Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БАКЛАЖАН

№571 11-октябрь-17-октябрь, 2013-ж

БАКЛАЖАН – КАБЫКТУУ ДАРЫКАНА
Убагында «акылдан адаштырган алма» деп эсептеп, жегенден коркуп келишкен баклажанды бүгүн дүйнө эли жактырып жешет. Мекени – Индия. Жашылча катары колдонула баштаганына 1500 жылдан ашты.
Чыгыш өлкөлөрүндө баклажанды «баклажан – кабыктуу дарыкана» деп аташат. Анткени бул жашылчанын курамынан Менделеевдин таблицасындагы бардык заттарды табууга болот. Тактап айтканда, А, С, РР жана В витаминдеринин топтомуна, кальций туздарына, фосфор, темир, калий, ошондой эле ичеги-карындын иштешин жөнгө салуучу клетчаткага бай. Дарыгерлердин айтымында, баклажанды жеп жүргөн адам канындагы холестериндин санын 50 пайызга чейин азайта алат. Себеби бул жашылчадан пектин затынын көп өлчөмүн табууга болот.
Баклажан кош бойлууларга, бала эмизген энелерге, карыларга, бөйрөк, боор оорулары менен жабыркагандарга да пайдалуу. Анткени курамындагы жез жана темир кандын гемоглобинин көтөрүп, органдардын иштешин жакшыртат. Ал эми РР витамини тамекини таштоого өбөлгө боло алат.

КОСМЕТОЛОГИЯДА

  • Көпчүлүгүбүз баклажанда коллаген заты бар экенин билбесек керек. Бул зат терини азыктандырып, серпилгич кылуу касиетине ээ. Андыктан бетиңизге маска жасоону унутпаңыз.
  • Терини азыктандыруучу маска. Бир баклажанды майда сүргүчтөн өткөрөсүз. Маска үчүн 1-2 аш кашык баклажан маңызы жетиштүү. Ага 1 аш кашык сүттү жана балды аралаштырып, бетке 20 мүнөт жабуу керек. Андан соң жылуу суу менен жууп коюңуз.
  • Терини жашартуучу маска. Баклажанды эт туурагычтан өткөрүп тыныктырып койсо, андан шире чыга баштайт. Ошол учурда ага 1 чай кашык алма ширесин аралаштырып, таза жуулган бетке жаап, 15 мүнөт чалкалап жатуу керек. Андан кийин жылуу суу менен жууп, азыктандыруучу бет майдан сүйкөп койсоңуз, теридеги бырыштар билинбей сыйда болуп калат.

Эскертүү! Баклажан маскасын жумасына бир жолу гана жасоо сунушталат.

АШКАНАДА
Баклажан ашканада эттин ордун толуктай алат. Анткени айрымдар анын даамын эттикине, айрымдар козу карындын даамына окшоштурушат.
Тандоо. Жаңы үзүлгөн баклажандын салмагы оор болот. Ал эми жашыл сабагы анын жаңы экендигинен кабар берип турат. Өтө чоңоюп, уруктап кеткен баклажанды алуудан качыңыз. Анткени бул учурда курамында соланин заты көбөйүп кетет. Ал ууланууга алып келиши мүмкүн.
Колдонуу. Пайдалуу сапаттары сакталсын десеңиз, даярдоо алдында 20-30 мүнөт туздуу сууга салып же туздап коюңуз. Мындай ыкма менен аны ачуу даамынан арылтасыз.
Сактоо. Бул жашылчаны консервалоо, тоңдуруу жана кургатуу жолдору менен сактоого болот. Эгер тоңдуруу жолу менен сактайм десеңиз, баклажанды кесип, тузду сууга 5 мүнөт кайнатып, суусун сарыктырып, муздагандан кийин целлофан баштыкка ороп сактасаңыз болот. Кургатуу үчүн аны жууп-тазалап, кесип, жипке тизип, шамалдуу жерге илип коюу керек.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


Узак жашоонун өсүмдүгү

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(11)
SUPER.KG видео
12.10.2013. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан соонун кенеш экен тамеки таштагандарга жардам. Пайдасы коп экен
SUPER.KG видео
12.10.2013. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Пайдалуу нерсе экен. Кабарчы кыз да зор экен!
SUPER.KG видео
12.10.2013. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Multi talantuu jakshu kabarchu aluptursungar Super. Kg barakelde
SUPER.KG видео
12.10.2013. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сонун кенеш экен билген эмесмин баклажандын пайдасы коп экендигин.анан кабарчы кыз сулуу,таланттуу кыз экен жумуштун башталышын ушундай ийгиликтуу жана жакшы кабарларды элге тартуулап жатса мындан кийинки эфирлери абдан кызыктуу болот окшойт татыктуу кабарчы экен..ийгилик!!!!супер.тв алгаааааа!!!!!!!
SUPER.KG видео
14.10.2013. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тамекини таштоодон арылганы кызык экен )))))))
SUPER.KG видео
14.10.2013. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш кабарчыга ийгилик каалайм, албетте!
SUPER.KG видео
14.10.2013. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баклажанды эмес, тиги тыпылдагын кызды карап эле отура бергин келет экен))) Сага ийгилик каалайм!
15.10.2013. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон рахмат пайдалуу кенеш экен!
17.10.2013. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кором да баклажанды
18.10.2013. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйомда суйом:)
18.10.2013. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы кенеш экен.Рахмат. Ушундай пайдалуу кенештерден кобуроок жазсаныздар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо