Каныкей:«ЫРЛАРЫМДА СЫРЛАРЫМ КАТЫЛГАН»

№573 25-октябрь-31-октябрь, 2013-ж

«Жылдын супер ырчы айымы» наамын акыркы үч жылдан бери багындырып келаткан Каныкей менен маегибиз ал студент кезинде иштеген түрк ашканасында өттү. Ал жашоодо көп сыноолорго туш болгонуна карабай сынбай, жеңип келатканын баян кылып берди.

– Кызматкерлердин баары менен тегиз учурашканыңа караганда, дайыма ушул жактан тамактанат окшойсуң?..
– Ооба, 2005-жылы мектепти аяктагандан кийин Кыргыз-Түрк «Манас» университетине өтпөй калып, Кыргызстан эл аралык университетине сырттан тапшыргам. Токмокто үйдө бош отургандан көрө деп дүкөндө иштеп көрдүм. Жумушум жага бербегенинен «жашоомду башкача кылышым керек» деп Бишкекке келгем. Бул жакта үйүм жок, туугандардыкында жашайм, кыйын күндөр өттү. Ошол кезде азыркы биз отурган түрк ашканасына жумушка чакырып калышты. Бир айча официант болуп иштеп, азыркы курбум Сайкал менен таанышып калдым. Бул жактан тамактанганымдын да себеби бар, башка жактардын тамагына ишенбейм. Ал эми бул жактыкын кантип жасаларын жакшы билем.

– Адамдарга ишеним артпаган кептериңди көп байкайм. Көөдөнүңдө сени ойго салган маселелер болсо бөлүшчү кишиң барбы?
– Туура, оңою менен адамдарга ишенбейм. Менин ишенимиме кириш үчүн киши иштин жыйынтыгын көрсөтүш керек. Жашоомдо болуп жаткан кубаныч-кайгы, баарын мен чыгармачылыктан чыгарам. Мага акындар «биздин ырларды ырдабайсыңбы» деп айтып калышат. Билбейм, же мен аңкоо башым менен бүгүнкү күндүн атактуу акындарын көрбөй жатамбы, же чын эле кыйраткан чыгарма жокпу?..

– Демек, ырларың аркылуу сенин жан дүйнөңдү эмне түйшөлтүп жатканын билсек болот экен да?..
– Ооба, бардык ырларым жеке жашоомо байланыштуу, сырларым катылган десем болот. Мисалы, «Коё бергин мени, кайгы» студент кезимдеги ачка, ток калган күндөрүмө арналган. Дайым эле айтып келем, мен өтө жакыр үй-бүлөдөн чыккам, ошол себептен классташтарымдын арасында чүнчүп, коомдо жалгыз калгандай өзүмдү жаман сезчүмүн.
«Ар бир күндүн аткан таңы,/ Турмуштун сага ызгаары» деген саптары бар «Заман» аттуу ырымдагы зар болгон, кор болгон бала өзүм десем болот. Студент кездеги жан талашып акча табайын деген күндөрүмдү чагылдыргым келген. Эсимде, декабрь айында эртең менен туруп жумушка келчүмүн. Маршруткада тыгын, колумда жадакалса кол кабым жок. Ошондо биринчи алган айлыгыма барып кол кап сатып алган элем. Азыр Кудайга шүгүр, менде баары бар, мен бактылуумун!

– Азыр чет өлкөлөргө чакыруу менен көп чыгып жүрөсүң. Алыстагы мекендештерибиздин кандай жашоолорун көрдүң?
– Адам жыргаган жашоодон чет жерге иштегени кетпейт. Кыргыздар мекенинде жумуш жоктугунан чет өлкөлөргө окуп-иштегени барышууда. Бул жакта туруп биз коомдо эмне болуп жатканын билбейбиз, алар болсо дайым баарынан кабардар, Кыргызстан дегенде көзү төрт.

– Ал эми сүйүүчү? Сүйүү сенин оюңча кандай болушу керек?
«Сүйүү деген сүйүү эмес эринден, сүйүү деген сүзүп өтүү деңизден» деп коюшат го, ошол туура кеп. Мен деле жигитти сыртынан сүйгөм, ал сүйүүмдү мен Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл алмасына» окшоштурам.

– Акыркы кезде улуттук колориттеги кийимдерди көп кие баштадың. Кара түскө ыктаган Каныкейдин образынын өзгөрүшүнө эмне себеп болду?
– Бул образым менен мен кыргыздарды ата-бабабыз ким болгон, ошого чакыргым келет. Улуттук кийим азыр бизге керек. Ал эми менин образым ар убакта өзгөрүп турат.

Биз менен чогуу отурган курбусу Каныкей ырчы болгонго чейин кандай адам эле, ошолор тууралуу айта кетти.

Сайкал Күрөңкеева, курбусу:
– Каныкей экөөбүз ушул түрк ашканасына бир күндө жумушка келгенбиз. Менден айырмаланып, Каныкей ошол кезде эле оюн эркин айта алчу. Ошондо бир айча иштеп чыгып кетти бул жактан. Курбум кээде мага келип эркелигин көрсөтүп калат. Жалгыз кыз, эже-сиңдиси болбогону үчүн аны жакшы түшүнөм. Анан да башкалардай болуп көйгөйүн, башкасын такыр ачык айтпайт, ичинде канчалык күйүт болуп турса да, сыр бербей, учун гана чыгарып коёт.
Ал эч качан ырчымын деп бой көтөрбөйт, туугандарына кылган мамилесине аябай ыраазымын. Ата-энеси эрте ажырашып кетсе да, эки жакты чакырып, бирге кошуп, канча жыл катташпай калгандардын башын бириктирип келет. Аларды бири-бирине тааныштырып, «туугандар катышып жүрөлү, мага тууган керек» дегенин угуп боорум ооруп кеткен.

Каныкей режиссёр Ырыс Окенова менен тыгыз иштешип келет. Ырчы айымдын кандай кесиптеш экенин режиссёр төмөнкүчө айтып берди.

Ырыс Окенова, режиссёр:
– Каныкейдин элден айырмаланганы, тырышчаак, өзүнүн ою бар, жасалмалуулугу жок, бирөөгө жагайын дебейт, жамандык кылбайт. «Жашоо бар» деген долбоордун үстүндө иштегенде «мен кандай адам болсо да, алар менен сүйлөшүп, себебин ачып бергим келет» деп умтулат. Кылам дегенин кылат, жетем дегенине жетет, сөзү менен иши дал келет. Мурун Каныкейдин ырларын угуп, «туюм-сезими күчтүү өзгөчө кыз болуш керек» деп ойлочумун. «Мен ырдап чыгарда мага Каныкей апа түшүмө кирген» деп айтканынан «аты жөн коюлбаптыр, колдоочулары бар» деп түшүнүп калгам.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


Каныкей: "Кээде өзүмө боорум ооруйт"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(87)
28.10.2013. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын!!!!!
28.10.2013. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкей аябай жагат, суротко тушкум келет ушул эжешка менен.
28.10.2013. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык кыйынчылыктын артынан бакыт келет деп ушул кыздын тарыхын айтса болот.Азаматсын чон, чон ийгиликтер боло берсин жашоондо!!!
29.10.2013. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкей чыгармачылыгына ийгиликтерди калайм.
SUPER.KG видео
29.10.2013. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
suilogonu jakpait jasalma
29.10.2013. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык ийгилик! Бактылуу болунуз!
SUPER.KG видео
29.10.2013. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Каныкей ырчы кыздардын ичинен алдында келе жатат. Чыгармачылык ийгилик!
29.10.2013. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыз атын алыстарга тааныткан кыргызымдын айымдарынан болуп журо бер!!! Каныкейдин ырларын гана жакшы угам калгандарыныкы коендой окшош мазмуну жок же бир нерсеси жетишпейт!!! чыгармачылык ийгилик !!!!
29.10.2013. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да каныкей сыяк ырчы болсом дейм. Унум бар,ыр жазамын,бирок акчам жок, мен абдан окуном. Каныкей алга бас. Биз сага ишенебиз
29.10.2013. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уну да,озу да,ырлары да жагат.
29.10.2013. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаман кызсын Каныкей, бирок абдан кооз инсансын))) Иштерине ийгиликтер!
31.10.2013. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elnurin, жаман кызсын бирок кооз инсансын деп тушунуксуз эле жазып коюпсун го
SUPER.KG видео
29.10.2013. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырчылардын арасында Каныкей эле чынын суйлойт ачык айтат.Жасалма да эмес.Супер инфодогу журналистер анын жан дуйносуно келит таба албайт деп ойлом.Каныкейдин сырын билиш учун аябай эмегектниш керек.
30.10.2013. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай мыкты маек болуптур) Ырларыңыз өзгөчө. Жашоодо сиздей инсан болгум келет. Дүйнөдөгү баардык жакшылыктарды каалайм сизге!
SUPER.KG видео
30.10.2013. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантын,стилин баалайм,бирок эмнегедир озунун оюун ачык айткандай эле болот,эмнегедир тушуно албайм.менин билейин дегеним жашоодон озу эмне издеп журот???...мумкун ото акылдуудур,(мен жакшы адам болгум келбейт)...деген созуно кошула албайм,себеби жалпы эле адамдар ушундай созу менен жакшы болуштуу каалашат,Каныкей ото адам тушунгус,сырдуу создору менен бирдемкени тушундургусу келет,бирок башкы создору менен акыркы создору уйкашбай калгансыйберет,муну менен каныкейден кылтык издегим келбейт...
Медиа-портал
30.10.2013. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагым кошумча,тамак ылгабай жегенин жакшы,бирок озунда тамак кылып турда,билбейт дебейм билесин,бирок копко кылбай журсон унтуп каласын,эртеге эле турмуш курасын,турмушта кутуусуз нерселер коп болот,кечирип койго,андайдан кудай сактасын,мумкун кайра ашканада иштеп калаарсын.Уйкунун чеги болуш керек,эс алып уктап турганын жакшы,улуттук кийимдерди биртке озгочолук менен болсо да сактап жургонун дурус,бирок кыргыз апалар тамак кылып,даамду токочтору менен да озгочолонгон,ушуларга да убакыт таап тур
SUPER.KG видео
30.10.2013. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкейдин уну ото жакшы бирок жазап , ойлонуп суйлогону эч жарашпайт экен мурунку чачы аябай жаш коргозоор эле баса))))
SUPER.KG видео
30.10.2013. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maga jakty,baaryn achygyn aityptyr.Yigilik sizge
31.10.2013. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таланттуу кыз ийгилик чыгармачылыгына.
01.11.2013. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага тууган керек деген созу жакты. Азаматсыз. Атактуу ээн биринчи тууганына жонокой болуш керек. Ал эми ырларын туураалуу айтсам маанисине тушунуу кыйын. Ал эми унундо соз жок. Сизге ийгилик.
SUPER.KG видео
01.11.2013. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каныкейди баалап калганымдын себеби бир интервьюда мен шумшукмун деген. озунун кемчиликтерин билген адам ал акылдуу адам мен ошон учун сыйлайм каныкейди
01.11.2013. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адаштым дн ырын менин тагдырыма эле жазылгандай канча уксам да эч тажабайм. Талантына таазим Каныкей! Дуйно жузуно таанымал ырчы бол!
01.11.2013. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адаштым дн ырынды канча уксам да тажабайм. Менин тагдырыма байланыштуу ыр. Талантына таазим! Дуйно жузуно таанымал ырчы болушуну каалайм. Ты самая лучшая!
SUPER.KG видео
01.11.2013. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каныкейди сыйлайм ар бир созу оор анча мынчасына тушунуксуз обу жок сезилиши мумкун,бул кыз мн маектешуунун озу кызык болсо керек , мага аябай жагат калпле роскош карманып оздук жашоосу мн мактана бергендерден эмес, бар бол!!!
SUPER.KG видео
02.11.2013. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкей эже жаман башкача а?! Бирок жагат мага.
02.11.2013. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да жагат.
04.11.2013. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уну аяабай сонун алга! Каныкей
05.11.2013. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jashoo bar !
07.11.2013. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
siz kim bolbonuz siz kanday adam bolbonuz men sizdi syilaym jana yrlarynyzdy abdan jakwy korom
SUPER.KG видео
13.11.2013. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Каныкейди сыйлайм ырларын элге берген интервьюлары озун алып журушу баары мага жагат ар дайым ырдаган ырларынын жана суйлогон создорунун мааниси тереен катылган аябай сырдуу деп айтсада болот.Каныкей жеке жашоосу тууралуу айтпаганын себеби,ал кичинекейинен кыйынчылыкты коруп чонойгон кыз, суйлогон"ЖАШОО БАР АНТКЕНИ ЖАШАШ КЕРЕК" деген создору жана ырдаган ырлары ошого байланштуу болушу мумкун... .Бирок достор ушул убакытка келип Каныкейге окшогон ырчы бар беле?
SUPER.KG видео
23.12.2013. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз ушул мунозунуздон жазбаныз чыгармачылык ийгиликтерди каалайм жакшы маек болуптур рахмат
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо