№572 18-октябрь-24-октябрь, 2013-ж
«Бригаданын» башчысы Сергей Безруков жубайы Ирина менен 13 жылдан бери балалуу болууну самап, көп жерлерге барып сыйынып жүрүшкөн. Эки жашка Кудайдын боору ооруганбы, былтыр папараццичилер актёрдун жубайынын кош бойлуу кезин сүрөткө тартып, интернетке чыгарышкан эле. Бирок бул боюнча Сергей ак же көк дебей абалдан чыгып кеткен болчу. Эми минтип актёрдун атасы сырды ачып отурат. Тагыраак айтканда, жакында эле режиссёр Виталий Безруков тасмасынын бет ачарында бир жыл мурун уулу аны Александра жана Иван аттуу эгиз неберелүү кылганын жар салды. Атасынын мындай билдирүүсүнөн кийин деле актёр эл менен сүйүнүчүн бөлүшүп, перзенттүү болгонун ачык айта элек.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |