Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ВЛАДИМИР КЛИЧКО

№572 18-октябрь-24-октябрь, 2013-ж

Бокс дүйнөсү алааматка түшүп, мушкерлердин биринен-бири күчтүү чыккан 2000-жылдары чоң боксто Кличко деген фамилия пайда болгон. Бул таасирлүү фамилиянын ээлери украиналык бир туугандар Виталий менен Владимир эле. Арадан ондогон жылдар өттү. Азыр Владимир WBA, WBO, IBF жана IBO версиялары боюнча Дүйнө чемпиону. Сөз Владимир тууралуу болот.

ВОЛОДЯ ЧОҢ БОКСКО ЧЕЙИН...
1976-жылы 25-мартта Казакстандын Семипалатинск шаарында төрөлгөн.
Атасы Владимир Родионович аскер кызматкери, апасы Надежда Ульяновна мугалим. Өзү дарыгер болом деген кыялына жетпей калган.


1992-жыл. Кличколор беттешишкен...
Владимир бокс менен 1990-жылы машыгып баштаган. 2 жылдан соң агасы менен рингде беттешип, бутун сындырып алган. «Кылмышты» жашыруу үчүн машыктыруучусу аларды Крымга машыгуу сборуна алып кеткен.
1996-жыл. Олимпиаданын алтыны...
«Атланта-1996» Олимпиадасына катышар алдында агасы Виталийге "допинг колдонду" деген айып тагылып, анын ордуна Украинанын желегин көтөрүп Владимир чыккан. Ал финалдык беттештин 3-раундунда 6 упай алып, чемпион болгон (жалпы эсеп – 7:4).

1996-жыл. Дон Кинг менен жолугушуу...
Белгилүү америкалык промоутер Дон Кинг Олимпиададан кийин Кличколорго жолугуп, профессионалдык келишим сунуштаган. Акчаны сүйгөн Дондон айырмаланган германиялык промоутер Клаус Питер-Коль жаш мушкердин талантына кызыгып, бокско алып келген.
1996-жыл. Үйлөнүү. Ажырашуу. Бойдокчулук.
Володя эң көп сөз болгон бойдоктордон. Ал Олимпиададагы жеңишинен кийин Александра аттуу кызга үйлөнүп (ал мушкерден 1 жаш улуу болчу жана мурунку турмушунан 1 уулу бар эле), бир жарым жылдан соң ажырашып кеткен.
2001-жыл. Диссертациясын жактаган...
Владимир дене тарбия жана спорт тармагында диссертациясын жактап, илимдин кандидаты болгон.

 

 

 


ВЛАДИМИРДИ ТАРБИЯЛАГАН 2 БЕТТЕШ
Владимир Кличко: «Мен сынчыларга кошула бербейм. Бирок 2003-2004-жылдары жеңилгенимде айтылган сындарга ыраазымын. «Мындай абал менен алыс кетпейт» деп өзүн жана өзүнүн тегерегиндегилерди ишендирген адистердин ойлорун ар бир беттеште жокко чыгаргым келет».

Корри Сандерс
2003-жыл, 8-март. ММКлар да, Кличко да түштүк африкалык Корри Сандерсти «утулуп, жолдо калчу» мушкер катары баалаган. Атаандашына маани бербегени ага муш болуп, беттеште 37 жаштагы Корри ыкчам нокаутка аракеттене баштаган. 2-раунд. Бир нокдаун... Эки... Үч... Төрт... Владимирге боору ачып, калыс беттешти токтоткон. Анын бул 2-жеңилүүсү ага узун сабак болгон. 1 жылдан кийин Сандерсти агасы Виталий Кличко утуп, инисинин өчүн алган.

 

 

Леймон Брюстер
2004-жыл, 10-апрель. Америкалык Леймон Брюстер экөө WBO версиясы боюнча чемпиондукка ат салышкан. Алдыңкы 4 раунд украиналыктын «жетекчилиги» астында өтүп, 4-раундда нокдаунга да учураткан. 5-раундда Кличко алын жогото баштаганын сезген Брюстер атаандашын кап ургандай ургулап, нокаутка учураткан. Машыктыруучусу Эмануэль Стюарддын айтымында, оор салмактагы профессионал мушкер үчүн 4-раундда 300 сокку уруу өтө көп. Владимир 12 раундга жетчү күчүн жана соккуларын алдыңкы 4 раундда сарптап, алын жоготуп койгон эле.

АКТУАЛДУУ СУРООЛОР ЖАНА ЖООПТОР

Поветкин менен реванш болобу?
«Реванш болсо, анда ал Киевде өтүш керек»,- дейт Владимир. Бул беттеш боюнча Украинада журналисттер, коомдук ишмерлер чогулуп, орусиялык тараптын улутчулдугу тууралуу талдашты. Негизи, Кличко орусиялык Александр Поветкинди уткан соң залда Украинанын Гимни жаңырмак. Бирок саясий ымаланын начардыгынан бул ишке ашкан эмес.

Жылдык кирешеси канча?
Кличко бокс, бизнес жана жарнама тармагынан 2012-жылы 26 миллион доллар тапкан. Быйыл Александр Поветкин менен болгон беттеш үчүн
17 миллион доллар алды.

Машыктыруучусу ким?
Мушкердин машыктыруучусу Эмануэль Стюард 2012-жылы көз жумган. Азыр Стюарддын окуучусу, өзүнүн спарринг-өнөктөшү Жонатан Бэнкс менен иштейт. Жонатан Владимирден 6 жашка кичүү.

Качан үйлөнөт?
Кличко сүйүктүүсү, америкалык актриса Хейден Панеттьер менен 2 жылдан ашык кыз-жигит катары жүрдү. Айрым басылмалар белгилегендей, той быйыл декабрда болушу мүмкүн.

Кличкону кантип жеңсе болот?
Бул суроого легендарлуу мушкер Майк Тайсон: «Жо Фрейзердин стилинде алдыңкы колду сокку узатууга колдонуп, Кличко жаңылганда контрчабуулга өтүш керек. Физикалык даярдык мыкты болушу зарыл»,- деп жооп берген.

ПОВЕТКИН МЕНЕН ЧЕКТЕЛБЕЙТ
Кличко Эл аралык бокс федерациясынын (IBF) 30-конференциясында 2000, 2006-жылдары уткан атаандашы Крис Бёрдго мындай деген: «Крис, 2006-жылы сени утуп, IBF версиясы боюнча чемпион болгонумда мага уулуң келген. Көзүнө жаш алып: «Куттуктайм, чемпион! Жеңүүнү жана титулду коргоону уланта бер!»,- деген. Мен ага так ошондой кылууну убада кылгам».
Орусиялык Александр Поветкин менен беттешерде СССРдин кишилери «Поветкин Кличкодой мушкер менен биринчи жолу беттешип жатат. Кличко болсо Поветкиндейден 60ты уткан» деп жердештерине бир жаман көрүнүштү.

АГАСЫ САЯСАТТА КОЛДОЙТ
Кличко учурда Германияда жашайт. Спорттон тышкары Германияда, АКШда жана Украинада бизнестери бар. Спортчу украин, орус, англис жана немис тилдеринде эркин сүйлөйт. Анын таасирдүү сөздөрүнө карап, «Кличко боксту эмес, башка кесипти тандаса болмок» дегендер бар. «Бокс мага мектеп болду. Дүйнө таанымымды бокс аркылуу кеңейтип, бокс аркылуу дүйнөнү кыдырдым»,- дейт мушкер. Көпчүлүккө белгилүү Кличколордун улуусу Виталий «Удар» партиясын жетектеп, кезинде Киев шаардык кеңешине депутат болуп шайланган. Былтыркы жылдары шаардын мэрлигине талапкерлигин коюп, өтпөй калган. Быйыл 2015-жылы өтүүчү президенттик шайлоого барууну ойлонуп жатканын билдирди. «Виталий украиналыктардын европалыктардай жашоосун каалайт. Мен аны колдойм. Ал күчтүү саясий топ менен Украинага кошчу салымдары бар»,- дейт саясат тууралуу. Азыр Кличколордун фонду Украинанын бир нече шаарларында спорттук мектептерди ачты.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(21)
21.10.2013. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Владимир Кличко — позор для всего боксёрского мира бул адам жонундо атайын статья жазышат деп ойлободумеле
21.10.2013. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
joysin77, Не ошондой статья жазыптырбы?
21.10.2013. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
joysin77 Владимир чыныгы мушкер
21.10.2013. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец дагы да болсо коро албайбыз ал орус жайына койгулачы )))
21.10.2013. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Asus84, Бир нерсенитушунуп тушунбойле ура берет кенсиз а???
Бул кличкону орустар коро албай жатат экен... Кыргыздар Кличкону колдошсо керек.
22.10.2013. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asus84, хахолду орус кылып койдунго билбесен суйлобоелекойда
21.10.2013. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай болсо дагы, ушундай денгээлге жетиш оор! коро албагандар ар кандай жагымсыз создорду жазыша берет! эгер колдорунан келсе Кличколорго окшоп бокс аренасына чыгышпайбы?....
21.10.2013. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орустар бара бара улутчул болуп баратат Кличконун женгенин коро албай залда Украинанын гимнин жаныртпай койгонун.
23.10.2013. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
omurbek9393,окендер нацис болушат
22.10.2013. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде Супер инфо просто Кличко тууралуу маалымат берип жатат.Жакында эле Поветкин менен беттешке чыкпады беле!?
22.10.2013. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
воот мен туз эфирден карап олтурдум иним менен кошо
22.10.2013. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
в этом бою Поветкин показал свой характер дрался как настоящий воин а Кличко только и делал что обнимался
22.10.2013. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундан кор А.Поветкинди жазып чыгышпаптырда.Мага жакпайт Кличконун мушташуу стили.Поветкинди колдоп жаттым эле кашайып утулуп калбадыбы.
22.10.2013. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Поветкин Кыргызстанга келип Атамбаевке жолукту беле жайында
23.10.2013. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aybek777,

Ообба, АШАга боксту уйротуп кетти. Эми АША аны укпаган министрлерди озу топоштойт...
23.10.2013. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кличколордун көп жылдан бери чемпион болуп келгендеринин себеби азыр мурункудай 70-80-90 жылдардагы кучтуу боксчулардын жоктугу.акыркы кучтуу негр боксер бул Леннокс Льюис болчу ал Виталий Кличкону женип алган.
27.10.2013. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
samat-91, анда судьялар Луиске тартып койгон, Кличконун кашы айрылып кеткенде калп эле беттешти токтотуп салышкан, анан Кличко реванш алам дегенде Луис бокстан качып кетти элего.
29.10.2013. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Real_Madrid95, виталийдин суротун корсон ошол бойдон кийинки.виталий көр болуп калбасын деп токтотушкан.Леннокс ошол бойдон кийин бокстан кетсе 38 жашта болчу.
24.10.2013. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Байкасанар, Кличколор бойго чыкканда алгач эле коз менен атаандашын багындырып алышат, козун ирмебей атаандашын карайт. Курошуп жатышканда, женгенче чый-пыйым чыгып кетет, ото жагат Кличколор!!!
25.10.2013. 05:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул да боксербу бул Поветкин менен боксташканын кордунорбу муну баксер деп аташ кыйын мын Майк Тайсонду айтса болот !!!
25.10.2013. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Агасы Виталий Кыргызстандын Беловодскийинде туулган болуш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо