ЭХ, ЖИГИТТЕР, НЕГЕ МЫНЧА ШОКСУҢАР?

№572 18-октябрь-24-октябрь, 2013-ж

Күз келген сайын Кыргызстандагы белгилүү бойдок мырзалардын саны азайып барат. Кыздар, бүгүн жүрөгү, башы бош мырзаларды тизмектеп, төмөнкүлөрдү силердин сыныңарга коюуну чечтик. Байкаштырып көргүлө, балким, кыялыңыздагы ханзаадаңыз бул тизменин арасындадыр.

КУБАТТЫН ЖУБАЙЫ ЭЧ КИМДИКИНЕ ОКШОБОШ КЕРЕК

Толук аты – Кубат Кубанычбеков
Туулган жери – Ысык-Көл облусу
Жашы – 25те
Бою – 188 сантиметр
Салмагы – таразага түшө элек

Кайсы сыйлуу концерт, сынак болсо төбөсү ошол жерден көрүнгөн «тамашоучу» Кубаттын алпаруучулук өнөрдү өздөштүргөнүнө көп болду. Жигит тың, алпаруучулук менен кошо той-кечелердин көркүн ачып тамадалык да кылат. Учурда бопбойдок, бирок аны өзүнө имерип алгысы келген кыздарга койгон талабы да катуу. Кубанын жары болчу кызда 200 пайыз ыйман, 300 пайыз мээ болуш керек. «Кыз кишиде акылмандык болбосо калган жакшы жактарын жөн эле жууп кетет» дейт. Анан да Кубанын чийилген дубал үчүн деле бир саат бою наалып, чукуп сүйлөп, тийишип, мээни жеп салмай «вредный привычкасы» бар экен, ошого чыдаш үчүн сизге 400 пайыз сабырдуулук талап кылынат. Жөнү жок кызгана берген кыздарды өзүнө ишенбеген, өзүнө баа бере албаган айымдар деп эсептейт. Кыскасы, тамашакөй жигиттин болочоктогу жубайы эч кимге окшобой, тескерисинче, элдики аныкына окшошу керек. Үй жумуштарын жасаганды билбесеңиз кам санабаңыз, Куба 2-классында уй сааганды, 3-классында камыр жууруганды, 4-классында кир жууганды үйрөнгөн. Үйдө болочок келинчегине жардам берип, кол кабыш кылууну уят деп эсептебейт. Андыктан эртерээк «реакция» кылып, тамашакөй жигиттин жүрөгүнө кетчү жолду издеңиз.

КУМАРДЫН ЖЫЛМАЮУСУ ЭЛЕ БИР ТАЙЛЫК

Толук аты – Кумар Сагын уулу
Туулган жери –
Ош облусу
Жашы –
19да
Бою –
«Жебе» тобунун узуну
Салмагы – орто эле

Баш көтөрбөй Кенже Дүйшееванын айтканын айткан, дегенин дегендей аткарышкан «Жебе» деген топ бар. Кенже эжекебиз атайын келбетине карап тандаганбы, курамдагы жигиттердин өң-келбети келишкен, модель болуп алышса деле жарашчудай. Арасынан Кумарга ашык болгон кыздар оголе көп. Социалдык желеде илинген ар бир сүрөтү талкуусуз калбаган ырчыга ар кандай мүнөздөгү кыздар жагып калышы мүмкүн. Келбетиңиз жакпаса башка жакшы сапаттарыңыз менен деле Кумардын бал ширинине айлансаңыз болот. «Сүйүктүүм көзүмө чөп салса, токтоосуз мамилемди үзөм» дейт Кумар. Андыктан эки фронтто жүргөндү жактырган кыздарга Кумар деген абонент түбөлүк «недоступен». Ал эми мүнөзүнө келсек, ырчы жигит сылык, жумшак, кээде уялчаак, айтор, ар кандай. Достукка бекем, сүйүүгө туруктуу Кумардын сүйүктүүсү болгуңуз келсе, анда азыртадан аракетти баштаңыз.

БЕКТЕМИРДИН КАДАМДАРЫН АҢДЫЙ БЕРБЕҢИЗ

Толук аты – Бектемир Мамаюсупов
Туулган жери –
Бишкек шаары
Жашы –
27де
Бою –
183 сантиметр
Салмагы –
78 килограмм

Жаш актёр Бектемир Мамаюсуповдун «Салам, Нью-Йорк!» тасмасындагы ролунан кийин көп кыздар «эх» деп кыялданып калса керек. Ооба, кыздар, актёр жигит тамшанчудай эле бар. Алыңар жетсе эртерээк чаап алганга шашкыла, антпесе атаандаштык күчтүү. Бектемир жалгыз, баарыңарга үлгүрө албайт. Кара каш актёр эркиндигин чектеген кыздарды жактырбайт. Ашыкча кызганчаак болсоңуз иштин бүткөнү, андан көрө анын оң-солго кеткен кадамдарын аңдыбай, тилиңизди тишке катып көрмөксөнгө салып койсоңуз жеңиш сиз тарапта болот. Бектемир «Кыздардын арасында чоңойгонмун, алардын психологиясын, эмнени каалап жатканын сүйлөгөнүнөн эле билем» дейт. Демек, аңдап сүйлөп, тыңдап укканга үйрөнөт экенсиз. Актёрдун жубайы болууга жигиттер менен көп сүйлөшпөгөн кыздардын мүмкүнчүлүгү көбүрөөктөй, анткени бойдок мырза дал ушундай кыздарды сыйлайт.
Ии, баса, бул жигит баш айланткан атактуулуктан тажаган окшойт, айтор, акыркы күндөрү тынчтыкты самап калганын айтты. Эмне дейбиз, Бектемирдин талантына таазим эткен кыздар, чамдагыла, балким, «финишке» сиз биринчи жетерсиз.

МИРСУЛЖАН ЖУБАЙЫНЫН ҮЙДӨ ОТУРУШУН КААЛАБАЙТ

Толук аты – Мирсулжан Намазаалы
Туулган жери –
Талас облусу
Жашы –
26да
Бою –
171 сантиметр
Салмагы –
70 килограмм

Келечектен көптү үмүттөндүргөн коомдук ишмер Мирсулжан Намазаалы да көз күйдүргөн бойдок жигиттердин катарын толуктайт. Жаш саясатчы кыздарды улутуна, динине карап бөлбөйт. Мирсулжан: «Мага көздөрү жанардай күйүп турган, жөндөмдүү, аракетчил, билимдүү, негиздүү максаттары бар кыздар жагат. Максаты жок кыздар менен баарлашып, ой алмашуу мен үчүн кызыксыз. Эң негизгиси, бизди байланыштырган кызыктуу тема болуш керек. Кыздар кыргыз жана орус тилдерин билүү менен чектелбестен, англис жана башка тилдерди өздөштүрүүлөрү абзел. Үй-бүлө куруу бул абдан чоң жоопкерчилик, андыктан «үйлөнүш керек» деп шашкалактабайм»,- дейт.
Тамак ылгабайт, бирок лагман менен жашылчадан жасалган салаттарды жакшы көрөт. Сөзсүз эле үйдө аял киши тамак жасашы керек дегендерден эмес. Анан да балалуу болгондон кийин жубайынын үйдө отуруп калышын каалабайт, келинчеги «үйдө отурам» десе да каршы чыгат. «Иштебей үйдө отурган айым менен эмне тууралуу сүйлөшмөк элем?» дейт. Кемчилиги, кээде жалгыздыкты жакшы көрөт, эч кимге айтпай тоого чыгып кетип калса таарынбаңыз. Чоң үй-бүлөдө өскөнүнө карабастан, келечекте 2-3 баланын гана атасы болсом дейт. Анткени ар бирин тарбиялап, окутуп, билим берүүнү чоң түйшүк деп эсептейт. Андыктан илим-билимге умтулган кыздар, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, бул жигитке баам салып көргүлө.

АТАЙДЫН КЫРС МҮНӨЗҮНӨ ЧЫДАШ КЕРЕК

Толук аты – Атай Өмүрбеков
Туулган жери – Чүй облусу
Жашы – 28де
Бою – 182 сантиметр
Салмагы – 80 килограмм

Атай Өмүрбеков «Ээнсиреген үй» тасмасына тартылгандан кийин жамбаш булчуңуна суктанган кыздар пайда болгонун айткан эле. Дегени менен, актёр жигит «Мен өтө эле «старомодныймын» кыздар жигиттерге эмес, жигиттер кыздарга биринчи сөз айтыш керек деген принциптин модасы кетип калса деле тутунам. Ошон үчүн эгер кыз мени жактырып калса, жагынуунун айласын издебей жөн гана мага жактыруу сезимдерин билдирип койсо, калганын өзүм улап кетем» дейт.
Жөнөкөй, чачы узун, тыкан, таза айымдар Атайдын табитинде. Талаптарды коюп, «мындай-тигиндей бол» деп да айтпайт, ким болсоңуз да Атайдын чыгармачылыгын колдоп, аны түшүнсөңүз болду. Кемчилиги, жини бат келет, чагылгандай чарт-чурт болгон мүнөзүнө чыдабайм десеңиз, ак жоолугуңузду азырынча сандыкта эле катып турганыңыз оң. Тамакты даамдуу жасай албасаңыз ага деле көз жумуп коёт, болгону картошка менен эт кууруганды билсеңиз болду, калганын өздөштүрүп кетет деген үмүттө.

Лунара Бекиева
star@super.kg


Көз күйдүргөн бойдок жигиттерге кандай бийкечтер жагат?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(40)
21.10.2013. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кубатты уйлонгон деп уккан элем
21.10.2013. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тамашоучу Бакыттын тоюнда бир кыз мн куттуктаган жери бар ошол жерде "биздин уй булонун атынан"- деп айткан жери бар
21.10.2013. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
543 санында
21.10.2013. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"недоступен"... Ото катуу айтылган эмеспи дейм даа. "Бул мындай, тиги тигиндей" дештен алысмын, анткени адам убакыт откон сайын озгоруп турат.
Кантсе да баарына оздору каалагандай жубай табыларына тилектешмин.
Бирок, бир нерсени унутпаш керек: "Тандаган тазга жолугат!" :))
24.10.2013. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sweet-Lika, мага недоступен деп жазган жери жакты! кулкулуу экен! жакшы кыздар буларга жептейт го дейм! анткени жакшы кыздарды багып жургондор коп, анан алар шашылып коркушканынан жоолугун салакалышат! башка илип кетпесин деп!
21.10.2013. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бектемир жалгыз,баарынарга улгуро албайт дейт го))))
22.10.2013. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jesika, мдааа-а-уж, "не гигант" деп кой %))))
21.10.2013. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ужас арасынан бири дагы жакпады..
Сулуусунан жылуусу деген туура да..
22.10.2013. 08:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
булар кимдер вообще?
че за ?
Модератор admin_media түзөттү 22.10.2013 09:41
22.10.2013. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арасында Мирсулжанга жубай болгон кызга гана суктанам. Эн негизгиси акылдуу эркек дуйнодогу эн сулуу кызды эмес озунун жан дуйносун сулуу кылган кызды суйот деп ишенем.
22.10.2013. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кубатка айтат элем,негизинен аялда 500пайыз мээ болот.Ошол мээни азайткан сен сыяктуу эркектер.Аялдардын баары сенин энен,сенин эжен,сенин карындашын,сенин кызын ушулардын мээси да 300пайыз деп ойлойсунбу?Албетте жок.так что кы... .
22.10.2013. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kumardyn kulgonun koro albadym da e4 ele
22.10.2013. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эмнеси болсо да, бул артист жигиттердин жубайы болуш ото эле кыйын болуш керек, толтура кыздар тийишет, гастролдоп кетишет, куну туну сьемка, тойлор.... кандай кыздар чыдайт болдукен....
22.10.2013. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеси болсо да, бул артист жигиттердин жубайы болуш ото эле кыйын болуш керек, толтура кыздар тийишет, гастролдоп кетишет, куну туну сьемка, тойлор.... кандай кыздар чыдайт болдукен....
22.10.2013. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jyldyz bolup alyp, asmandagy aidy tileisiner da... Jakwy kyz kimge jakpasyn..
SUPER.KG видео
22.10.2013. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары жакшы кимге кандай кыз жакса ошондой кызга жолуксун деп тилеймин! Ой максатарга жеткиле!
SUPER.KG видео
22.10.2013. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кубаттын уже суйлошкон кызы бар(
SUPER.KG видео
22.10.2013. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимисин тандасам экен!)
SUPER.KG видео
23.10.2013. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ммм аппетиттери тим эле го.
23.10.2013. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куба 5
23.10.2013. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kumar sooooonun jigit
23.10.2013. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дайырга кандай бактылуу кыз тийет болду экен
SUPER.KG видео
23.10.2013. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мирсулжан талапты катуу койуптур, ой катуу болотго колукту менен жашоо.
SUPER.KG видео
23.10.2013. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тидениниздердей кыздарга жолуккула! Атай байке сагыз чайнап алганбы?
SUPER.KG видео
23.10.2013. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мирсулжан эн акылдуу суйлойт экен,хорошим мужем будет это видно, начитанный, интеллигентный..
SUPER.KG видео
24.10.2013. 07:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы эркектерге баардыгы жагынан даяр аял керекпи деп ойлоп калдым.
Мирсулжан анча болду уй жайы бар, акчалуу аял керек дебепсин.
Кобуно белги болгондой эркектер азыр окуу жайды буткон, ишке орношкон кыздарды соз дебей алат.
Бияктан чогу бирге осолу деген созду биринен да уга алган жокмун.
Мынча коп талапка жооп бере турчу жаш кыздын жашоосунда анча опыт жок, андай улгайып калган аялдарда эле болсо керек
SUPER.KG видео
25.10.2013. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мирсулжан сонун жооп бериптир чыныгы политик экенин ушундан бил
26.10.2013. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мага Атай жакты ушундай муноздогу эркектер жагат мага да.
27.10.2013. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздарда башка тушсо байтал жорго дейт. алып алып тарбиялап аласынарда.
03.11.2013. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adamdyn baary jakwy,men uchun and an da jakwy kylyp alyw adamdyn ozunon
SUPER.KG видео
08.11.2013. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тээ илгерки кыргыздын нукура жигиттери каякта азыр балдарды карасан тиги кореянын эзилген созулган балдарын туурап алардай кийинип суйлоп жада калса баскан турганын да окшотуп алышкан айланайын мырзалар кыргызга таандык касиетке ээ болгулачы жарашкан ишти жасагыла
SUPER.KG видео
08.11.2013. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздардын баары жакшы жаман аял каяктан чыгат демекчи уй булоосун жакшы билуу керек энесин коруп кызын ал дейт го кыздар учкан куш сыякту уяда эмнени корсо учканда оршону кылат турмуш курууда ото кылдат болуш керек бул сенин бутун омурун болот
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо