Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Клара Акматова:«БОЮМ КЫСКА БОЛСО ДА, МАКСАТТАРЫМ УЗУН»

№572 18-октябрь-24-октябрь, 2013-ж

Журналисттик кесип коомду ар тараптан туташтырып турган желе болгондуктан, турмушта түрдүү адамдарга жолугасың. Алардын бири, биздин бүгүнкү каарманыбыз Клара Акматованы көрүп, сүйлөшүп отуруп мен күчтүүмүн деген адамдардын катарын толуктаарына ынандым. Ал бирде көзүнө жаш алып, бирде уялыңкы жер карап оор тагдыры, узун кыял-максаттары, үмүттөрү тууралуу айтып берди.

«АПАМДЫН АКЫРКЫ СӨЗҮН УКСАМ ЭМНЕ?..»
– Мен 1989-жылы 29-апрелде Кара-Суу районунда туулгам. Үй-бүлөдө эки бир тууганбыз, иним бар. Апам 2 жыл мурун каза болду. Атам айылда турат, иним Орусияда иштеп жүрөт. Ата-энем, тууган-урук, баарынын эле бойлору кадимкидей, менин гана боюм ушундай кыска. 2-топтогу майыпмын. Ош шаарында интернет-клубда иштечүмүн, азыр ал жерден бошоп, өзүмө ылайык башка жумуш караштырып жүрөм. Туугандарым, жакын досторум моралдык да, материалдык да жардам берип турушат. Бешенеме ошолордун бар экенине ыраазы болом. 
Туулганымда оор тагдырды мойнума байлап түшсөм, апамдын көзү өткөндөн кийин тагдырым андан да оорлошту. Туугандарым жакшы сүйлөп, көңүлүмө карап турса да, апамдын бир ооз сөзүнө жетпейт. Энемдин ар бир сөзү мен үчүн дары болчу. «Айланайын, кагылайын» деп эркелеткен сөздөрү дале кулагымда. Майып болуп төрөлгөн тагдырыма нааразы болуп «Неге мени мындай жараттың? Ушундай болуп жаралгандан көрө жаралбай эле койгонум жакшы болчу» деп апамдын көңүлүн оорутчумун. Азыр «Апа, сенин арбагың тынч жатыш үчүн бул ойлордон толугу менен арылдым. Рахмат сага, мага жан бердиң, көзүңдөн алып көз, тишиңден алып тиш бердиң. Мени кечир, ойлонбостон тагдырыма нааразы болгонума, сенин көңүлүңдү оорутканым үчүн кечир, апа» дейм.
Ойлоп көрсөм, бактылуу күндөрдү апам барда көп өткөргөн экенмин. «Мени мындай жаратканың аз келгенсип, апамды да эрте алып кеттиң» деп кээде Кудайга да нааразы болуп кетем. Апам 52 жашында жашоодон өттү. Бизди багам деп Орусияда 3 жыл иштеп жүрүп, келерге жакын каза болуп калды. Бири «богогу кармап калды» дейт, дагы бири «жүрөгү кармады» дейт, толук билбей деле калдым. 3 жыл көрбөй, мына келет деп кубанып жатканымда жансыз денеси келгенине ыза болом, жок дегенде акыркы сөзүн угуп, акыркы көз ирмемдерин көрсөм эмне?..

«БАЛКИМ, МЕН ЧЫНЫГЫ ЖАШООДО БАКТЫЛУУ БОЛОРМУН»
– Досторумдун көбү эркек балдар. Кыздарга караганда мага көп колдоо көрсөтүп, жардам беришет. Өзүмө пайдалуу жана туура кеңештерди да мырзалардан угам. Компьютердин иштерин жакшы аткарам, сайма саям, китеп окуйм, үй жумуштарын жасайм. Эң бийик максатым – актриса болуу. Мектепте окуп жүргөндө сахнада бир нерсе аткарып калсак эле мага жалаң терс каармандардын ролун беришчү. Себеби кызга окшоп назик эмесмин, жүрүм-турумум да, сүйлөгөнүм да орой. Эгерде кинолорго роль сунуштап калса баш тартпайм. 2007-жылы сунушташкан болчу, бирок үй-бүлөлүк шартка байланыштуу тартылбай калгам.
Мага окшогон адамдар деле эптеп күнүн көрөт, менин да күнүм өтө берет, болгону адамдар таңыркап мени караганда, жашымды сураганда ачуум келип, намыстанып кетем. Нервим жука болгондуктан «Эмне карайсың?» деп кыйкырып жиберем. «Эмнеге?» деген суроону өзүмө көп берем. «Эмнеге мындай жаралып калдым, балким, боюм узун болгондо башкача кыз болот белем?» дейм. Айрыкча досторумду көргөндө түнөрөм. Кээде «Төшөктөн тура албай жатып калгандар деле жашап жатат го, жарыкты көрбөй көзү азиздер да жүрөт го, мен эмнеге капа болушум керек?» деп ойлонуп, ушуга да шүгүр кылам. Бул да сыноо, балким, мен чыныгы дүйнөдө бактылуу болормун деп ойлоном. Башыма эмнелер гана келбеди, кандай гана күндөрдү көрбөдүм, алдыдагы кыйынчылыктардын дагы баарына чыдайм.

«ҮЙ-БҮЛӨ КҮТҮП, АЯЛДЫК БАКЫТТЫ СЕЗГИМ КЕЛЕТ, БИРОК...»
– Аялдын бактысы – бир үйдүн кожойкеси болуп, бала карап отуруу эмеспи. Мен да бул нерсени эңсейм. Бирок кыз баланы ар тараптан чектеп коёт экен. Майыптыгымдын артынан турмуштан ордумду таппай өтүп кетишим ыктымал. Мүмкүн, эркек болгонумда тапмакмын, себеби аларга бардык жактан мүмкүнчүлүк берилген. Кээ бир бардык мүчөсү соо болгон аялдар тагдырына өкүнө беришет. Эми элестетиңиз, майып аялдын тагдыры кандай абалда экенин. Мени бардык мүмкүнчүлүктөн чектеп койгон. Бирок ниеттеримдин баарын түз жакка бурам, кээде жаман оюмда өзүмдү ушинтип алдап жатамынбы деп да ойлоп кетем. Боюм кыска болгону менен, ой-максаттарым, тилектерим узун. Күчүмдүн баарын, эмгегимдин баарын апамдын ак сүтүн актап өткөнгө жумшайм. Апам Исраил Сулайманов атындагы орто мектепте 28 жыл кыргыз тили мугалими болуп эмгектенген. Ыр жазчу, ырларын китеп кылып чыгарам деген ниети ишке ашпай өтүп кете берди. Ошол китебин жарыкка чыгарып, мектептеги бир классты апамдын атына алып берүү тилегим бар. Мындан аркы эмгегимди кайрымдуулук иштерине жумшайм. Айылга барып апама куран окутуп турам. Атамды ажыга жиберип, жетим балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, жакыр үй-бүлөлөргө жардам берип, Кудайдын пенделерге болгон сүйүүсүн көрсөтсөм деп тилейм. Жашоомдун маңызы ушундай өтүп турса, анда мен жашап жатам деп рахаттанар элем...

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(28)
21.10.2013. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bul da bolso Allahtyn kaalosu nagdyrga naraazy boluu jaman iw Allaah akyrette sizdi baktyluu kylsyn
21.10.2013. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болосун омурлуу болосун, тилектерин орундалат
21.10.2013. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым мындай сыноону суйгон адамына берет сен бактылуусун сени ар качан ар тараптан кудайым колдоп журот эч качан жаратканга нааразы болбо алдыга умтул тилектеринди орундат бактын ачылып сен да аял бол эне бол.
21.10.2013. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тилектерин ишке ашсын, бактылуу бол!!! Эч качан жашоодон умутуну узбо! бакыт каалайм!!!!
21.10.2013. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшылыктан умут узбонуз.
21.10.2013. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эч убакта майыпмын деп кайгырба. Себеби сен "бейиштиксин"!!!
21.10.2013. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Клара,ниетине жет
21.10.2013. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Клара менен кичинекей кезимде ата- энелерибиз экообузду достотушкан. Кийин биз шаарга келе бердик. Ошенттип ортодогу мамиле узулгон эле. Клараны газетадан коруп алып журогум ооруду, колумдан келген жардамымды бергим келди....
21.10.2013. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Кудайдын пенделерге болгон сүйүүсүн көрсөтсөм деп тилейм. Жашоомдун маңызы ушундай өтүп турса, анда мен жашап жатам деп рахаттанар элем..." Жашооңдогу ушул максатты тапкандан кийин эч нерседен арман кылбай койсоң болот. Ак жол!
22.10.2013. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Арзууга айып жок". Ойлогон оюна, тилеген тилегине жет ылайым !!!
22.10.2013. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тилектеринизге жетиниз
22.10.2013. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айтылуу Болуш Мадазимовдун небереси, менин суйуктуу эжекемин кызы турбайсынбы. Сен жалгыз эмессин, кыйынчылыгыны болушоор биз барбыз!Аллаанын мээрими чексиз, баарына сабырдуулук кылсаң, сенде да майрам болот.
22.10.2013. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир созунуз маанилуу экен, ойлогон ой тилегинизге жетиниз,Урамттуу синдим сизге кудай таалам озу жар болсун.
22.10.2013. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тилеген ой максаттарыныз ишке ашсын, жаратканым сизди да бактылуу кылат деп ишенем.
22.10.2013. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Келечектен умут узбо кызым!Эч качан кичирейбе ! Жаш сын жакшы кундор али алдыда сен бактылуу болосун! Кудай кааласа!
23.10.2013. 04:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ИншаАЛЛА баардыгы жакшы болот!!!эч кайгырбаныз!!!
23.10.2013. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Максатарына жеткин ылаайым сендагын биркун бактылуу эне болосун.
23.10.2013. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым кааласа бардык жакшылыктарга жетишесин,омурун узуун болсун,тилеген ой максаттарына жет!!!!
23.10.2013. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактуулу болунуз аллахым жардам берсин
23.10.2013. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Белгилуу,атактуу акылдуусунган адамдарга караганда маанилуу суйлоптур.Тилегине жет.
24.10.2013. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай тилеги тунук кыз экен. Бактылуу бол.
24.10.2013. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тилектерин орундалып бактылуу болушунду чын журоктон тилейм!!!
24.10.2013. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
албетте бактылуу болосун
24.10.2013. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тилектериң ишке ашсын, асыл адам!
24.10.2013. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын кудай тилегине жеткирсин ылайым
26.10.2013. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоондо сзсуз бктылу болосун,ишене бер.
26.10.2013. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эки дуйно бактылуулукту каалайм!
Сабыр бул ыймандуулуктун башаты!
Аллах аркы дуйного барганда сулуулугунарга эмес, боюнарга эмес ЖУРОГУНОРГО карайм дейт экен!
16.11.2013. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ма ша АЛЛАХ,баарынан дагы ниетимди ар дайым жакшы жака буурам дегени жакты!АЛЛАХ ниетибизге жараша берет,андыктан ар дайым жакшы ниетте болуп,кумондон алыс бололу!!!АЛЛАХ ниеттеринизди кабыл кылып,эки дуйно бактылуулугун берсин!Сиздин ин ша АЛЛАХ,акыретте сыйлыгыныз чон болот,эгер ар бир нерсеге шугур деп,куноо жасап алып, тоуба кылсак...!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо