Тола Турсуналиев:«ЭЛИМДИ УЯТ КЫЛБАЙМ ДЕП ИШЕНЕМ»

№573 25-октябрь-31-октябрь, 2013-ж

«Сүйгөнүм сенсиң, Сауле, Сауле» деген саптары менен жаштар арасында популярдуу болгон «МКД» тобу эсиңиздеби? Аталган топ тарап кеткени менен, солисттери жеке ырчы болуп эмгектенип келишет. Алардын бири, кыргыздын чыгаан акыны Эстебес Турсуналиевдин небереси Төлөн Турсуналиев.

– Саламатсызбы, Төлөн? Чыгармачыл ата-тегиңиздин таасири сизге да тийген го, ээ?
– Саламатчылык. Ооба, чоң атам кыргыздын атактуу акыны Эстебес Турсуналиев, атам айтылуу «Таазим» тобунун мүчөсү болгон Эркинбек Турсуналиев. Ушул адамдардын таланты мага да өтүп, чыгармачылык жолун тандагам.

– Сиздердин «МКД» аттуу тобуңуздар эмнеден улам тарады эле?
– Топтогу Толя Казакстандын жараны болгондуктан, өз мекенинде өнүгүп-өсүүгө тырышты. Башында экөөбүз тең Казакстанда эмгектенип көрдүк, бирок мен чыдабай койдум. Кыргызстанга кайтып келе бергем. Ошентип 2009-жылы «МКД» тобу тараган. Биздин достугубуз бекем, ошондуктан топко жаңы мүчө издегим келген жок.

– Тола деген лакап атты да ошол топтон алсаңыз керек...
– Мени жакын досторум ушинтип чакырышат. Чыгармачыл чөйрөдөгүлөр дагы ушул ысым менен таанып калышпадыбы. Ошондуктан фестивалга да Тола Турсуналиев деген ат менен баратам.

– Кийин кандай жумуш менен алектендиңиз?
– Чыгармачылыктын эле казанында кайнадым. 2 жыл мурун «Солёные орешки» тобуна мүчө болуумду сунушташкан. 2011-жылдан тартып мен мыйзамдуу түрдө аталган топтун мүчөсү болуп келе жатам.

– Жакында эл аралык фестивалга аттанып жаткан экенсиз. Ошол тууралуу айта кетсеңиз...
– Ооба, буюрса, 26-октябрь күнү Вьетнамдын Ханой шаарында өтчү бүткүл Азия өлкөлөрүнүн арасында эл аралык «АБУ-2013» фестивалына Кыргызстандын атынан чыкмакчымын. Бул фестиваль 1985-жылы негизделген. Эки жылдан соң өткөрүлбөй калган. Эми минтип кайрадан жандануунун жолуна түшкөндөгү кези. Бир четинен мага чыгармачылыктын дагы бир эшиги ачылууда. Бул фестивалда музыкасы Бакыт Алишеровго, сөзү Кыял Урманбетовго таандык «Энекем» аттуу ырды аткарам. Учурда катуу даярданып жатам. Мындай чоң фестивалда ата журтумду уят кылбайм деген ишеничтемин.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
28.10.2013. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ненавижу ушундай чачтууларды
28.10.2013. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
таныбайт экем ырчыдан башын айланат азыр ии
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо