Бек Исраилов:«КЕЛЕЧЕКТЕ СӨЗСҮЗ ЭЛ АРТИСТИ БОЛОМ»

№573 25-октябрь-31-октябрь, 2013-ж

«Жаңы толкун-2012» сынагынан кийин кыргыз сахнасында Бек Исраилов деген ысым пайда болгон. Таланттуу жигит аталган сынакка катышкандан соң көп көрүнбөй кеткен эле, эми кайра бир аз тыныгуу алып жаңы ырларды жаздыруу менен алек.


Эл аралык сынактарга катышып белгилүү болгон ырчы, кыргыз музыкасынын өнүгүшүнө өз салымын кошкусу келет.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Толук аты-жөнү – Бек Исраилов
Туулган жери – Токтогул району, Сары-Камыш айылы
Туулган жылы – 1992-жыл,12-октябрь
Бою – 182 сантиметр
Салмагы – 63 килограмм
Кызыкканы – Тарыхый чыгармаларга кызыгат
Билими – М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда 3-курста окуйт
Репертуарындагы ырлары – «Айжаз кыз», «Карындашым», «Жашоо керемет» жана башкалар
Учурда – Жеке ырчы

– Кандай, Бек, биз сени «Жаңы толкун-2012» сынагына катышкандан бери жакшы тааныйбыз, ага чейин эмне менен алектенчүсүң?
– Жакшы, негизи чыгармачылыгымды ыр жаздырып, клип тарттыруудан эмес, чет өлкөлөргө чыгып эл аралык сынактарга катышуудан баштагам. Ал эми «Жаңы толкунга» катышканга чейин 5 жылга жакын кабактарда ырчы болуп иштеп жүрдүм. «Ысык-Көл -2011» эл аралык сынагы менин багымды ачты. Андан 1-орунду алгандан кийин көптөгөн эл аралык сынактарга катышып, ийгилик жараттым.

– «Жаңы толкун» сынагында көрсөткөн жыйынтыгыңа өзүң ыраазы болдуңбу?
– Чынында, ал кезде 19 жашта болчумун, жаш элем. Сынакка өтүп, катышканыма эле сүйүнгөм. Юрмалада башка өлкөнүн чыгармачыл адамдары менен таанышып, ой алмашканым мен үчүн чоң тажрыйба болду. Ал эми көрсөткөн жыйынтыгыма капа деле болгон жокмун. 16 өлкөнүн ичинен 8-орунду алганым жакшы эле көрсөткүч болуш керек. Аталган сынак КМШ өлкөлөрү үчүн абройлуу, мисалы, орустарга «Евровидение» кандай маанилүү болсо, биз үчүн «Жаңы толкун» деле ошондой.

– Кыргыз музыкасына кандай өзгөчөлүк кошоюн деген оюң бар?
– Бизде бир хит ыр жараткандан кийин ал аткаруучунун кийинки ырлары мурункусуна окшошуп кете берет. Балким, музыканын стили, аранжировкасы жактан өзгөрүү киргизе албай жатабыз. Мен да жакында англисче ыр чыгарып, америкалык стилде клип тарттырайын деп жатам, кандайдыр бир өзгөчөлүк кошуп. Билсеңиздер керек, башында Бек Борбиев, Сыймык Бейшекеевдердин музыкасын эле укчук, андан кийин Актан Исабаев таптакыр эле башкача музыка алып келди. Аны да түшүнгөндөр түшүндү, түшүнбөгөндөр калды. Соңунда Мирбек Атабеков пайда болду, ал Актан байке берген нерсени толуктап койду. Азыр кыргыз музыкасы ушул бойдон турат. Бизде ушул багытты бура турган эч ким келе элек, аракеттенгендер бар, бирок натыйжа жок. Биздин шоу-бизнес жаңы музыканын агымына муктаж.

– Кеп нугун жеке жашооңо бурсак. Сендеги ырчылык өнөр кимден берилген?
– Атам Жолдошбек Исраилов – обончу, композитор. Кыргыз эстрада жылдыздарына обон жазып берет, мисалы, Динара Акулова, Азиза, «Жийде» тобу, Роза Шакировалар ырдап жүрүшөт. Ал эми апам Гүлмира Рыспаева – акын, атама караганда белгилүүрөөк (күлүп). Айбек Карымовдун «Ооруп турат жүрөгүм», Гүлжигит Калыковдун «Күттүм сени», Ислам Акматовдун «Периштем» аттуу ырларынын сөзүнүн автору. Ата-энем менен сыймыктанам, менин көпчүлүк ырларым ата-энеме таандык. Жакындан бери мен да обончу болуп кеткем, эки-үч ырыма өзүм обон жаздым.

– Үй-бүлөң жөнүндө да кеп сала кетсең?
– Үй-бүлөдө үч бир тууганбыз, үчөөбүз тең эркек балдарбыз, мен экинчисимин. Атам Ысык-Көл, апам Токтогулдан. Мен шартка байланыштуу Токтогулда төрөлүп калгам. Ошол жылы көп жер титирөө болгон окшойт. 2-3 айлык болуп калганымда дагы жер титиреп, апамдар ызы-чууда мени үйгө унутуп чыгып кетишкен экен. Анан атам титиреп, кыймылдап жаткан үйгө кирип мени көтөрүп чыкканын айтып калат.

– Кыз жандап жүргөн куракка келип калыпсың, барбы «фронтто» көз салып жүргөндөр?
– Мен абдан көп кыздарды сүйдүм. Бир кемчилигим бар болчу, сүйүүмдү такыр билдирбейт элем. Тескерисинче, ал кызды өзүмдү сүйдүргөнгө аракет кылчумун. Көпчүлүк кыздар менин гитарада ойногонумду жактырып эле сүйүп калышчу. Учурда жүрөгүм бош.

«Менин стилистим да, визажистим да – продюсерим Канат Култаев».

КЫСКАЧА...
– Ырларыңдын рейтингин радио, интернеттен карап турасыңбы?
– Ооба, интернеттен ырларымдын рейтингин, калтырылган комментарийлерди окуп, жообун берип турам.

– Өзүңдүн дарегиңе кандай сындарды угасың?
– «Качан семиресиң?» деп көп сурашат. «Чекеңди тырыштырып ырдайсың» деген сындарды угуп калгам. Анан «Неге жоголуп кеттиң?» деген суроону укканда жаман болуп кетем, чын эле жоголуп кеттимби деп.

– Ырчылыктагы максатың эмне?
– Көп жылдар бою элимдин эрке баласы бойдон калгым келет. Келечекте сөзсүз «Эл артисти» деген наамдын ээси болом.

– Эмнеден коркосуң?
– Элдин мен жөнүндө айтылган жаман оюнан, элге жаманатты болгондон корком.

– Сенден күйөрман менен ырчынын ортосундагы мамиледен да көбүрөөк нерсени күткөн күйөрман кыздарың барбы?
– Бар, аларга аябай жакшы мамиле кылам. Баарлашам, сүйлөшүп турам, андан менин эч нерсем кемип калбайт.

– Ыңгайы келгенде бой көтөрүп коёсуңбу?
– Негизи жөнөкөймүн, бирок керек жерде бой көтөрүп коём.

Лунара Бекиева
star@super.kg


Бек Исраилов "Ырчылыкты бизнес катары көрбөйм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(25)
SUPER.KG видео
25.10.2013. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бек ага ийгилик!!!
SUPER.KG видео
26.10.2013. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аран эле 21 де экенсин го , жаш кезим, жаш кезим дей берипсин го! Дагы озун ойлогон чон, чон ийгиликтерди багындыр! Сен жашсын , келечегин алдыда!
SUPER.KG видео
26.10.2013. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уну жагат ушул жигиттин. Коптогон ийгиликтерге жете бер!
SUPER.KG видео
26.10.2013. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырын сонун экен, тезирээк ырдап чык )))
SUPER.KG видео
26.10.2013. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ырдаган ырынын обону Карындашым деген ырынын обонуна окшош экен!
SUPER.KG видео
27.10.2013. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
sonun maek boluptur!!!!alga SUPER KG!!
SUPER.KG видео
27.10.2013. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаккан мага жаңы толкунда чыкканы, өркөнү өссүн!
SUPER.KG видео
28.10.2013. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда азыр деле "Эл артисти" же "Эмгек сиңирген" боло берсең болот. "С деньгами вперед" дегендей :)
28.10.2013. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат жакшы маек болуптур.Неге жоголуп кеттин деген суроого,мен чындап эле жоголуп кеттимби деп,ушул жообу жакты,ХА-Ха.
28.10.2013. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырчылыктан башка эмне менен алектенет болду экен "Созсуз эл артисти болом дегенине караганда" бир жакшы бизнеси болсо керек.
30.10.2013. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
RACh, бизнес эмес эле унуно ишенет,ырларын угуп корсонуз андан коро,уну жакшы.
28.10.2013. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нарындын маарекеси болгондо сахнада Карындашым деген ырды ырдап жатып оозун кыйшайтып алып, кайра кайра тилин чыгарып жатты куниги чыгып.. Ыры жакшы экен го бирок, жакшына эле ырдай бербейби дедим эле..
28.10.2013. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздарга окшош назик экен анан да суйлоп атканда кечке кабагын буркой берет экен коп нерсени оной менен жактыра бербейт окшойт
SUPER.KG видео
29.10.2013. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бектин эркелигин жактырдым))))
29.10.2013. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oi devushkasy bar infakta okuit. Suluuuuuu ozun4o ele
SUPER.KG видео
29.10.2013. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
буюрса ойлогон максаттарына жетесин... келечек алдыда...!
29.10.2013. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канат Култаев жонундо маалымат берсенер билгендер
30.10.2013. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биринчи корушум бул ырчыны.орустарга окшош экен.аты жонун окусам,кыргыз эле экен.маек жакты.тарбия коргон жигит экен
31.10.2013. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечээ ЦУМ жакта жүрүптүр, шляпаны кийип, көз айнекти тагынып алып.
01.11.2013. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Созсуз эмес Аллахым буйруса '
SUPER.KG видео
01.11.2013. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыргызга окшобойтко ))) жакшынакай, эрке бала экен
02.11.2013. 08:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ooba albette Kuday buyrusa dep suyloso jakshy bolmok, kachan gana Alla buyruganda gana "El artisti" bolo alat emespi emne dediner dostor? Ozu bul kaysy yrchy, emi korup jatam, jakpady, yrlaryn ugup korush kerek eken.
03.11.2013. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maga bektin "ai jaz kyzy" olloo jagat da. Degi ele bardyk yrlaryn ugam.
SUPER.KG видео
07.11.2013. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул кайсы ырчы достор
21.12.2013. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оа сонун ырлары жагат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо