Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Малика Дина:«ЭРКЕК КИШИДЕН РУЛЬ ТАЛАШПАЙМ»

№573 25-октябрь-31-октябрь, 2013-ж

Апасынын эркеси, ырчы Малика Дина жаңы темир тулпарлуу болуп, шаардын көчөлөрүндө ызгыта айдап жүргөн убагы. «Алганыма бир эле саат болду, апам да көрө элек, биринчи силер көрүп жатасыңар» деген ырчынын сүйүнүчүндө чек жок. Куттуу дөөтү менен куттуктап, ырчы кыздын темир тулпары менен шаарды айланып жүрүп маек курдук.

Үлгүсү – Ауди
Модели – А6
Өңү – Кочкул көк
Чыгарылган жылы – 2008
Кыймылдаткычынын көлөмү – 3200 см3
Чыгарган өлкө – АКШ
Сатып алган баасы – 32 миң доллар (өзүнүн айтуусу боюнча)

"Машиналарга болгон кызыгуум секелек кезимде эле башталган,мен теңдүү кыздар куурчак ойношсо мен машина ойночумун".

"Рульда отурганда өзүмдү эркин сезем, ырдайм, бийлейм"

– Куттуктайбыз, Малика, темир тулпарың кут болсун!
– Рахмат, силерге биринчи жолу айдап келатам. Жаңы алгангабы, ылдамдыкты өтө ашырбай абайлап жүргөн кербезим. Азыр силерге келатып тыгында калбадымбы, аябай ачуум келди. Негизи, тыгындарга чыдабайм, чыйпылыктап башка жол издеп чыгып кеткенге шашам.

– Бул машинанын эмнесин жактырдың?
– Интерьери аябай жакты, жумшак, отурсаң ыңгайлуу, акустикасы сонун, бара жатып музыканы бийик коюп алып бийлеп кетсең болот. Мен өзү машина менен «ооруйм» десем болот. Тез-тезден алмаштыра берем. Кичинемде деле толтура куурчактарым турса, машина менен ойночумун. Эгер мага бир үй толтура кийим же машинаны танда десе, эч нерсени карабай темир тулпарды тандамакмын. Дагы бир Mercedes-Benz W211 үлгүсүндөгү машина жагып калды, муну бир аз айдап, анан ошону алам го (күлүп).

– Жакында эле биринчи унаам деп Land Rover үлгүсүндөгү Жипти ызгытып жүрдүң эле. Аны саттыңбы?
– Жок, саткан жокмун, аны да апам белек кылган. Белекке берилген буюм сатылбайт эмеспи. Экөөнү алмак-салмак айдап жүрө берем.

– Руль башкарганды канча жашыңдан өздөштүргөнсүң?
– Апам 11 жашымда кадимкидей эле машина менен жүрүп айдаганды үйрөткөн. 12 жашымда өзүмчө руль башкарып короодо, шаар четин кыдырып айдап жүрчүмүн. Айдоочулук күбөлүк менен машинага отурганыма 1 эле жыл болду, ал эми айдоочулук күбөлүгү жок 6 жыл айдап жүрдүм, жакшы эле тажрыйбам бар, кыскасы.

– МАИчилерге «эркелейсиңби»?
– Ооба, кээде «эркелеп» калам. Бирок жол эрежесин көп бузбай, шаар ичинде өтө жогорку ылдамдыкта айдабаганга үйрөндүм. Кээде эреже бузуп калсам, «кандай, карындаш, сенсиңби?» деп калышат, тааныбаса «инспектор баланча баланчаев, документиңизди көрсөтүңүз» дешсе, айтышпай дароо жазып берген айып пулун төлөп келем. Тааныш, дос-туугандарга чала бергендерди туура көрбөйм, мен деле кадимки Кыргызстандын жаранымын, андыктан мыйзамда жазылган нерселерди аткарууга милдеттүүмүн.

– Көпчүлүк мырзалар айымдардын машина айдаганын мыйыгы менен күлүп кабыл алышат, сен буга кандай карайсың?
– Эркектерде ушундай ой бар негизи, «рулдагы айым – колунда гранатасы бар маймылдай эле» деген. Бирок кээ бир эркектерден жакшы айдаган айымдар бар, мисалы, менин апам. Көпчүлүк дос кыздарым айдаган жагынан мырзалардан кем калышпайт, мен да алардын биримин (күлүп). Ал эми такыр айдаганды билбеген кыздар бар, айдоочулук күбөлүктү сатып алып, бир айдан кийин эле шаарга чыгып алып тыгындарды жараткан, ошолорго күлүшөт да.

– Айымдарга руль башкаруу кандайдыр бир ишенимдүүлүктү тартуулайт дешет, сенде да ушундайбы?
– Кээ бир айымдар рулга отурганда өзүн ишенимдүү сезип калышы мүмкүн, бирок мага бир гана жумуш бүтүрүш үчүн керек. Такси менен жүрсөң андан эки эсе көп каражат кетет, андан көрө таксиге корогон акчага май куюп алып жүргөнүң каражатыңды үнөмдөйт. Кичинемден эле маршруттук такси менен жүрүп чоңойгон кызмын, коомдук транспортко түшкөндөн уялбайм.

– Бир жумада канча жолу машина жуучу жайга алпарасың?
– Муну да, мурунку тулпарымды да аябай аяйм, кичине бир жери чийилип калса да адистерге көрсөтөм. Жуудурганы бир жумада 4 жолу алпарам. Негизи, машинаны «дөөтү колдойт» деп коёт го, мен ушул кезге чейин бир да кырсыкка учурап же алыс жолдо калган эмесмин, ошонусуна рахмат. Машина деле өзүнө көңүл буруусун каалайт да. Бир жолу кышында апам машинасын жүргүзө албай койду, мен «апа, машинаңыз сизге таарынып калган окшойт» десем, «жаным менин, кара жаным менин, жүрүп койчу» деп жалдырап жатпайбы, боорду эзип. Бир аздан кийин машинасы жүрүп кетпедиби.

– Кээ бир мырзалар машинасын аялынан да жакшы көрүшөт дешет...
– Ха-ха, ооба, бизде теңме-тең болот го бул жаатта, анткени мен күйөөмдөн калышпай жакшы көрөт болушум керек машинамды. Эгер экөөбүз бир машинада отуруп «мен чарчадым, сен айдачы» деп суранса «без проблем» айдап кете берем. Бирок эркек кишиден эч качан руль талашпайм.

– Жол чырактын алдында токтоп турганыңда таанып калган жигиттер тийишеби?
– Билесизби, мен эле эмес, бул абалды көп кыздар түшүнсө керек. Токтоп калсаң ышкырып, «таанышып албайлыбы?» деп кыйкырышат. Бир жолу жол чырактын алдында курбу кызым экөөбүз токтоп турганбыз, терезе ачык болчу. Бир балдар ичинде суу толтура шарикти мага ыргытып жиберишти. Бүт кийимим суу болуп калды, жиним келгенин айтпаңыз, ойлоду окшойт бизге жетпейт деп. Жетип барып машинасын токтоттум, түшүп кечирим сурашты, «айтканыңарды кылабыз» деп туруп беришти, анан мен «БЧКга секиргиле» дедим. Коркуп кетишти «Сиз эмне-е? Жок, жок, кечирип коюңузчу» дешти. Анан «макул, экинчи кайталанбасын» деп коё бергенбиз.

КЫСКАЧА...

– Ылдамдыкты сүйөсүңбү?
– Ооба, шаар четинде 100-120 чакырым ылдамдыкта айдайм.

– Кандай ырымдарды колдоносуң?
– Апам берген теспе бар. Негизи, ырым-жырымга жакын эмесмин.

– Машинаны өзүң айдаган жагабы же айдоочуң болгону жакшыбы?
– Мен машинамды эч кимге ишенип тапшыра албайм. Өзүм гана айдайм.

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Идеалдуу жигитти таптым" дейт Малика Дина

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -4 
Комментарийлер(181)
31.10.2013. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Стоит Ауди а8 16-18000 $ уе 2008 год, за 32000$ Lexus LX 470 келет. чындыкты жазбайбы
31.10.2013. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен Бул кызды сулуулар конкурсунда женип чыкканыда эч кандай жаман соз айтпай тескеринче аябай колдоп жакшы тилектеримди айткам азыр болсо Бул жерде ошончо акча коротуп машина алат го кантип эле апасынын мындан кабары жок болот тан калычтуу,калп эмес чын болсо копчулуктун суранычы менен уйунон интервью алып келбейсинерби аябай ыраазы болоор элем
01.11.2013. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
sydykova.janna1989, хмм мен тан калдым ушул кыз кантип сулуулар конкурсунда алдынкы местаны алганына не в только лицо а параметрлери деле туура келбейтко такыр,аан ичи куйду деп кетишпесин даже 2 кыздын энеси Анжелика более
SUPER.KG видео
31.10.2013. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ушундайларды ырчы деп есептебейм бир да ыры популярдуу эмес
01.11.2013. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул Маликанын машинасы эмес чындыкты айтсан боло...
01.11.2013. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл оозунда элек жок деген ушул эмеспи,бири куйдуруп айтыптыр,бири суйдуруп айтыптыр дегендей.Калп айтса деле чын айтса деле,бизге баары бир эмеспи,бирок,32000 доллар акмактын оозундагы соз го дейм,ошончо пулга машина алганын даже апасы билбегени тан калтырып койду чынында,...
01.11.2013. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
...32мин доллар (озунун айтуусу боюнча)...
Журналист деле ишенген жок окшойт...)
01.11.2013. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Shaarda chonoigon oruscha suilop, ushundai choirodo osup kalgan. Birok kyrgyzcha da oruscha da bilet eken munun emnesi jaman? A siler koralbaisynar ozunor da oruscha bilbeisiner da oshogo ushintip pojar bolup jatasynar...
01.11.2013. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
suluktu, кооокуй антпе азыр орусчаны уйдогу мышыктар деле билет)))) орусча тантырамай уже давно модадан калган
01.11.2013. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
канчага алсада кут болсун autoplius.ltушул сайтка кирип бассы канча турушун коруп алгыла талашып тартыша бербей
01.11.2013. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Урматтуу достор силер эмне эле мынча болдунар? 10 мин 32мин 100 мин $ болбойбу эмне жумушунар бар бироо менен? Бар болсо коро албайбыз жок болсо бере албайбыз го? Жалган суйлосо мактанса батирде жашаса озуно,биздин эмне жумушубуз бар??? Малика озу таланттуу татынакай кыз ишине ийгилик! Эч кимдин созуно конул бурба как говориться ит уро берет и уруп келген,кербен журо берет и журуп келген так что RESPECT!
02.11.2013. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бир аз мактанчаак анан обу жок кыз!!! Мага мурдагы кичинекей Малика жагат болчу
02.11.2013. 04:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Malika Dina tolgondon tolup ele bara jatat! Sindim yrchy bolgondon kijin aryktaganga araket kyl. Unun jagat! Talantyn bar! ijgilik!
02.11.2013. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamatsyn malika
SUPER.KG видео
04.11.2013. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уну жакшы,мага жагат.Чынын айтып жатпайбы...эрке кыз...Тушунсо болот.Ыймандуу кыз бол,ийгилик!
SUPER.KG видео
06.11.2013. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апасынын эркеси тантырап эле калыптырго кыргызчага тили келбей.
SUPER.KG видео
25.11.2013. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
1ден Маликада эмне куноо? орус мектепке берген апасындада. 2ден ушинтип талашаштырбай кытайча суйлогонундо жакшы болмок, дымып калмакпыз
SUPER.KG видео
26.11.2013. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
озуно караганда машинасы жакшы экен
28.11.2013. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мурун Динара эженин кызы деп сыйлачумун,анан интервьюларын окуган сайын ирээнжий баштачу болдум.Сөз бар эмеспи:"Адам-мөмө дарагы сыяктуу,канчалык бийиктеген сайын ошончолук ийилип,жерге жакын болуш керек" деген.Айткым келгени болгону,болгон сайын болсун дебей,андан көрө кайрымдуулук иштерин көп кылса болмок.Ошондо мактанып убара болуп,анысы аз келгенсип уят болуп отурбай,өзү эле элге таанылып,сүймөнчүккө айланмак.Андан сырт
SUPER.KG видео
10.12.2013. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Вообще уважаю Малику,она знаете,во всём преуспевает,голос просто шикарный,душа просто радуется...Успехов в творчестве и в личной жизни..А кто завидует,сидите и молчите в тряпочку,сами этого всего добейтесь,потом придевляйте притензии..
SUPER.KG видео
21.12.2013. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
32min ne mojet byt" !
SUPER.KG видео
22.12.2013. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой чиркин озунчо эле чолчондойт го же кырыгзчадан эмес же орусчадан эмес,мына ушулар да ырчы болуп журот жалганчы кыз экен байкасанар суйлоп жатканда мактанып эле жатат машинасынын жылы баасы 100%жалган ,,,,,,,,аман бол!
SUPER.KG видео
24.12.2013. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jash anan erke bolso ushintip suiloit da tuurale bul, bishkekte azir kobule ushundai anda anin baarin kaida alparasinar, birok bar kizdar bishkekte osso da taza kirgizcha suiloit je oruscha biri birine aralashtirbait takir chininda osholordu siylaim.
SUPER.KG видео
31.12.2013. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россияда торолуп, Россияда окуган тууганыбыздын кыздары кыргызча тап так эле суйлоп журушот. Анткени атасы ошого уйроткон. Орусча, англисче дагы башка тилдерди суудай суйлошот. Анткени алар туулуп оскон жерин сыйлашат, баркташат.
SUPER.KG видео
25.01.2014. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдималик акамин кызы да дерзкая
29.03.2014. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уну жакшы!!мага жагат озу дагы!!! куйорманы болом кантип байланышса болот Малика менен?Урматтуу супер инфо жааматы жардам берип койсонуздар!!!
SUPER.KG видео
17.04.2014. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"эркелегенство" мени просто олтурду :-))))
SUPER.KG видео
11.05.2014. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малика сен сулуусун .билим алып жатасын.сени эч ким кыйнаган жок шаштырган жокко ойлонуп 1 тилде суйлочу.алып баруучу азамат.ал менен суйлошуп алсан болмок да 1тилде суйлошолук деп.кийн да коп инервю бересинда ошого жакшы даярдан
SUPER.KG видео
12.05.2014. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
FlowersGuli, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
SUPER.KG видео
24.05.2014. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Малика Дина не слушай никого.Просто все кто пишет те промто неудачники которые завидуют.Девушка очень простая и очень искренняя.Молодец!!!так держать!очень мне понравилась.главное без пафоса и лицемерия.ну и что что по русски.учите ххх русский.мы живем в стране где говорят и на русском и по кыргызски!!
Модератор admin_superstan түзөттү 26.05.2014 17:53
SUPER.KG видео
24.05.2014. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ой можно подумать никто из вас не переделывает кыргызские слова на русский манер.тим эле озунор нукура кыргызча суйлогонсуп.все мы мешаем два языка.так что не надо умничать!
Модератор admin_superstan түзөттү 26.05.2014 17:52
Медиа-портал
10.06.2015. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апам бул машина жонундо билбейт деп кайсы жеринде айтты? Мага апаман башка ким алып бермек эле дептир го...
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо