№572 18-октябрь-24-октябрь, 2013-ж

12-октябрь күнү «Береке» бий тобунун жетекчиси Айнура Кыдыралиева турмуш жолуна аттанып, көл жээгинде үлпөт тоюн өткөрдү.
– Тууруң туруктуу болсун, Айнура, жолдошуң Рустам менен кантип таанышып калдың эле?
– Рахмат! Рустам менен 5-6 жылдан бери жакшы тааныш болуп жүрүп, кыз-жигитке айландык. Кудай буюруп, минтип баш коштук. Жолдошум 30 жашта, мага анын чечкиндүүлүгү, мени сыйлап турганы жагат.
– Рустам, Айнуранын кайсы сапатына ашык болуп калдыңыз?
– Айнура абдан тыкан, таза кыз, анын бийлегени аябай жагат. Көп жылдан бери издеп жүрүп тапкан кызым (күлүп). Биз абдан бактылуубуз!
– Тойду эмне үчүн Ысык-Көлдө өткөрүүнү чечтиңер?
Р.: – Үлпөт тоюбуз оригиналдуу болсун дегенбиз. Азыр Бишкекте тойдон көп нерсе жок го.
– Үлпөт тойдо алган эсте калган белегиңер эмне болду?
А.: – Рустам экөөбүздүн эжелерибиз биригип бизге Бишкектен эки бөлмөлүү батир белек кылышты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |