№572 18-октябрь-24-октябрь, 2013-ж

13-октябрда Москва РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Винсовхоз айылында үй-бүлөлүк чыр учурунда 18 жаштагы жигит өгөй атасын балта менен чапкандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жабырланган 44 жаштагы эркек оор абалда аймактык ооруканага жеткирилген. Маалыматтарга караганда, чырдын чыгышына жабырлануучу өзү себепкер болгон. Ал дайыма мас болуп алып үйүндө жаңжал чыгарып турчу экен. Кезектеги үй-бүлөлүк чатак учурунда чыдабай кеткен өгөй уулу колуна балта алган.
Бул факт боюнча Москва РИИБинин тергөө бөлүмү Кылмыш жана жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) боюнча кылмыш ишин козгогон. Бүгүнкү күндө кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |