Неля:«ЭЛГЕ ЭМНЕ ЧЫКПАЙ КАЛДЫҢ ДЕП КАЙНЕНЕМ САРСАНАА БОЛО БЕРЕТ»

№572 18-октябрь-24-октябрь, 2013-ж

Бири-бирине төп келген кош жылдыздар Урмат менен Неля бойдок кездегидей көп көрүнбөй калышты. Муну Неля «биз дагы да болсо ыр менен алпурушуп жүрөбүз. Бирок таскагыбыз басаңдап калганын моюнубузга алабыз. Анткени биз үчүн үй-бүлө биринчи орунда. Ырга эмес, балдарыбызга көбүрөөк көңүл буруп калдык» деп
түшүндүрөт.

– Салам, Неля! Телефон чалсак «балам ооруп калыптыр, ооруканадамын» дейсиң, жакшыбы?
– Баланы бөпөлөп караган сайын ошончолук назик, эрке болот окшойт. Мен тез-тезден эле колдорун жууп, дарыгер айткан рецепт менен тамак берем. Ошого карабай ооруп калышат. Шаардыктарга караганда көчөдө топурак-чаң болуп ойноп жүргөн айылдын балдары бышык, чыйрак келишет окшойт деп ойлоп калам. Нурэл да, Жазэл да бир аз сыркоолоп ооруканага жатып чыктык. Азыр экөө тең жакшы.

– Жиниң келгенде күчүңдү балдардан чыгарып кагып-силкпейсиңби?
– Жинимди балдардан чыгарбайм, албетте. Бирок чектен чыгып баратышканда урушам, кээде чаап да коём. Урмат баласаак, балдарга үнүн бийик да чыгарбайт. Экөөбүз тең такыр урушпасак, анда башыбызга чыгып алышпайбы.

– Айрым эркектер келинчегин кызгана беришет го, Урматта ушундай сапат барбы?
– Ага жол бербейм. Эртеден-кечке үйдө отурам. Эртең менен туруп балдарга ботко жасайм. Анан кайра түшкү тамагын даярдайм, ошентип отуруп кеч кирет. Күнүм эмне болуп өткөнүн билбей калам. Тойго барсак, Урмат экөөбүз чогуу барабыз. Кээде Урмат жалгыз барып калганында «сен жок жаман экен» деп калат. Жакында эле Кытайга гастролдоп барып келдик.

– Курман айтты кандай тостуңар, айттадыңарбы?
– Айттадык. Биздикине да келишти. Кытайга барганыбызда Урмат бир аз кырсыктап калган. Кан чыгарып, кырсыктын баары ушуну менен чыгып кетсин деп Кудайга жалындык.

– Урматка жиниң келгенде, таарынганда кандай ойлорго барасың?
– Мен Урматка түбөлүктүү жар болоюн деп турмушка чыккам. Ошондуктан жаман ойлорго эч качан жетеленбейм. Тултуңдап сүйлөбөй калмайым бар. Бирок бир үйдө жашап жаткандыктан, балдар турганда тез эле сүйлөшкөнгө туура келет. Балдар келип «апа, ата, мындай, тигиндей» деп ар нерсени сурап жатып сүйлөштүрүп коюшат.

– «Эжелүү кызга эски тон» деп коёт эмеспизби. Байкесинин кийимдерин Жазэл киеби?
– Кызыма жаңы кийим аз сатып берем. Дүкөнгө барганда «Жазэлге албай эле кой, байкесиникин кийгизип коём» десем, Урмат «койчу, кызыма деле жаңы алып береличи» дей берет. Кызымдын чачы атасы жагын тартып тармалдашып турат. Түз болсун деп устара менен кыра берем. Чачы кырылган, эркек баланын кийимин кийип жүрсө аны баары эле эркек деп ойлошот.

– Кызы атасына, уулу апасына жакын го турмушта, силерде да ушундайбы?
– Биздики тескерисинче. Уулум менен кызым удаа да. Кызымды төрөгөндөн кийин аны карап уулума көп көңүл бура албай калгам. Аны Урмат карап калды, тамак берип, сыртка ойнотуп, уктатып дегендей. Ошондонбу деп калам, уулум атасына, кызым мага жакын. Бирок кийин тескерисинче болсо керек. Анткени мен деле атама жакын болчумун, Урмат апасына жакын. Кызым аябай жароокер. Бизди бир саат эле көрбөй калса «апа, ата, сагындым» деп кучак жайып тосуп алат. Уулум болсо эч нерсе менен иши жок жүрө берет.

– Гастролго кеткенде ким карап калат балдарды?
– Бала багуучубуз жок, ишенбейт экем аларга. Ар түрдүү окуяларды уга берип коркуп калат экенсиң. Нурэлди бала бакчага берели деп жазылып койдук. Биз алыска кеткенде Таластан апам келет же таенеси карайт. Кайнежем да каралашат кээде. Ишенген үч адамыбыз бар.

– Кайненең сени кандай келин дейт экен, укканың барбы?
– Ооба, угуп эле жүрөм, өзүмдүн апама да айтат. Мен жөнүндө жакшы ойдо. Жөн жерден мактап жаткан жокмун, апам чынында абдан түшүнүктүү адам. «Балаңарды мен эле багам, силер иштегиле. Эмне теледен чыкпай калдыңар, гезитте да көрүнбөйсүңөр, жаңы клибиңер жок го?» деп тынчсыздана берет. Биз үчүн баарына даяр.

– Айрым ырчылар азан чакырылган атына кайтып келип жатканын билебиз. Сен качан Элмира болосуң же андай ой жокпу?
– Туугандарымдын баары Элмира дешет. Кайын журтум Неля деп көнүп калышкан. Мен өзүм жан дүйнөмдө Элмира элемин. Паспортумда Нуркул кызы Элмира болчумун. Чет жерге чыгарда, башка документтер менен иштегенде көп кыйынчылыктар жаралат экен. Ошондуктан паспортумду Неля Нуркулова кылып өзгөртүп алгам. Ушу менен эле калдым окшойт. Чоң эне болгондо деле Неля апа бойдон калам.

– «Кайып булак» тасмасын көргөндө жиниң келбейби?
– Ал ролум мага жагат. Сонун кезди баштан өткөрдүк. Көргөндө ошол убакытка барып келгендей элес калтырат. Мен профессионал актриса болбогондуктан, мындай ойноптурмун деп маанайымды чөгөрбөйм.

– Төркүнгө оокат ташыйсыңбы?
– Жардам берип турам. Апам өзү деле мугалим болуп иштейт, таптакыр биздин колду карап калган эмес. Кээде Урмат мага айтпай туруп деле жардам берип коёт.

– Турмушка чыгар алдында апаңа бизнес ачып берип жаттың беле?
– Жалгыз ачып бердим деп айтсам болбой калат, жапа тырмак кабаттуу үйүбүздү бүтүрүп, жанына ижарага берүү үчүн дагы бир үй салганбыз. Үй-бүлөдө үч кызбыз да, мен ортончусумун. Тың чыкмасы мен болдум окшойт. Анткени ата-энем үй-бүлөлүк бюджетти мага карматышчу. Кимге, кайсыга канча керек экенин ата-энем чогуу талкуулашып, анан менден алышчу. Мен мынча кетти деп кагазга жазып турчумун.

– Чыгармачылык өз нугунда дейсиң, ушу тапта ыр жаздырып жатасыңбы?
– Атамдын көзү өтүп кеткенине он жылдай болуп калды. Анын жаркын элесине арнап "Атаке" аттуу ырыма клип тартып бүттүм. Тексттин идеясы апама таандык.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(54)
21.10.2013. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Скромность украшает человека. Молодец на все вопросы ответила просто и умно. Оставайтесь всегда такой уважаемой,умной,счастливой и успешной.
21.10.2013. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мистер жана миссиз Смитт!Бала-бакыранар менен бактылуу омур сургуло!
21.10.2013. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
абдан женственная айым,айылда чонойгон кээ бир кыздарга салыштырмалуу тарбиясы жогору турган жашы кыз.Урмат бактылуу жигитсин,колуктунду абдан сыйлайм,назик чырайлуу акылман жан.
21.10.2013. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болгула. Ар бир уй булоого ушундай бактылуулукту каалайт элем.
21.10.2013. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен да уйдо 3 балам менен кундун кандай батканын сезбей калам сени жакшы тушуном, Талантынар ташкындай берсин жаркыраган жузунор менен кыргыз элин кубантып журо бергиле!
21.10.2013. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ммм ырчы катары сын да айта албайт экем,так катардагы эле го. Но вот уй булосун ар кандай созго конул болбой сактап келетканына данк.
21.10.2013. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ишине ийгилик .бактылу бол!
21.10.2013. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nelya sizde ech jasalmaluuluk jok da, baktyluu jubai katary ulguluu bolup juro beriniz!
22.10.2013. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мага да журналисттин суроолору жакпады,Неляны кайненесин жамандаткысы келди окшойт,сен ж-до кандай ойдо экен деп
22.10.2013. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акылдуу айымдардын бири. Бактылуу болгула !!!
22.10.2013. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
аябай акылдуу,назик айым мага аябай жагат Неля ишиерге ийгилик Урмат менен бактылуу уй-булолордон болгула!
22.10.2013. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага уну,келбети анан албетте назик айым,суйуктуу жар,мээримдуу эне,куйумдуу кыз,акылдуу келин катары жагат. Уй-було деген мамлекетти таза,тыкан кармаган айым катары кором. Кудай бетин ары кылсын,артына бир да ушак жолотпойт. Кайненесинин эрке келини,Урмат байкенин суйуктуу жары:),фестивальдарда ар дайым биринчи орун алат.. Кантип жетишет баарына. Уважаю) Бактылуу болушсу RESPEKT)
22.10.2013. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Неляны абдан сыйлайм, жада калса улпот тойубузда Неляныкындай чач жасалга кылып, окшош койнок кийген болчумун. Ийгилик каалайм, силердей бала-чакалуу уй-булоо болсок деген максатыбыз бар. Жолдошум да силердин ырларынарды коюп романтик откоргонду жакшы корот. Бакыт каалайбыз!
22.10.2013. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урмат экоонор бактылу болгула.Булардан улгу алса болот.
22.10.2013. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аял учун негизгиси балдарын караса,куйоосун ыраазы кылса болду. Уй булодон да жогору турчу бул дуйнонун дагы неси бар.
22.10.2013. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Укулуктуу деле ыры жок, сахна ансыз деле туруп турат,
шашпай эле ырдап чыкса болот, тескерисинче Урматтын ага чейинки ырдыган ырлары популярдуу болчу.
22.10.2013. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиричилиги башталды да...
22.10.2013. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арыктаган жарашат озу Неля айымга сулуу болуп калат.Стили да жакшы ачыптыр
22.10.2013. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
окуп чыгып Урмат байкеге татыктуу жар болгонунузга суйундум
23.10.2013. 03:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага озу Ырчылардан Неля гана жакчу назиктиги менен озун алып журуусу .Бактылуу болсун Ички дуйносу да назик болуш керек
23.10.2013. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Неля сени ушул жарык дуйного алып келген ата-энене рахмат. Тарбияна соз жок. Ылайым уул-кыздарын озундой болсун.Ийгилик сага.
23.10.2013. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Неля сени ушул жарык дуйного алып келген ата-энене рахмат. Тарбияна соз жок. Ылайым уул-кыздарын озундой болсун.Ийгилик сага.
23.10.2013. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Улгулуу уй було, ар дайыма озун жакшы алып журот. Бактылуу болушсун!
23.10.2013. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azamatsyz nelya aiym! Jurnalist oilogon go syryn aitat dep.. 4yn etikaga tuura kelbeit go bergen surooloru osobenno torkungo tawynasynby, balanyn kiimin kyzyn kiiebi dep
23.10.2013. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уй-булоо биринчи орунда дегени жакты мага азамат мага экоо тен жагат бактылуу болгула!!!
23.10.2013. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Baktyluu bolunuzdar.
24.10.2013. 07:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озун жакшы алып журот. Айым деген атка татыктуу. Башкаларга улгу болсун.
24.10.2013. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таланттуу болбосо да, жаркыраган айым.Суроолорго аябай жакшы жооп бериптир.Бактылуу болушсун!
25.10.2013. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсыз.сиз мага жылдыздардын арасынан эн жарыгы болуп коруносуз,ал жарыкка жарык кошкон сиздин жузунуздогу жылмайуу.
25.10.2013. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неля,мага силердин Урмат менен бирге ырдаган ырларынар жагат, дайыма бирге болгула, угарманынардын саны коп болсун.Балдарынардын урмат-сыйын коргуло, Жараткандан бардык жакшылыктарды тилейм.
06.11.2013. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неля менен сыймыктанса болот!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо