
Кумшекердин мекени – Индия. Бул өлкөнүн жашоочулары кант камышынан (тростник) шире кайнатып, андан кумшекер жасашкан. Кийин кант Европа менен Азияга тарала баштайт. Бизге орустар аркылуу келгени маалым. Улуу-кичүүнүн баарын таттуулугу менен арбаган кумшекердин көптөр билбеген сырларын ачып көрөлү.
КАЙДАН АЛЫНАТ?
Кумшекер атайын кант өсүмдүктөрүнөн алынат. Ал үчүн климаты, жер кыртышы жана башка шарттар эске алынып, ар кайсы жерде ар башка өсүмдүк өстүрүшөт. Шартка ылайыктап кыйыштыруу ыкмасын колдонуу менен жаңы түрлөрдү алууга да аракет жасалып келет. Кант алынуучу негизги өсүмдүктөр:
- Кант камышы. Жапайы түрү Индияда көп кездешет. Көп жылдык өсүмдүк деп эсептелген кант камышы жылуу жерлерде өсөт. Сууну көп талап кылат. Кант алууда сөңгөктөрү пайдаланылат.

- Кант кызылчасы. Эки жылдык өсүмдүк. Кызылчадан кант алууга болорун алгачкылардан болуп 1747-жылы Берлин Илимдер академиясынын кызматкери Андреас Марграф айтып чыккан. Кийинчерээк Наполеон бул азыктын экономикага кошчу салымын аңдап көргөн. Акыры Францияда эң алгачкы кант кызылчасын иштетүүчү завод ачылган.

- Клён. Канаданын чыгышында жашаган элдин салттуу кант алуучу өсүмдүгү – клён. Эрте жазда дарактын сөңгөгүн чукуп, тешикче жасап коюшат. Ал жерден сарыгып чыккан суюктукту кайнатуу жолу менен кант алынат.
- Пальма. Түштүк Азия, Индия океанынын аралдарында кантты кокос пальмасынын ширесинен алышат. Ширени буулантуу жолу менен кумшекер жасалат.

- Сорго. Сорго – тарууга окшош дан өсүмдүгү. Байыркы кытайлар бул өсүмдүктү кант алууда пайдаланып келишкени маалым. Бирок убарасы көп, алынган таза канттын өлчөмү салыштырмалуу аз болгондуктан, учурда айдалбайт.
Айта кетчү нерсе. Кант менен кумшекердин айырмасы формасында: кумшекер – чуурума, ал эми рафинад – төрт чарчы болуп пресстелген. Экөө тең кристалл түрүндөгү кант.

КҮРӨҢ КУМШЕКЕР СУУСУНДУККА ӨЗГӨЧӨ ДААМ БЕРЕТ
Кумшекердин түсүнө карап күрөң жана ак деп айырмалоого болот. Күрөң кумшекер рафинаддалбаган кант камышынын ширесинен жасалат. Анын курамында күрөң түстүү жана өзүнө тиешелүү жыты, даамы бар меласса (58-60 пайыз көмүртек) заты болот. Бул өтө баалуу азык деп эсептелип, малды семиртүүдө колдонулат. Күрөң кумшекерди кофе, чай үчүн татым деп атап жүрүшөт. Себеби ал суусундукка өзгөчө даам тартуулай алат. Тазалоодон өтпөгөндүгү үчүн экологиялык таза деп эсептелинип, ошону менен катар баалуу деп саналат. Анткени менен диетологдор абайлап колдонбосо семиртерин эскертишет.
КЫЗЫКТУУ
-
Учурда кумшекерди эң ири өндүрүүчүлөр болуп Бразилия (1 жылда 35 миллион 750 миң тонна), Индия (28 миллион
300 миң тонна), Европа өлкөлөрү (16 миллион 740 миң тонна), Кытай (11 миллион 840 миң тонна) эсептелет.
-
1 чай кашык кумшекерде (4 грамм) 16 килокалория бар. Андыктан семирбөө үчүн 1 адамга 1 суткада 50-70 граммдан ашык пайдаланбаган туура.
-
Чехиянын Дачице шаарында кант рафинадына айкел орнотулган. Анткени ошол шаардагы кант заводунан эң алгачкы куб формасындагы кант чыгарылган.

-
Германиянын Берлин шаарында 1904-жылы 8-майда кантты өндүрүү жана аны иштетүү тарыхына арналган музей ачылган.
БИЗ БИЛБЕГЕН ПАЙДАЛУУ ЖАКТАРЫ
Кумшекер организмди глюкоза, фруктоза жана энергия менен камсыздап, баалуу азык болуп эсептелинет. Бирок кумшекердин сиз билбеген да пайдалары көп.
-
1 литр сууга 3 аш кашык кумшекер кошуп бөлмө өсүмдүктөрүнө куюп турсаңыз, алардын сабактары бекем болот.
-
Помада көпкө кармалсын десеңиз, боёп бүткөндөн кийин эриндерге бир аз кумшекер себелеп 1 мүнөт күтө туруңуз да, анан этият жалап коюңуз.

-
Ачуу калемпир жеп алып оозуңуз ачышып жатса, бир чай кашык кумшекерди тилиңиздин үстүнө кармай туруңуз.
-
Кумшекер менен зайтун майын аралаштырып дене үчүн скраб даярдап алыңыз. Мындай скраб денеңизди жумшартып, назик кылат.
-
Тилиңиз же таңдайыңыз ысык тамакка күйүп калса, 1 чай кашык кумшекерди оозго салсаңыз оорутуу басаңдайт.
-
Денеңиздеги жарадан суу чыгып жатса, бинтке кумшекер сээп туруп ороп коюңуз. Кумшекер нымды сиңирип алуучу касиетке ээ жана бактериялардын көбөйүшүнө жол бербейт.
Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg
Глюкоза, таттууну мен башка мисалы жемиштерден алам. Сахар менен тузду азайтсанар, озунордун ден-соолугунарга эле жакшы.
Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Эскертүү сизге, билдирүүңүз түзөтүлдү!