КЛИПТЕГИ БЕЛГИЛҮҮ ЖҮЗДӨР

№572 18-октябрь-24-октябрь, 2013-ж

Мындан 5-10 жыл мурун тартылган клиптерден тааныш жүздөрдү көрсөк, «ий, баланча го», «түкүнчө го» деп өткөрүп жиберебиз. Азыр алардын айрымдары белгилүү ырчы болсо, айрымдары беделдүү режиссёр, актёрго чейин жетишкен.

«НАРИСТЕ» АНСАМБЛИНИН КӨРКҮ – БАЛАКАЙ АБДЫЖАПАРОВ
«Наристе» ансамблинин «Сен менин айтылбаган ырларымсың» деген ырынын видеосунда артта тыпыйган бир бала барабан ойноп жатканы көзгө урунат. Аны «ий, жаш бала экен» деп өтүп кетпей, жакшылап көз токтотуп карасаңыз, тааныйт болушуңуз керек. Ал – азыркы белгилүү режиссёр Эрнест Абдыжапаров. «Мен 11 жашымдан тартып 4 жыл «Наристе» ансамблинде барабан ойногом. Ал кезде вокалдык-инструменталдык ансамбль жокко эсе эле. Кастинг аркылуу өтүп, башында кичинекей балдардын ансамбли түзүлүп, ошондо болчумун. Кийин улуу топтун барабанчысы аскерге кеткендиктен, ордуна мен ойноп калгам»,- дейт режиссёр.

СЮЖЕТИ ЖАЙЛООДО ЖАРАЛГАН
«Байкоосуздан сага кабылдым,/ Кайдан жүрүп, неге табылдың?» деген ыр саптарынан турган Жылдыз Тутуеванын «Сагындым» аттуу клиби бар. Андагы өтүп баратып эс алганы түшкөн атчан мырзанын жүзү сиздерге тааныш учураса керек. Жылуу учураганы да бекеринен эмес. Анткени ал жөнөкөй каарман эмес, бир нече ролу менен белгилүү болгон актёр Болот Тентимишов. Ырчынын айтымында, клип 1998-жылдары тартылган. Кызыгы, толук кандуу сюжети жок эле жайлоого аттанышып, ошол жактан Болот мырзанын идеясы менен толук сценарий иштелип чыккан. Актёр ал кезде азыркыдай атактуулукту багындыра элек болсо да, театрда иштеп, 5-6 кыска метраждуу тасмаларга тартылган эле.

ӨЗҮН АКТЁР СЕЗГЕН ДАНИЯР
Данияр Эрматовдун багын «Токто, жаным» деген ыры ачканы баарына маалым. Көрсө, Данияр ал ырына чейин да «Махабатым» деген ыр жаздырып, клип тарттырган экен. «Ал кезде Эрнист Сыдыков клипмейкер, мен ырчы болсом деп кыялданчубуз. Ошол клиптен кийин Замир Мырзадан экөөбүзгө тең сунуш түшүп калды. Күтүүсүз сунушту кабыл алып, анын «Сүйүүгө таазим» деген клибине тартылып, өзүмдү актёр сезип калгам»,- деп күлөт ырчы. Данияр клипте роль жараткандан кийин ырчы болууга кызыгып, кыялын орундатууга катуу киришет. «Айрымдар Замир байкенин клибине тартылгандан кийин белгилүү боло баштадың дешет. Бирок мен ага чейин деле ырдап жүрчүмүн»,- деп актана кетти Данияр.

АТАСЫНЫН ТЫҢ КЫЗЫ
Ильяз Абдыразаковдун «Эргүү» деген клибинде унааны ары-бери ызгытып айдаган кызга көзүңүз түшкөндүр. Ал бийкеч клиптин башында, анан аягында бир көз кысып өтүп кетет. Аны көрүп «Бул чын эле Айпери Кубик кызыбы?» деп күмөн санагандар болгон. Ырчы кыздын айтымында, клипке машина айдай алганы үчүн катышып калган. «Ал кезде жеке ырчы болом деп жүргөм. Ильяз «Машина айдай аласыңбы?» деп сурап, айдай аларымды билгенде ойлонбостон каарман кылып алды. Ага чейин Асел Турдалиева менен атамдын «Нан жок» деген клибинде тартылгам»,- дейт Айпери. Клипте атасы достору менен уурданып аракты чайнекке куюп, эми ичели деп кудуңдап отурушканда чайнекти төгүп салган кыз бар эмеспи. Ошол тың кыз – Айпери.

«МИРБЕКТИ ЖАМАН КӨРҮП...»
Байкап көрсөк, Асел Кадырбекованын багын клиптер ачкан сыяктуу. Мирбек Иманбековдун бир кездеги карындашы чоңоюп, азыр суйкайган ырчы бийкечке айланбадыбы. Клиптеги ролу тууралуу Асел мындайча эскерет: «Клип тартылганда мен теледе алпаруучу болуп иштечүмүн. Бир жолу бизге конокко Мирбек Иманбеков келип калды. Ага «Акыркы жолу качан сүйдүңүз эле?» десем, «5 мүнөт мурун» деп жатпайбы. Мындай тоготпогондой жообуна жиним келип, жаман көргөм. Көрсө, Мирбек байке ошондо эле мени клибине тартам деп койгон экен. Андан кийин Ильяздын «Кызганам» деген клибинде сүйлөшкөн кызынын ролун ойногом. Ильяз көпкө кыз издеп убара болуп, акыры мага токтолгон».

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


Клиптеги белгилүү жүздөр

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
SUPER.KG видео
19.10.2013. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эрнис Сыдыков аябай аракетчил болгон экен. Ийгилик. Асель Кадырбекова Мирбектин биринчи суйгонумун де.
SUPER.KG видео
19.10.2013. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эрнест байке аябай аракетчил экен! ийгилик сизге!
SUPER.KG видео
20.10.2013. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асель Мирбектин андай жообуна жинденбей эле суйунсо болмок экен да.
SUPER.KG видео
20.10.2013. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ха ха ха... Айперини бааныбай жүргөн экем!
21.10.2013. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
могу Аселдииии вообще башкачагао, а Эрнестчи Абдыжапаров такыр окшошпойт озуно
22.10.2013. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көзү кумарлуу, аябай сулуу кыз да ушул.
SUPER.KG видео
21.11.2013. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мен да клипке тартылыгм келет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо