ЖАН ЭРГИТКЕН ЫРЛАР

№573 25-октябрь-31-октябрь, 2013-ж

«Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет». Бул чынында, таамай, таасын айтылган сөз. Турмушта биз кааласак да, каалабасак да көп жолу ырларды тыңшоого туура келет. Коомдук транспорттобу, үйдөбү же жумушта болобузбу көпчүлүк жерде жагымдуу музыка сөзсүз жаңырып турат.
Учурда замандын талабына жараша улам жаңы ырлар чыгып, хитке айланууда. Арасынан 2013-жылы кайсы ыр эл ичинде популярдуу болуп, көп суроо-талапка ээ болду? Ушул суроонун негизинде өлкөдөгү радиостанциялардын кызматкерлерине, расмий порталыбызга жана карапайым калкка кайрылдык
.

РАСУЛ РАХМАНАЛИЕВ, «El fm» радиосунун ди-джейи:
– Биз эл менен тыгыз иштешебиз. Эки-үч суранычты бириктирбей эле, бир адам уккусу келген ырды коюп беребиз. Бул жылы Нурмат Садыровдун «Мен сүйгөн менен пайда жок», Сайкал Садыбакасованын «Ыйлатпачы», Данияр Эрматовдун «Жүрөгүм», Нурлан Насиптин «Канткенде сага жагамын?», Малика Динанын «Ойлорум сага», Гүлжигит Сатыбековдун «Мен сенден кетейинчи», Роза Шакированын «Ашыгым» деген ырлары башкаларга караганда өтө көп жаңырды.

НАЗИРА АСАНКОЖОЕВА, «Миң кыял» радиосунун продюсери:
– Быйыл Нурлан Насиптин «Менин да сүйүүм ушундай», Малика Динанын «Ойлорум сага», Гүлнур Сатылганованын «Эмне чындык?», Ильяз Андаштын «Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар», Данияр Эрматовдун «Жүрөгүм», Минюра Рахимжанованын «Сен кат жаздың» деген ырларын эл көп суранышты.

НАЗГҮЛ ЖАМГЫРЧИЕВА, «Санжыра» радиосу:
– Биздин радио фольклорго да, эстрадага да ыктайт. Жалаң бир багытты көздөбөйт. Радиобуздан быйыл Аскат Мусабековдун «Лейли», Гүлжигит Сатыбековдун «Мен сенден кетейинчи», Гүлнур Сатылганованын «Нандын жыты», Улукмырза Полотовдун «Кусалык», Нурлан Насиптин «Эркелетсемби?», «Менин да сүйүүм ушундай» ырларын угармандар көп суранышты.

АСКАТ АЛДАШЕВ, «Кыргызстан Обондорунун» ди-джейи:
– Биздин радиодон бардык аткаруучулардын ырлары жаңырат. Бир ырды кайра-кайра кайталабоо үчүн атайын көзөмөлдөп туруучу адамдар бар. Эл өзү суранчу убакытта, албетте, алар уккусу келген ырды коюп беребиз. Быйыл Нурлан Насиптин «Менин да сүйүүм ушундай», «Жебе» тобу менен Кенже Дүйшееванын «9 жаш» деген ыры көп суралды.

БАКТЫГҮЛ СОКУШОВА, Super.kg порталынын директору:
– Биздин порталда буга чейин Мирбек Атабеков, Султан Садыралиев, Бактыгүл Бадыеванын ырлары хит болуп келсе, бул жылы жаңы ысымдар пайда болду. Алар жөн гана чыкпастан, өзгөчө бир ылдамдыкта элге алынып кетти. Мисалы, Жоодарбешимдин «Өкүнбө», «Жан тумарым» аттуу ырлары. Бул жигиттин эки ырына тең колдонуучулар тарабынан көбүнчө позитивдүү комментарийлер жазылып жатты. Хит ырлардын арасынан Гүлжигит Сатыбековдун «Мен сенден кетейинчи», Сайкал Садыбакасованын «Ыйлатпачы» деген ырлары да орун алды. Жогорудагы ырлар көзү жашка, жан дүйнөсү муңга толуп турган адамды ойго түртөт, чынында эле маани-маңыздуу ырлар.
Нурлан Насиптин буга чейин «Эркелетсемби?», «Айта албайм» деген ырлары хит болсо, быйыл «Менин да сүйүүм ушундай» ыры менен ыр ышкыбоздорунун жүрөгүнө чок салды. Азыр жаштардын арасында ар бир экинчи адамдын уюлдук телефонунун коңгуроосунда ушул ыр орун алган десем жаңылышпайм.
Кичине кезинен эле сахнада чоңоюп, аты таанымал, бирок эл ичинде оозго алынып ырдалган ырлары саналуу Малика Дина быйыл өтө жакшы эмгектенди. Дегеним, «Ойлорум сага» деген ыры жаштын да, карынын да көңүлүн бурду. Ушул эле жаштардын арасынан Алтынай Нарбаева эжекебизди көрсөк болот. Жаштардан калышпай улам бир жаңы ырын элге сунуштап жатты. Ал ырлары көз жаздымда калбастан, элге алынып кетет. Мисалы, «Кат жазчы мага» ыры укмуш хит болду. Карындаштарын эзилип бышкан жүзүмгө салыштырган Мирлан Баековдун «Карындашым» аттуу ыры да популярдуу ырлардын санын толуктай алды.

«Супердин» сурак бурчу
БЫЙЫЛ КАЙСЫ ЫРДЫ КӨП УКТУҢУЗ?

Нурсултан Солтанкулов, студент:
– Жаштар жалаң эстрадага ыктайт дешет го. Мен буга кошулбайм. Анткени мен эстрада менен катар фольклор ырларын да баалайм. Бир ырды бөлүп айта турган болсом, быйыл Нурлан Насиптин «Менин да сүйүүм ушундай» деген ырын аябай жактырдым.

Тажыкан Тажиматова, соодагер:
– Чарчап турганда ыр уксам эс алып, жеңилдей түшөм. Мыскал Өмүрканова, Гүлсүн Мамашеванын ырлары кандай керемет! Азыркы жаш ырчыларды жаман деп айтпайм. Мага Гүлжигит Сатыбековдун дагы, Гүлжигит Калыковдун дагы ырлары жагат.

Бакыт Балтабаев, соодагер:
– Соода кылып отуруп дайыма радио угам. Радиолор деле бир ырды кайра-кайра бербейт, тизмеси болсо керек. Кайсы ырды берсе да уга берем деңизчи, бирок Гүлжигит Сатыбековдукун жактырам. «Тико», «Мен сенден кетейинчи» деген ырларына сөз жок.

Назира Абдрахманова, студент:
– Негизи эле биздин артисттерге кызыгам, алардын жаңы ырларынан кыя өтпөйм. Омардын чыгармачылыгын өзгөчө баалайм. Быйыл Омардын «Бактыма сен кичине эркесиң, бактыма сен кичине тентексиң» деген саптары бар ырын көп уктум.

Турдалы Супатаев, КУУнун окутуучусу:
– Кыргыздын илгерки ырларын жактырам. «18 жаш», «Тоолор», «Долон», кандай сонун чыгармалар! Бирок бул сыяктуу ырларды азыр телерадио аз берет. Бул туура эмес, анткени жаштар кандай ырлар болгонун билбей калып жатышпайбы. Ретро бул – кыргыздын маданий тарыхы.

Анара Рысалиева, наабайчы:
– Бул нерсе менин жумушума байланыштуу болсо керек, таң аткандан түн бир оокумга чейин радио угабыз. Радиолордон бардык ырчылардын эле ырларын берет. Ошолордун ичинен мага Алтынай Нарбаева эжекебиздин ырлары өзгөчө туюлат. Эже жүрөккө жеткире ырдайт.

Ынтымак Таранчиев, ишкер:
– Токон Эшпаев, Исирадин Аманбаев, Гүлнур Сатылганова, Бек Борбиевдин ырларын флешкама көчүрүп алгам. Ал эми жаштардан Каныкейдин ырларын жакшы көрөм. Айрыкча «Садагам» аттуу чыгармасы жагат.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Быйыл кайсы ырды көп уктуңуз?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(67)
30.10.2013. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Данияр Эрматов Журогум журогум ыры аябай жакты жана Султан Садыралиевдин кайдасын деген ыры дагы
SUPER.KG видео
30.10.2013. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кат жазчы мага
SUPER.KG видео
30.10.2013. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жоодарбешим окунбо,жубайым болчу,Эдил маматов куно кимде..... эн сонун чыгармалар
SUPER.KG видео
30.10.2013. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Okunbo, jubaiym bol4u Joodarbewim
SUPER.KG видео
30.10.2013. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкалдын Ыйлатпачы деген ыры менен азыр баары эле ооруп журот и радиодон да коп сурашат супер ыр деген номинация бериш керек клиби да супер .Быйыл Сайкал супер концерттен бир да наам албаса анда супер инфо калыс эмес эптеп септемей гезит болуп калат го
SUPER.KG видео
30.10.2013. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурмат Садыров жана Сайкал Садыбакасова, Нурлан Насип булардын эмгегин баалайм жана иштерине ийгилик каалайм
SUPER.KG видео
30.10.2013. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан Насип и Жоодарбешим сууупер ырлары жагат))
SUPER.KG видео
30.10.2013. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоодарбешим Окунбо ыры аябай маанилуу,Курал Чокоев карай берем супер ыр
SUPER.KG видео
30.10.2013. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Joodarbeshim jakshy yrdayt.jany yr kutobuz
SUPER.KG видео
31.10.2013. 08:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Daniyr, Daniyar Ermatov Ermatov alga alga
31.10.2013. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкей-"Садагам"
SUPER.KG видео
31.10.2013. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
садагам жагат мага! жана омардын "сени суом унутпа"
SUPER.KG видео
31.10.2013. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурлан,Нурмат,Гулжигит,Жоодарбешим ушул тортоонун бири алыш керек...
SUPER.KG видео
31.10.2013. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин оюмча Нурлан Насип алат,татыктуу
31.10.2013. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыл-Кыянын ЮТСинде Аваз Акимовдун 'Ай айы'...воопшеле популяр болду.))
А мен ушу күндөрү Юлия Русцкаянын Аппак сүйүүсүн угуудан тажабайтам...
31.10.2013. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kokjar92, Кызылкия ал озундо эле,бул жакта республикалык радиолор!!!ютс не деген радио ал?
03.11.2013. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kokjar92, жакшы радио экен,мен туштук жергесинде болгодо угуп келдим.Дегеле азаматтар.Колдоо корсотуп Республикалык денгээлде чыгарып коюш керек.
31.10.2013. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"EL fm" де Нурлан менен Данияр коп хит болгон.еще чынараааа деген ыр дагы))((
31.10.2013. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
juroguummm juroguuuuummmm ah ah ah ohh//////ua hachu))))
SUPER.KG видео
31.10.2013. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алпаруучу жаман реп айткансып суйлойтко
SUPER.KG видео
01.11.2013. 04:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен суйгон менен пайда жок менен нурмат садыровду таанытты жадакалса жаштар орто муун суйуп угуп журду быйыл нурматтын эмгеги чоон интернетти колдонбогон эл анданда коп а бирок мен суйгон менен пайда жокту билбеген киши калган жок нурматтын куйорманы коп ушул жигит алыш керек
SUPER.KG видео
01.11.2013. 04:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
данияр журогум, жана кат жазчы мага алтынай нарбаева
SUPER.KG видео
01.11.2013. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zarema94,
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
Сизге эскертүү!
SUPER.KG видео
01.11.2013. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baaaaaryn baktyluu bolsonor boldu...
SUPER.KG видео
01.11.2013. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
журогум журогум Данияр супер
01.11.2013. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малика Динанын Ойлорум сага ырын жаны чыкканда алгач укканда эле жактыргам.
Негизинен жакшы ырлар ото коп эми ошонун ичинен элге жакканы, добуш коп алганы тандалып алдыга сурулуп чыгат го, убакыт корсотот аны.
SUPER.KG видео
01.11.2013. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мыкты ыр Г Сатыбеков,кетейин))мыкты ырчы Н.Насип,мыкты дебют.Нурмат,же Минюра,мыкты персона Ой ордо. жанааа мыкты ремейк бул Сагыныч кетпейм сага кезигем!98% гарантия,ким мелдешет?))))
SUPER.KG видео
02.11.2013. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкты ырга Даниярдын журогум деген ыры татыктуу
04.11.2013. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз Абдразаков менен Нурлан Насип кучтуу хитмейкерлер.....бирок быйыл Нурмат Садыровдун "мен суйгон менен пайда жок" деген ыры .жылдын хит наамына татыктуу
12.11.2013. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигит Сатыбековдун ,,Мен сенден кетким келди, кетейинчи" деген ыры аябай журокко таасир калтырат.Негизи эле Гулжигит Сатыбековдун баардык ырлары жагат.
05.12.2013. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен суйгон менен пайда жок хит супер ыр
SUPER.KG видео
15.12.2013. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдыразаков кайдааасыз...
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо