ШИРИН

№206 13-19-октябрь, 2006-ж.

«Мгновенье», «Не забуду», «Флирт» аттуу ырлары менен көпчүлүктүн назарына илинип келе жаткан жаш ырчы кыз Ширин менен тааныштырабыз.

Ширин 1986-жылы 30-августта Бишкекте төрөлүп-өскөн. Музыкадан тышкары аңгеме, ыр жазууга, бийлөөгө кызыгат. Учурда Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетинде 3-курста окуйт.

Ширин, ыр дүйнө­сүнө кандайча келип калгансың?
– Негизи, мен бала кезимден чыгармачылыкка жакын болчумун. 5-классымдан бе­ри ыр жазып келем. Андан тышкары мектептеги өткөн конкурстардын биринен да калбай катышчумун. Мындайча айтканда, мектептин активист окуучуларынын катарында элем. Ошентип, алгач өзүм­дүн “Мгновенье” деген ырымды жазгам. Бирок, мен бул ырымды сахнага ырдап чыгуу үчүн жазган эмесмин. Жөн гана эргүү келгенде баракка жазып койгом. Көп өтпөй обонун жараткам. Андан кийинки ырларымдын сө­зүн да, обонун да өзүм жаза баштагам. Кийинчерээк “Дельмар” тобунун солисти Ролан менен жакшы тааныш болуп калдым. Ролан аркылуу продюсер Нурлан Мамакеев менен тааныштым. Нурлан байке менин үнүм­дү, ырларымды угуп көрүп, чогуу иштешүүнү сунуштаган. Бул сунуш мага да жагып, ойлонбостон макул болгомун.
Чоң сахнанын сүрү бир топ болсо керек?
– Алгач чоң сахнага 5-апрелде бир концертте чыккам. Мен катышкан алгачкы концертке атам, анан досторум келген. Менин сахнага чыгаарым менен эле залга ышкырык-кый­кы­рык толуп кетти. Залдагы прожекторлор мага тийип тургандыктан, мен тааныштарымдын жүзүн көрө алган жокмун. Би­рок, жүрөгүм ме­нен алар ме­ни колдоп жатышканын сезип турдум. Ошондон улам көп сүр­дөгөн эмесмин.
Эмнеге кыргызча ыр­дабайсың?
– Орус чөйрөдө өсүп кал­­ганыма байланыштуу ырларымдын баары орусча. Буюрса, эмки ырларым кыргызча болот.
Ырчы болууңа ата-энең кандай карайт?
– Алгач абдан эле каршы болушкан. Окууга тапшырып жүргөнүмдө документтеримди алып, эч кимге айтпастан Искусство институтуна баргам. Мунумду билип калган атам телефон чалып: «тезинен документтериңди алып, Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетине тапшыр” дегени эсим­де. Анткени, атам менин жазган ырларымдан улам журналистикага шы­гың бар деп калчу. Ошентип, каалаган окуума тапшырбай калгам. Бирок, менин ырчылыкка болгон кызыгуумду байкашыппы, айтор, мурункудай каршы болбой калышты. Ошентсе да көп жактырышпаганын жү­рө­­гүм­дөн сезип турам.
Окууңду бүтсөң өз кесибиң боюнча журналист болуп иштейсиңби?
– Албетте. Ырчылык азырынча менин хоббим. Ал эми журналисттикти кесип кылып аркалоо – тилегим.
Жылдыз оорусу менен ооруй элексиңби?
– Азырынча байкала элек. Анан дагы жаңы иштешип баштаганымда продюсерим мага «Ширин, чыгармачыл адамдардын көп­чүлүгү жылдыз оорусуна чалдыгат. Негизи, бул мыйзам ченемдүү нерсе. Ошент­­се да ооруга чалдыкпоого ара­кет кыл” деген. Ошондон улам досторума «Эгерде менде жыл­дыз оорусунун белгилери байкалса, мага дароо айт­кыла деп ке­лем.
Стилдүү кийингениңдин сыры эмнеде?
– Мен өзүмө-өзүм стилист, визажист болгондуктан, сахнага кийүүчү кийимдеримдин үлгүсүн өзүм ойлоп табам. Кээде өз колум менен тигип алам.
Жакшы көргөн адамың барбы?
– Азырынча кыялымдагы адамыма жолуга элекмин. Бирок, бир күнү жолугаарыма ишенем.

Маектешкен Жаркынай Нусубалиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо