын билбейм. Биз кол койгон эмеспиз.

– Александр Воинов команда үчүн көп эмгек кылды. Анын ушул окуяга байланыштуу кызматынан кетүүсүн туура көрөсүңбү?
– Воинов бизди өстүрүп, кыргыз кикбоксун ушул деңгээлге көтөргөн киши. Ал катты бизди жазды деп ойлоп калыптыр. Биз, спортчулар, ага баарын түшүндүрүп, кечирим сурадык. Чынында, окуянын чоо-жайын аңдабай туруп дуу көтөрүп жиберишти. Жыйынтыгында спортчулар менен машыктыруучунун мамилесине оор сокку болду. Ал киши кызматынан кетсе өлкөдө кикбокс жоголуп кетет. Биз машыктыруучубузду да сактап калганга тырышабыз.

– Мелдешке даярдык кандай эле?
– Мен быйыл көптөгөн эл аралык мелдештерге катышып, жакшы формада болгондуктан, медаль алам деп бараткам. Бул Дүйнө чемпиондугун эсепке алганда 4-ирет Дүйнө чемпиондугуна катышмакмын. Тилекке каршы, Бразилияга жетпей калганыбыз үчүн ичибиз ачышып жатат.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(30)
14.10.2013. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ushul biletterdi internetten ele satyp alyshpaptyr, je agentstvogo baryp ele satyp alyshpaptyr. Kantip ushuncha riskovat' etishti? Internetti dele bilishet go.
14.10.2013. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаман болуптур го.кандай акмактын ушул акчаларды уурдап кеткенге духу жетти?
14.10.2013. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Treneri ketse, chynynda kikboks jogolot. Bul Boinov abdan kop iygilikterdi jaratkan trenergo. Kyrgyzstandyn jelegi jelbirebei kalyptyrda okunuchtuu.
14.10.2013. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Воинов качанкы Воинов.Чынында ал кишинин
эмгеги кыргыз кикбоксунуна чон .Мен боксер болбосомда ал кишини сыйлайм.
14.10.2013. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уят эле бутун бир мамлекеттин спортчулары ара жолдо калса мамлекет ошо куну билип оздору жонотсо болмок миллиондогон карыз алып атышат ушундайга жумшаса болотко
14.10.2013. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
o.aza, оа да, сразу мамлекет толоп койсо болмок. акыры Кыргызстандын атынан баратышкандан кийин, женишке жетишсе жерибиздин эле аты таанылмак.
14.10.2013. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ортомчу салбай эле,өздөрү билетти интернеттен эле брондошсо болмок.Спортчулар алданып калат деген эмне жакшылык.
16.10.2013. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Narynbek, туура айтасын бул жерде кандайдыр политикасы бар го, болбосо Кыргызстанда туруп эле алса болмок да.
14.10.2013. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
окмотун алсыздыгы болуптур окмот озу эле алып барса болмок
14.10.2013. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биздин "чиндер" ажылдашып бирин бири ушакташкандан коро, козомолдоп коюшса болмок, финансово жардам бере албагандан кийин...
15.10.2013. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ошондуктан кыкенбайлар башка улуттагы адамдарга ишенбегиле мындай кезде!мамлекеттик спортчуларды 1 турк алдап кетиптир мына силерге!ойлонуп иш кылбапсынарда !
15.10.2013. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соз жок,мамлекеттен болунуш керек каражат спортчуларга,митинг пикетке жанталашып беришет го акчаларын иттер десе
15.10.2013. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундаай дегиле.
Кызыгы чынеле Турк Насыр жалгыз алдап кеттиби же,озубуздун арабыздан бир Кыкен чыктыбы?Тен болобуз десе ал Турк макул болотда кобунчо жоопкерчилик башка адамда болчу болсо.
Ким алдасада буйрубасын!!!
16.10.2013. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kim aldap ketse da tewip 4yksyn
16.10.2013. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мамлекет контроль кылбайбы ушундайларды ,воиновдой машыктыруучу жок бизде, боксту туптогон ушу киши, куноологонго болбойт
16.10.2013. 03:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Orospu cocugu nasil cesaret etmis be?
16.10.2013. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Alda myndai joopkerchiliktuu akchany alyp ketip kalbas.Bul jerde da kimderdin gana aktivduu kiygilishusu menen je buyrugu menen bolso kerek.
16.10.2013. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AZIK01, 100 пайыз кошулам
16.10.2013. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
карасанар, датасы бир эле кишинин колу менен жазылгандай го. Менимче муну бир эле адам жазаган. А колдорун коюш эн эле оной иш да.
16.10.2013. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тупизм... Мындай карасан колдон келе турган эле иш, кайдагы таанышка ишенип, кудайга ишенгендей... соз жок
17.10.2013. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Машыктыруучу бул жерде айыбы жок болушу керек...
17.10.2013. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Воинов спорттон кетсе олду кыкендер, андан коро акчаны тапкыла тез арада
17.10.2013. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо бул жерде мамлекеттин алсыздыгы, чындыгында балдар барганда ийгилик менен кайтышмак.
17.10.2013. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул нерсеге чара коруш керек созсуз окмоттук денгээлде, бул эмне деген нерсе!
18.10.2013. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1 jyl murda Chon Alay arkyluu Tajikistanga jonodum, joldo "karate" boyuncha kandaydyr bir chempionatka baratkan sportchularybyz mn choguu bir mashinada bardyk. Alardyn aytuusu boyuncha ech kanday mamleketten jardam bolgon emes, "sumkabyzda jelek bar, ar biribiz oz janybyzdan, akchasy jetpegenderge trener tolop ketip jatabyz" dep aytyshty. Mamleket uchun bul oto chon, bash kotorgus uyat!!! Sportchularyn jakshy karap, katyshtyra albagan mamleketten dagy emneni kutush mumkun?..
18.10.2013. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Воиновду жамандап каралаш үчүн атайын жасалган иш деп ойлойм.
19.10.2013. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иииии :(
19.10.2013. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туу ата,кыргызда бир да бычака сап адам жок бекен,хотябы карызга акча берип турбайт беле,мына сага,окмоттун каражатынан деле алып барышса болмок да,минтип журсок онолмок тургай кайра жоголобуз,
19.10.2013. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уят.
20.10.2013. 03:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан Капаландыруучу Окуя Болуптур.Башы-Козунуздордон Садага!!! Он Козунду Сол Козуно Аманат Этпе Деген Соз Бар... Бирок.ойлонсонуздар бул ишти жалгыз бир адам кыла албайт менин оюмча???...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо