Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

YKY - АКЫЛДУУЛУКТУН СИМВОЛУ

№572 18-октябрь-24-октябрь, 2013-ж

КЫЗЫКТУУ

  • Мексикада жашаган кичинекей үкү кактустардын тоңкулдактар ойгон коңулдарында жашашат.
  • Үкүлөр адамдардан 40-50 эсе жакшы угат.
  • Бир үкү 1 түндө 5-20 чычканды кармап жээри белгилүү.

Кыштоочу канаттуулар
Үкүлөрдү деңиз жээктеринен, тоолордон, токойлордон, талаалардан, шаарлардан да жолуктурууга болот. Бирок көп түрү токойлорду мекендешет. Жашаган жерлеринде кышташат. Европаны мекендеген кулактуу үкү гана келгин канаттууларга кирет.

Даяр уяны пааналашат
Уя салбай, сагызган, карга же жырткыч куштардын бош калган уяларында жашашат. Аскалардын жаракаларын, адам жашабаган үйлөрдү, дарактардын уюктарын да байырлашат.

Түбөлүк бирге жашашат
Жыныстык жактан 1 жашта жетилишет. Жазында жупташат. Эркеги ургаачысынын көңүлүн бурдуруу үчүн кайкып учуп, канаттарын чапкылап, үн чыгарышат. Аны «жактырган» ургаачы үкү үн салып, үй-бүлө жаралат. Ургаачысы 3-10 жумуртка басып чыгарат.

Айлап суу ичпей жүрө алышат
Чаңкоосун курмандыгынын каны менен кандырышат. Бирок суу аларга канат-талдарын жууп-тароо үчүн керек. Андыктан жамгыр жааганда уяларына кирбей отура беришет.

Кээ бир түрү күндүз да аң уулашат
Үкүлөр жалаң түнкүсүн аң уулашат деп ойлогондор жаңылышат. Айрым түрлөрү: ак үкү, таранчы үкү, карчыга үкү, бабырган күндүзү да мыкты аң уулашат.

Жемин бүтүн жутат
Кичине үкүлөр чычкан, майда жылан, жөжө, чымчыктарды жешсе, чоңдору тыйын чычкан, коён, кара курт, суур жана башкаларды да жешет. Жеми кичине болсо бүтүн, чоң болсо кесимдерге бөлүп жутат. Сиңбей калган сөөк, канат-жүндөрдү тоголоктоштуруп кулгуп салат. Деңиз жээктерин байырлагандар балык менен да тамактанышат.

Ырым-жырым үчүн ата беришип, саны азаюуда
Кыргызстанда үкүлөрдүн бабырган, мыкый үкү, чоң үкү, жапалак үкү, кулактуу үкү (теликуш) сыяктуу түрлөрү кездешет. Алардын канаттарын аялдардын топусуна тагуу үчүн кармай беришип, санын азайтышууда. Үкүлөр Кыргызстанда гана эмес, дүйнөнүн көп бөлүктөрүндө азайып барат. Мисалы, Азия элдеринде, анын ичинде кыргыздарда үкүнүн тырмагы жин-шайтандан коргойт деген ишеним жашагандыктан, үйлөрүнө илиш үчүн кармап келишет. Бешиктерге үкүнүн тырмагын илип койгондорду да кездештиребиз. Африкада «желмогуздун канаттуусу» деп эсептелгендиктен, аёосуз кырып жок кылып жатышат.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(5)
21.10.2013. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мага жаккан жандык экен жакшы кабар козу жылбаганы жаман экен
21.10.2013. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мыкый үкүнүн балапандары менен отурганы жакты, сүрөткө түшчүдөй болуп...
21.10.2013. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булда Кудайдын касиетинен жаралган жандыкда. Азайып баратканы окунучтуу.
23.10.2013. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акылдуулуктун символу деп, башына отургузат эми анча мынча больнойлор, Ош базардан тыйындардын устундогу баканы алгандай байлык келет деп
25.10.2013. 08:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ilgez, Анын баары ширкке алып бара турган жол
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо