№571 11-октябрь-17-октябрь, 2013-ж

Аксы районундагы Жаштар борбору тарабынан 2013-жыл – Иштерман жылына жана Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата бир айлык жарыяланды. Бул аралыкта Жаштар борбору тегерек столдорду, тренинг, семинарларды, ар түрдүү акцияларды, спорттук иш-чараларды өткөрүүнү пландоодо. Бир айлыктын алкагында 8-октябрда Аксы педагогикалык колледжинде «Спорт – ден соолуктун булагы» деген ураандын астында мелдеш болуп, ага 150дөй студент жана окутуучулар катышышты. Буга катар «Жаштар – таза шаар үчүн!» аттуу акция өтүү алдында турат. Акциянын жыйынтыгында тынчтык фестивалы өткөрүлүп, Жаштар күнү майрамдалат.
Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |