ЭКИГЕ БӨЛҮНГӨН ӨМҮР

№573 25-октябрь-31-октябрь, 2013-ж

Кайрат аялынын колундагы баланы эркелете тиктеп турду. Ансайын тиги колдорун сереңдетип «Кана, эми мени албайсыңбы?» дегендей көзүн күлүңдөтө колу-бутун тыбыратат. Анан калса балакай маңдайы жарылып, бүгүн шайдоот.
– Атасы, карачы, бүгүн бизди куттуктасаң болот. 6 айга толдук. Эми чоңоёбуз.
Кайрат аялынын сөздөрүн кулагынын сыртынан кетирди. Кужулдап өз тилинде чулдурап, талпынып турган баласын көрүп дүйнөсү тарып кетти. Кимдир бирөө кууп жаткандай ордунан тура калып сыртка жөнөдү.
– Сен кайда?
– Жумушка барам. Балдар болуп чогулат элек. Тез эле келем.
Аны үйүнөн кууп жаткан маселе башкада эле. Мурунку аялы Кундуз экөөнүн ортосунда бала болбоду. Догдур, бүбү-бакшы дегендин баарын кыдырып чыгышты, айлалары кетти.
Кундуз акылдуу аялдардын бири эле. Кыйналып жүргөнүн көрүп:
– Кайрат, мени жакшы көрөрүңдү билем. Бирок эркек киши артына тукум калтырыш керек. Айла жок, тагдырыбызга баш ийишибиз керек. Мен сага ыраазымын!- деди.
– Мен сенден бала сурап жатамбы?- деп корс этти Кайрат.
– Эгерде башка айлаң болсо, аны да айт.
Кундуздун да жанына баткан белем, туугандардын күбүр-шыбыры чечим чыгарышын талап кылып турду. Анткени Кайраттын бир аз кызып калса эле ыйлаганы, жашоого наалат айтканы жанына батып кеткен эле. Акыры экөө ажырашууга аргасыз болушту. Мындай учурда тууган-урук дегендер жөн жатпайт экен да. Тез эле Кайратка бирөөнү тааныштырышып, акыры үйлөнтүп тынышты. Бирок баары бир анын жарааты оңой менен айыга койбоду. Экинчи аялынын жанында жатса да Кундузду ойлой берет. Кээде ата-энесинин сөзүнө кирип шашып үйлөнүп алганына өкүнүп кетет.
Кундуз да ажырашкандан кийин изин таптырбай кетти. «Куру бекер жүрөгүн оорута бербейин» деп Кайрат да издеген жок. Анын үстүнө кийинки аялынын боюнда болуп, бала күтүп калышты. Ошентип бир аз болсо да жан дүйнөсү тынчып калган эле. Үйлөнгөндөрүнө бир жыл болгондон кийин Кайрат уулдуу болду. Сүйүнгөнүн айтпа...
Кыш болчу. Жумушка баратып Кундуздун караанына окшош бирөөнү көзү чалып калды. Жүрөгү булкуп кетти. Басканы, кийимдерине чейин окшош экен. Бирок бир таң калтырганы, колунда көтөргөн баласы бар. Кадамын ылдамдата берип келиндин маңдайына барып делдейип туруп калды. Кундуз экен! Ал дагы оозунан сөзү түшүп туруп калды да, колундагы баласынын бетин калкалай жаап, артка чегине берди. Бир нерсе дегиче таксиге түштү да, кете берди. Турган ордунда катып Кайрат калды. Ошол күнү эле Кундуз тууралуу иликтеп баштады. Анын борборго келгенине аз эле убакыт болуптур, баласына каралашканы апасы да келгени тууралуу маалымат алды. Эки-үч күн дендароо болуп жүрдү да, баары бир жолукпаса тынчый албасын билди.
– Айт, бала кимден?- деди издеп барганда эле короодон чыга берген Кундузду көрүп. Ачуусунан энтигип да кетти. Кундуздун көздөрү бакырая түштү. Жөөлөй басып үйгө кирген Кайрат баланы көрүп жүрөгү кысылып кетти. Өзүнүн көчүрмөсү экен, өзүн тиктеп туруптур. Бакырайган көздөрү, уячасынан бери өзүнө окшош. Таенесинин колундагы бала жөөлөй кирип келген адамды таң кала тиктеп турду. Көрсө, ажырашып кеткенде Кундуздун боюнда калган тура.
– Мен сенден кеткенден кийин өзүмдү жаман сезип кыйналып жүрдүм. Анан калса бир айга жетпей үйлөнтүп коюшканын укканда такыр ооруп калдым. Текшерилгени догдурга барганымда боюмда бар экени анык болду. Кубандым, ыйладым. Анткени бактым жарты болчу. Элдин сөзүнөн чүнчүп кетип, сени да көндүргөм. Бул да жашоонун сыноосу экен, биз ага туруштук бере албадык. Апама, айылга барып төрөдүм. Эми иштешим керек болуп келдим.
– Эмнеге бала меники экенин айткан жоксуң?
– Айтсам бир нерсе өзгөрөт беле? Анын үстүнө сени кайрадан кыйнагым келбеди. Уулдуу болгон экенсиң, куттуктайм! Сен бизди ойлобо, мен иштейм. Бутума турам. Билесиң го, мен күчтүү аялмын.
Кайрат көзүн жалжылдата тиктеп турган баланы колуна алып өпкүлөп кирди. Анын дагы эч чочуркабай бөжөйүп колтугуна кирип алганычы...
– Аты ким?
– Бакай.
Ошондон бери Кайрат эки оттун ортосунда калды. Кундузга барбайын дейт, бирок буттары өзүнөн-өзү ошол жакка шилтенет. Эптеп эле көзүн көрүп, уулун бир жыттап кайтканына шүгүр кылат. Кайра кийинки аялынын алдында өзүн күнөөлүү сезет. «Бечара, анда эмне күнөө, айтканымды аткарып, уулумду багып отурат, мен итмин» дейт ичинен. Бирок миң кайталап өзүн урушканы менен, бул туюктан чыга албай убара. Азыр да үйүнөн чыгып ал жакка бараткан кези. Жолдон Бакайга деп оюнчук да сатып алды. Бирок тагдыр анын ордуна чечим кабыл алып койгонун билбеди. Үйгө жакындай бергенде адаттагыдай жалаяк жайылып турганын көрө албады. Тез жетип, эшикти булкуп ачып бейтааныш адамдар отурганын көрдү.
– Кундуз, Бакай!- деп кыйкырып жиберди эркинен тыш.
– Кундуз деген келин көчүп кетти. Муну сага таштады,- деди кимдир бирөө колуна катты карматып.
Дендароо болгон ал катты калтыраган колдору менен ачып окуй баштады. «Кайрат, сенин турмушуңдун бузулушун каалабайм. Өзүңдү токтотобу десем антчү түрүң жок. Тагдыр бизди сабырсыздыгыбыз үчүн ушинтип жазалады. Бизди издебе».
Кайрат кар бүртүктөрүн чеңгелдеп үнсүз ыйлап жатты. Анын мындан аркы жашоосу экиге бөлүнүп калган эле. Сүйүктүү аялы менен сүйкүмдүү уулунун ордун эч ким толуктай
албас. Анын кайгысына ортоктош болгондой кар дагы деле жаап жатты...

Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(32)
28.10.2013. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Keede ata eneler tuura emes chechim chygaryshat, el emne deit dep ele andai kyl myndai kyl dep. Jok dep makul bolboson , bizdi ukpaisyn dep taarynyshat...jaman boluptur baikushtarga...
28.10.2013. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
акылдуу аял экен, эркекги ыйласа да болду да турмуш бузулду, эми берки байкушту бактылуу кыл азапка аны да салбай
28.10.2013. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аттин десе адамзатты ар кандай арман тагдыр сыноо коштойт тура.
28.10.2013. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх тутрмуш турмуш кайдай барба мамайдын гору чыныгы аял экен
28.10.2013. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх жашоо кудайым пендесине ар турдуу тагдыр берет тура биринчи аялы баари бир башкаларга окшошбойт дешет туура коз ачып коргон жары баланыз чонойсо атакем деп издеп келет деп ойлойм себеби Кундуз акылдуу аял экен.
28.10.2013. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
:(
28.10.2013. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх жашоо,кандай гана сыноолорду салат башына.
28.10.2013. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх байкуш жоготуу кандай оор э
28.10.2013. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эккинчи аялыга болгон окуяны тушунтуруп, экки аял менен экки баласы менен жашашка умуту бар экенин экинчи аялыны тушунтургондо, балким экенчи аялы тушунуп маакул болот беле!
28.10.2013. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх кандай кана окунучтуу
28.10.2013. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жашоо сыноо!Сыноого сынбайлы!Балалуу болуу бардык уйбулого насип этсин.
28.10.2013. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тагдырга тамбериш керек.мандайга жазганын корот.Эркек болсон Экинчи аялынды бактылуу кыл,бир жанылдын.эки тоонун чобун энсебей!келечекти карай кадам кой. отконду козгобой!
28.10.2013. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нуржамал Жийдебаеванын талантына баа берем,керемет чыгармаларды жазасыз,жашоодон алынган,реалдуу!
28.10.2013. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
уй булоону ажыраштырып жатышканда уч ай убакыттын бергендигин бир себеби, келиндин боюнда барбы, жокпу тастыктоо беле?
29.10.2013. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lili, Туура эле жазыпсыз, чала молдо дин бузар дешет элибизде. Кудайдын сыноосу баарыбыздын башыбызда бар
28.10.2013. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кундуз кантип баш тартты суйгонунон эрки кучтуу экен
28.10.2013. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чечкинсиз неме экен Кайрат!Былжырабай чечкиндуу болуш керек эркек деген!(
29.10.2013. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуу...
29.10.2013. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нике жана уй було жонундо жазыш керек
29.10.2013. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр кыла турса болмок экен. Балалуу болбой ажырашты эми билгенден кийин кайра чогу жашай берсе болотго бири бирин тушунуу менен. Бул жерде учооно тен кыйын экен азыр. Кайратты акыбалын билип экоо тен раазы болуп жашап кала берсе экен келечекте себеби экоо тен оунун баласы.
30.10.2013. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Автор чыгарманы берилип олтуруп жазган экен,журогумдон откоруп окудум...азаматсыз! Талантынъзга таазим!
02.11.2013. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы заманда Кундуздай аял жок.Баардыгы мени менен жашаса болду башкасы олуп кетсин дейт
02.11.2013. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээх чиркин жашоо бир кем дуйно деген ушу даа...
11.11.2013. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
beka90kg,
Баш тамгаларды ашкере колдонгондугуңуз үчүн билдирүүңүз өчүрүлдү. Эскертүү сизге!
26.11.2013. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мусулманчылыкта уч ай берилет элего ажырашкандан кийин, эмнеге аны аткарышкан жок? Шашкан шайтандын иши дейт. Шаштырып эле уйлондуруп коюшканго.
26.11.2013. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chyndygynda.... turaa,, abdan okunu4tu.. ehg birinchi sabyr kerek ele,,,
07.01.2014. 04:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх жашоо сыноолорго туруштук берели
12.01.2014. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх тагдыр кандай гана таш боор жана татаал
26.02.2014. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баардыгы бактысыздар!
19.06.2014. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоо ушундай экенда) Сыноо жана сыноо
10.06.2018. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тууган-уруктардын тилин ала берсен ошондой болот. Аларга эмне сенин жубайын менен чоогу жашап жатты беле? Менин тайкем 8 жылда балалуу болду. Кандай гана кундор отту башынан, озгочо женем байкуш. Азыр эн жакшы келини.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо