Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кадыр Мусаев, сүрөтчү:«ТАШТАГЫ ТАМГАЛАР МЕНЕН АТАКТУУЛАРДЫН АТТАРЫН ЖАЗАМ»

№571 11-октябрь-17-октябрь, 2013-ж

Кадыр Мусаев Нарын музыкалык академиялык драма театрында башкы сүрөтчү болуп эмгектенет. Бирок кеп нугу башкада. Каарманым жыгачка чөгөрүлгөн таштардын жыйындысын көрсөттү. Жакшылап карасам таштын бетинде жазуулар бар экен. Болгондо да табият өзү кооздогон жазуулар. Тарыхын каарманымдын өзүнөн угалы.
– Өзүм Ысык-Көл облусунан болом. Казакстандан окуп бүтүп, үйлөнүп-жайланып, ошол жакта жашачумун. Кыргызстанга келгениме 5 жыл болду. Ал жакта 28 жыл жашап, чыгармачылыгымды өнүктүрүп, кол өнөрчүлөрдүн, сүрөтчүлөрдүн көргөзмөлөрүнө, жарманкелерине катышып жүрдүм.
Мен жаратылыштан берилген сырларды абай салып байкап, ар түрдүү таштардан же кызыктай өсүп калган өсүмдүктөрдүн бөлүктөрүн, тамырларын чогултчумун. Таштарды алып чыгып тизип, кайра чачып коюп эле отурар элем. Бир күнү кимдир бирөөнүн атын чогултуу идеясы келди. Алгач тамгалардын жыйындысынан «Нурсултан Назарбаев» деген жазууну түзгөм. Көргөзмөдө «Казакстан тууралуу эң мыкты сувенир» деген наамга татып, эмгегиме ичим жылып калды.

Анан баягы жазуумду президентке кантип жеткирүүнү ойлонуп жүргөндө бир чиновник байланышып, «Сиз аны баары бир Назарбаевге жеткире албайсыз го. Андан көрө аны мага сатыңыз, каалаган бааңызды берейин» деди. Мен чын эле Назарбаевге өз колум менен жеткире албасымды түшүнүп, 9000 долларга бааласам, дароо макул болду. Көрсө, кийин аны Назарбаевдин туулган күнүнө белек кылышкан экен. Көп өтпөй эле 2008-жылы атам ооруп, Кыргызстанга көчүп келдим да, Көлдөн ошол акчага үй сатып алдым.
Ошондон кийин орустун саясатчысы Юрий Лужковдун атын жазам деп калдым. Бирок тамгалары татаал болгондуктан, табыш кыйынга турду, «й» тамгасы окшошпой, бир топ убара кылган. Бир күнү Түп районунун акими Ильич деген жигит келип, «сизге керектүү кишини таптым» деп узун бойлуу бир орусту ээрчитип кирди. Ал Лужковдун кайниси болуп чыкты. Эмне болуп Кыргызстанга келип калганын сурасам, Түп районунун Ой-Тал айылында Юрий Лужковдун дачасы бар экен да.
Мен аны саясаттагы жаңылыктардан, интернеттен издеп, байланыш түзө албай жүрсөм, кайнисинин айтымында, мэрликтен түшкөндөн кийин Кыргызстанга 3 жолу келип кеткен экен. Кайниси менен таанышып, бирок андан ары каарманымды издөөнү уланткан деле жокмун. Минтип эмгек өзүмдө калды. Ал эми бул «Аллах» деген жазууну Нарынга театрга келгенде чогулттум. «Аллах» деген сөз 5 тамгадан турса да, мен төрт гана таштан жазгам. Таштарды изилдөөнү дагы деле улантуудамын.

Кадыр мырза «21-кылымда көптөгөн сырдуу нерселер чечилип, «укмуштар кылымы» доорун сүрүп жатабыз» деп кошумчалады. Ким билет, бул да чындыктыр...

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(1)
15.10.2013. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
охоо жакшы идея экен.Мен дагы кооз таштарды чогултуп,гул чакаларга салып коем.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо