Кенже Дүйшеева:«КАРЬЕРА МЕНИ БАКТЫЛУУ КЫЛАТ ДЕП ЖАҢЫЛЫПМЫН»

№573 25-октябрь-31-октябрь, 2013-ж

«Жараткан көргөн кыйынчылыктарымдын ордуна жолдошумду белек катары берди»,- деген «Супер ырчы айым-2009» наамынын ээси Кенже Дүйшеева мурунку, азыркы турмушундагы кайгы-кубанычтарын кеп кылып берди.

– Кандайсыз, Кенже эже? Тилиңиз казакчага бурулуп калыптыр. Кайын журттун таасири катуу болуп жатканбы?
(Каткырып) Жакшы, рахмат. Тилимди сатпай калдым го. Негизи, кайындарымдын алдында казакча сүйлөйм, себеби алар менин үй-бүлөм. Мындай ишим менен аларды сыйлаганымды билдирем. Кээде биздин айрым сөздөр казакча уят сөз болуп калат. Ошондо өзүмдү көзөмөлдөп турам. Мага караганда Талгат кыргызчаны көп аралаштырып сүйлөйт. Жаралгандан сүйлөгөн тилимди кантип бурайын? Кыргызча ырдайм, сүйлөйм, баары жайында эле (күлүп).

– Күздө көп кишилер депрессияга кабылат экен. Сизге да мезгил алмашуу таасирин тийгизеби?
– Чынын айтайын, күз мезгилин такыр жактырбайм. Бирок ушул тапта болуп жаткан фотосессия, жаратылыштын кучагында берип жаткан интервьюм күзгө болгон жек көрүүмдү жокко чыгарууда. Бул мезгилдин сулуулугуна суктанып жатам. Өзүм жазды жактырам. Жаңы ачылган бүчүр менен жаңы ырлар, жаңы ойлор пайда болот.

– Кыштын камын көрүп, салат-кыям даярдап жетиштиңизби?
– Айтасың да, эрте эле камданып баштагам. Быйыл мен Алматыда, Бишкекте салат жаптым. Көбүнчөсүн бул жактан даярдап, Алматыга эринбей жеткирип келдим. Апам ачуу салаттарды сүйүп жейт, ошондуктан ачуусунан көбүрөөк жасадым.

– Байкашыбызча, эне болгондон кийин биз билген эркек мүнөз Кенже Дүйшеева жумшара түшкөндөй...
– Адамдын жаралгандагы мүнөзү баары бир кала берет тура. Мен дагы деле жалган сүйлөгөн, убакытка так эмес адамдарды жек көрөм. Бирок эне болгондон кийин жан дүйнө баалуулуктарың өзгөрөт экен. Томириска жарыкка келип, мүнөзүм аябай жумшарды. Бирөө жакшы сөз айтса, жагымдуу ыр уксам деле элжиреп, эзилип кетчү болуп калдым. Ойлонсом, мен буга чейин ушунчалык кыйын турмушту кечирип жүргөн экем. Азыр мага жашоонун такыр башка, жаңы эшиги ачылды. Жашыраак кезде «карьера мени бактылуу кылат» деп жаңылышыптырмын. Ырчылыктын ысыгына күйүп, суугуна тоңдум, ушул деңгээлге жеттим. Бирок азыр танда десе, ойлонбой туруп үй-бүлөмдү тандап кетмекмин.

– Кызыңыз апакелеген сайын өзүңүздүн да апаңызды эстесеңиз керек?
– Туура айтасың, апамдын кадырын эми билип отурам. Дүйнөдө эч кимге ата-энесинен эрте айрылууну каалабайм. Апам пейили кенен, оор басырыктуу, «балапаным», «айланайын», «кагылайын» деген сөздөрү оозунан түшпөгөн жан эле. Кыз бала турмушка чыгарда ата-эненин орду бир топ эле билинип калат экен. Башка деген баары бир башка. Тилегеним, өзгөчө кызды үйүнөн өз ата-энеси узатса, себеби башкалар «пайдаланып калайын, бир нерсесин жеп калайын» деген менен убара болушат. Бул нерсени өзүм да башымдан өткөрдүм.

– Эки өлкөнүн жарандарынан түзүлгөн кичи мамлекетте кимдин мыйзамы иштейт?
– Атам айтчу, «аял киши башкарган үй-бүлөдөн кут качат» деп. Ошондуктан үйдө жолдошумдун айтканы айткан. Бирок ушул кезге чейин менин кылган жумушумдан кынтык таба элек. Анан «аткарган жумушуң дайыма көңүлгө толот, сенден ката таба албайм» деп көңүлүмдү көтөрөт. Бул мен үчүн жогорку даражадагы баа. Дайыма шайыр жүрөм, жумуштан чарчап келсе, жакшы көргөн тамагын жасай коюп, тамашалап отуруп маанайын көтөрүп турам. Себеби үйүбүздө дайыма тынчтык өкүм сүрүшүн каалайм. Анын баары аялзатынын колунда. Үйдө аялдын маанайы чөксө, уруш да чыгат. Андыктан бакытымдын даамын таттуу кылуу үчүн болгон күчүмдү жумшайм. Үй жумушуна да, ырчылыкка да, «Жебе» тобун башкарганга да жетишүүгө аракеттенем.

«Гүлнара, Айжамал үчөөбүз дайыма туура жолдо жүргөндүктөн,артыбыздан жаман сөз ээрчиген жок».

«Кызым 2 жашка чыкты.Сулууланып сүрөткө түшкөндү жакшы көрөт».

«ЖЕБЕ» ТУУРАЛУУ
– Кыздар менен канча жыл иштедим, чындыгында, кыйын эле. Кудай сакта, эгерде бир башкарманын кызы туш келип калса, баарын баш аламан кылат. Кыздардын артынан сөз жүрүп, топтун кадыры кетет дегендей. Бирок түз, таза жүргөндөргө сөз эч качан жабышпайт. Мына, Айжамал (Кабылова), Гүлнара (Калдарова) үчөөбүз эже-сиңдидей качантан бери иштешип келатабыз. Бир сөз ээрчибеди го. Ошондуктан аялзатына негизги орунда жүрүм-турум болуш керек. Азыр деле көпчүлүк айтат, «кыздардын тобун ачпайсызбы» деп, а мен кыздар менен иштешкенден эчак чарчап бүткөм.
Ал эми аларга салыштырмалуу балдар менен иштешүү оңой, жигиттер алдабайт. Башында топко тандоо жүргөндө алардын ата-энелерине аябай көңүл бургам. Пайдубал кандай тургузулса, адамдын акыл-эси, аң-сезими да ошондой болот эмеспи.
Кээде топтогу жигиттерди көп мактап коюп көз тийип калабы деп чочулайм. Ошондуктан түзүлгөн келишимде эмнелер бар экенин да сыртка чыгарбаймын. «Жебенин» жигиттери менин бир тууган инилеримдей эле болуп калышты. Бирге отуруп калганда сөзүбүз 4-5 саатка узарып, бардык жумушубуз унутулат. Айрым ата-энесине айтпаган сырлары менен бөлүшүп, кеңеш сурап турушат. Кыздардын жазган каттарын, тийишкен селкилерди айтышканда каткырып эле калабыз.

Кенже Дүйшеева:«Жебенин» жигиттери менин бир тууган инилеримдей эле болуп калышты»

Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр Кенже Дүйшееванын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg


Кенже Дүйшеева: "Карьера мени бактылуу кылат деп жаңылыпмын"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(113)
SUPER.KG видео
29.10.2013. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толуп кеткенине улуу корунуп калыптыр.
29.10.2013. 05:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Cuu ichken kuduguna tukurushup, Gulshayr ejenin artinan chigip aliship, tushton kiyin kyin bolboy ele koygulachi.Gulshayr eje bolboco jurmokcunor asir ayilda jooluktu calinip.
Модератор admin_superstan түзөттү 29.10.2013 12:21
29.10.2013. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
толуп кетиптир
29.10.2013. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulwaiyr ejege naarazylygy bilinip kalyptyr
29.10.2013. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кенже эже убагында Гулшайыр эженин ак колу болчу дешет (аты чыкпай калган кыздар), кыздарды катуу кармачуу экен да. Ошондой болгон убакта да Кыз-Бурактан тарашып анан гана элге таанымал болду. Чын чынына келгенде ушул эски Кыз-Бурак мага кобуроок жакчуу. Азыркы Кыз-Бурактын баркы жок, же Сайкал жакшы иштебей жатат.Мен азыркы Кыз-Буракта Сайкалды гана кором, калгандары колокосу, жада калса аттарын да билбейм. Кызыгы кетип калган короче...
29.10.2013. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тилегеним, өзгөчө кызды үйүнөн өз ата-энеси узатса, себеби башкалар «пайдаланып калайын, бир нерсесин жеп калайын» деген менен убара болушат. Бул нерсени өзүм да башымдан өткөрдүм: ошондо Гулшайыр айым пайдаланган болуп калабы?
30.10.2013. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akberdiev, эми Гулшайыр эженин жообун кийинки сандан окуйбуз го буюрса))))))
30.10.2013. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Негизи Кенже эжени ырчы катары да, айым катары да жана жон гана адам катары абдан сыйлайм орусча айтканда "реальная женщина" да сизге чыгармачылык ийгилик бактыныз туболуктуу болсун.
30.10.2013. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кызы аябай ширин экен!
30.10.2013. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
азаматсын кенже
30.10.2013. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Акылдуу адам куноолуу болбосо да кечиримдуу болот! Гулшайыр эже кандай болгон кундо да жасаган жакшылыктары, шоубизге кошкону, тарбиялаганы чындык да! Демек кичуу катары кеичрип койсонуз эл сизди мындан да катуу сыйламак. Улам бирден маек берип сыйынарды кетирип жатасынар...
30.10.2013. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Aydan, туура айтасыз.созунузго кошулам
30.10.2013. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кандай болгон кундо да Кенже эжени мен анча-мынча продюссер мырзаларга караганда жогору баалайм!!!Чыгармачылык бул 2 ооз соз менен айтып койчу кеп эмес,айрыкча легендарлуу Кыз-Бурак тобун коп убакыттан бери ысык,суугуна,ар кимдин арам оюна карабай башкарып келген Кенже эжеге чоооооон рахмат!!!Эжеке ит уро берет а кербен журо берет))) Уй-булоонуз менен аман болунуз)))Жолдошунузду сыйласаныз,бул дуйнодо бактылуу омур суросуз!!!Р.S.Терен урматым менен ининиз Миржамэл!!!!!))))))
30.10.2013. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кенже эже эркек аялсыз так держать
SUPER.KG видео
30.10.2013. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyzy takay horoshenkaya
SUPER.KG видео
30.10.2013. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
unu ayabai jakshy eken molodets
SUPER.KG видео
30.10.2013. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мыкты маек болуптур аман болунуз. Бегимай эсенгулова туралууда жазгылачы сураныч аябай жагат.
31.10.2013. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызы мынча жакшынакай, коз тийбесин, акылдуу кыз болсун!
31.10.2013. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кенже эже сиз азаматсыз!Сиздин жасаган эмгегинизди элдин баары билет.Кыз Буракты убагында дунгуроткон сиз болчусуз.Ал эми ар кайсыны суйлогондор баягы мышык майга жетпеген сыяктуу адамдар.АЛГА Кенже эже!Биз сизди суйобуууууз!
31.10.2013. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылыгына ийгилик!
SUPER.KG видео
31.10.2013. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул кенже дуйшеева жебе тобуна туура емес балдарды алган бут баары назик кыздардай талантына карап алса болмок ушул убака чейин оздорунун ырлары жок
01.11.2013. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kenje ejeshka baktyluu bolunuz,...
SUPER.KG видео
01.11.2013. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо, эмнеге мен жазган комментарийди очуруп салдынар???!!!!!!!!!!!!!!!
01.11.2013. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men jakwy bilem bul evening I maga harakteri jagat sozu mn kylgan iwi tuura kelet.Prosto molodes sizge iwinerge yigilik!!!!!!!!!!!!!!!!!
02.11.2013. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче кекчил окшойт. Кыз-буракта иштеп жургондо жакшы Эле кийинет болчу, бирок озунчо болуп чыгып кеткенден кийин ачык-чачык кийинип озуно жакшы карабай койду. Толуп, бою кичинээрип кетиптир. Мейли бирок кантсе дагы бактылуу болсо болду, уулду болуп алсын ылайым!
03.11.2013. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздар ошо да казактарга тийсе же иштесе казакча суйлоп калат,а казактар олуп баратса да кыргызча суйлобойт,Кыргызча эле суйлойлучу мекендештер,оз тилибизди унутпайлы!!!!
03.11.2013. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун эжего
SUPER.KG видео
06.11.2013. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Журналист кыз азамат!Ийгилик!
SUPER.KG видео
17.11.2013. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн сонун маек болуптур ту ту ту коз тийбесин кенже эже сиге ийгилик
SUPER.KG видео
21.11.2013. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйлогону Шайыр Садыбаксовага окшоп калыптыр, кантседа коп жыл чогуу журдуда, ИГИЛИК!!!
SUPER.KG видео
22.11.2013. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба,бардык интервьюсунда уй-булосун эле айта береткен кобуроок....
SUPER.KG видео
30.11.2013. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кенже эже ийгилик сизге
бактылуу болунуз
кызынызга бактылуу балалык
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо