№572 18-октябрь-24-октябрь, 2013-ж

Ала-Бука районунун Көк-Таш айылындагы «Бозумчак» алтын кенин казуучу жайда учурда кытайлык фирма алтын кенин ишке киргизүү максатында курулуш иштерин жүргүзүп жатат. Аталган жайда буга чейин 300 кытай жараны иштеп келген болсо, азыр алардын саны 220ны түзөт. Бул тууралуу Ала-Бука районунун тургуну, жаш активист Эрнист Маматов билдирди. Анын маалыматына ылайык, кытай улутундагылардын ар бири 75-80 миң сом маяна алышса, ошол эле жумушту жасап жаткан кыргыз жарандары 30 миң сом эмгек акы алышат. Мындай акыйкатсыздыкка нааразы экендиктерин кенде иштеп жаткан кыргыздар билдиришкен.
Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |