Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТОКОН МАМЫТОВ КАСАН-САЙДЫ КАЙТАРУУНУ КӨТӨРҮП ЧЫГАБЫ?

№573 25-октябрь-31-октябрь, 2013-ж

Коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер Токон Мамытов 21-24-октябрь күндөрү Жалал-Абад облусунун Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондоруна иш сапары менен барып келди. Андагы орчундуу маселелердин бири Касан-Сай суу сактагычын Кыргызстанга кайтаруу болду.
Ала-Бука районунун Өрүктү айылынын тургуну, 84 жаштагы карыя Көчкөнбай Абдылдабеков 1939-жылы Өзбекстан суу сактагыч куруу үчүн Кыргызстандын 1 миң гектарга жакын жерин алып, ушул күнгө чейин эч кандай ижара акысын төлөбөй жатканын вице-премьерге айтты. «СССР кезинде суу сактагыч курабыз деп бир айылдын элин башка жерге которуп, анын ордуна Өзбекстан 1 миң гектар жер бермек болгон. Бирок ал сөз аткарылган жок»,- деди карыя. Бул маалыматты Ала-Бука районунун акими Алымкул Кулуев да ырастады. Өрүктүнүн айыл башчысы Шамырбек Абдылдабеков учурда айылда 1 миң түтүн жер тилке алууга кезекте турганын кошумчалады.
Ала-Бука районунун мамкаттоо кызматынын башчысы Абдулат Мырзаевдин айтымында, Кыргызстандын аймагында жайгашкан Касан-Сай суу сактагычы 850 гектар жерди ээлейт, анын ичинен Өзбекстан 190 гектарын гана компенсациялап берген. «Суу сактагычтын аймагында коңшу өлкөнүн 300гө жакын жараны отурукташып, биздин аймактын мыйзамын сактабай келишет. Ушул күнгө дейре Наманган облусунун тургундары, дегеле өзбек тарап «суу сактагычтын аймагы биздин жер» деп келишет. Документтер боюнча, ал Кыргызстанга тиешелүү болгонуна карабастан, бул аймак өзбек чек арачылары тарабынан коргоого алынган. Суу сактагычты бир гана өзбек тарап пайдаланат, бирок эч кандай ижара акы менен жер салыгын төлөбөйт»,- деди А.Мырзаев. Өз кезегинде Токон Мамытов бул маселени парламентке, өкмөткө жеткирүүнү убада кылды.
Ошондой эле Өзбекстан август айынан бери чек ара өтмөктөрүндөгү чектөөнү ала элек. Коңшу тарап Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргызстан менен чектешкен 15 чек ара өтмөгүнө чектөө киргизген болчу. Учурда Кыргызстан менен Өзбекстан жарандары тууган-жакындарынын жакшылык, жамандыктарына атайын телеграмманын жардамы менен гана өтө алышат. Азыркы тапта 2 гана автоөтмөк ачык. Алар Баткендин Кадамжайы менен Жалал-Абаддын Достук өтмөгү.

Гүлмайрам Сабырбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
28.10.2013. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Omuru kaitara aliwpait kaitarmsk tursun adan onoi maseleni chechiwe albai jatiwat, bul jon ele soz aitylip kala beret
28.10.2013. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбектер качан алган нерсени кайтарышты биздин чондор. барганда бир соз айтат, кайра дагы жылмайышып 32 тишин корсотушуп кайтышат, тем более суусуктагыч болуп жатса, аны бергиче озбектер бизге согуш ачып жиберишет, кыргыздарды кордоп атканына ыраазы болгон чондор. суусактагычты тем более жерди кайтарыша алышпайт... бул ачык эле корунуш... калп эле элге барып созун угуп иийй, деп башын ийкешип келе беришет... биздин чондор эшектин тушоосун чече алышпайт... дагы несин айтасын... акча эле болсо..
28.10.2013. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайра чондорго оозунарды экинчи ачпагыла деп дагы 4 тыйын карматып коюшса, озбектердин айтканын туура коруп, жыртайып келе беришет... биздин чиновниктер элди ойлобой калганы качан, только акча болсо болду, жакында Кыргызстанды саткыла десе, ак уйдогу 200 чиновник сатып чыгып кетиштен да тайманбайт.... ото окунучтуу...
29.10.2013. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
еркек айта берет артына кайта берет дебей еми жок дегенде озбектерден жер акысын ондуруп турса болор
29.10.2013. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иии,ушу ала чапандардан кайтарып алып болупсунар!
04.11.2013. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kg.lady, оздон чыккан жат жаман, Кыргыз чоорусун алигинтип коюп анан озбектер пайда боло калган :)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо