Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ТАБИЯТТЫН ТАЛАБЫНАН КАЧА АЛБАДЫМ...»

№573 25-октябрь-31-октябрь, 2013-ж

Тагдыр бизди ар түрдүүчө сынайт. Айрымдарды табияттын мыйзам ченемдүүлүгүнө каршы барганга чейин алпарат. Ошондой адамдардын бири болгон жаш жигит өз тагдырын, жан дүйнөсүн эзген, жүрөгүнүн түпкүрүндө катылган сырын айтып берүүнү каалап, кеңсебизге баш бакты. Биз ар бир окурмандын оюн, үнүн угуп, көйгөйүн чечүүгө жардам берүүгө ар дайым даярбыз. Каарманыбыздын жүрүм-турумун колдоо, мындай жашоону үгүттөө максатыбыз жок. Бирок шибегени капка ката албагандай сыяктуу эле, мындай өмүрлөр да биздин заманда, биз жашаган шаарда бар экенин тана албайбыз. Бир жыныска ыктаган сезимдер. Адамдар. Алар эмнеге ишенип, эртеңинен эмнени күтүп жашашат?..

«АТА-ЭНЕМ, ТУУГАНДАРЫМ БИЛИШЕТ»
– Менин атым Данияр (белгилүү себептерден улам аты-жөнү өзгөртүлдү), жашым 25те. Ачыгын айтсам, геймин. Бала бакчадан эле балдарды жакшы көрчүмүн. 18 жашымда бир жигит менен интернет аркылуу таанышып, жолугуп, жагып калды. Ошентип, андан ары ошондой жолго түшүп, жалаң жигиттер менен жолуга баштадым. Негизи, мага башынан эле европа түспөлүндөгү, булчуңдуу, денеси түктүү эркектер жагат. Ал эми кызга окшоп чоюлган, кылыктанган эркектерди жинимдей көрөм. Акыры жашы 35тердеги, улуту орус кишини сүйүп калдым. Экөөбүздүн ортобузда махабат тутанып, бат-баттан жолугуп, атүгүл канча бир убакыт чогуу жашап да жүрдүк. Жашоодо ар кандай нерселер болот экен да, бири-бирибизди түшүнө албадыкпы же тажадыкпы, айтор, ажырашканыбызга 2 жылдай болуп калды. Негизи эле гейлердин арасында туруктуу мамиле кургандары чанда эле. Себеби биз дайыма жаңы нерселерди издеп, жаңы таанышууларды күтүп жүрөбүз.
Гейлерди көз карашынан, кыймыл-аракетинен эле байкаса болот. Кээ бир тааныштарымдын арасында «чыныгы эркек болом» деп үйлөнүшкөндөрү да болгон. Бирок бир аз жашаган соң кайра эле аялдарына билгизбей эркектер менен жолугуп жүрүшөт. Мен азыр жалгызмын, сүйүүмдү издеп жүрөм. Көчөдөн жигиттерди көрүп жактырган учурларым болот, бирок тааныша албай, суктанып карап тим болом. Жигиттер менен көбүнчө интернеттен, атайын гейлер үчүн ачылган сайттар аркылуу таанышам. Кээде үй-бүлөсү, балдары бар бисексуал адамдар деле «жолукпайлыбы?» деп кат жазып калышат. Андайлар азыр Кыргызстанда көп эле.

«НАОМИ КЭМПБЕЛЛ ДА КЫЗЫКТЫРБАЙТ»
– Жашоомдо бир да жолу кыз менен сүйүү мамилесин куруп көргөн эмесмин. Кыздар супер модель, мага десе Наоми Кэмпбелл болсо да мени кызыктырбайт. Мага ашык болуп, кат жазып, артымдан чуркаган кыздар көп эле. Кыздар менен мамиле түзүп көрө элекмин. Бир жолу эжем «кыздар менен сүйлөшүп көрбөйсүңбү» деп сунуштаганда «жинди болбоңузчу» дегем. Кыздар назик го, мага эркектердин дене-мүчөсү аябай жагат. Өзүмдү төрөлгөндө эле ушундай маселе менен төрөлсөм керек деп ойлойм. Себеби мени бул жолго эч ким түрткөн, азгырган жок, өзүм тандадым. Мен тууралуу ата-энем, бир туугандарым, тааныштарымдын көбү билет. 19 жашымда өзүмдүн ким экенимди эжелериме, иниме айткам. Иним болсо апама айтып салыптыр. Алар ызы-чуу салышты, акыры барып түшүнүү менен кабыл алышты. Башында апам «сени сексопатологго же психологго алып баралы» деп жүрдү. «Апа, аларың эч кандай жардам бере албайт, мен табияттын талабынан кайда кача алмак элем?» деп макул болбой койгом. Себеби башында «Неге мындай болуп калдым? Чыныгы мырза болуп, кыздарды жандасам болбойт беле?» деген ойлор кажып, депрессияга кабылган күндөрүм болгон. Акыры табиятка адамзаты эч кандай каршылык көрсөтө албасын түшүнүп, күрөшпөй эле коюуну туура көрдүм.
Кээде чарчаганда гей-клубга барып эс алам. Бишкекте 1 эле гей-клуб иштейт. Ал жерде жума, ишемби күндөрү адамдар көп болот. Трансвеститтер, лесбиянкалар, бисексуалдар жана кээде чет өлкөлүктөр да келип калышат. Себеби сайттарда Бишкекте гей-клуб бар экендиги тууралуу маалыматтар бар да, чет өлкөлүктөр ошону менен таап келишет. Негизи, гей-клубга көбүнчө бир күндүк эле көңүл ачууну каалагандар барышат.

«МЕН УНИВЕРСАЛ ГЕЙМИН»
– Гейлер «актив» (эркектин ролун аткарат), «пассив» (аялдын ролун аткарат) жана «универсал» (эркектин да, аялдын да ролун аткарат) болуп 3кө бөлүнөт. Мен «универсалмын».
Бишкекте азыр «Лабрис», «КыргызИндиго» деген гей-уюмдар бар. Алар презерватив жана башкаларды бекер таратышат. Медициналык текшерүүдөн өткөрүп, психологдун жардамын көрсөтүшөт. Мындан тышкары ар кандай иш-чараларды да уюштурушат. Кечээ жакында эле, 11-октябрь күнү «Каминг-аут» деген майрамыбыз болду. Бул сөз англисчеден алынган. Мындайча айтканда, сен өзүңдүн гей экениңди туугандарыңа же тааныштарыңа биринчи жолу айткан күн –»Каминг-аут» күнү деп бүткүл дүйнөдө белгиленет. Ал күнү Бишкектеги кинотеатрлардын биринде «КыргызИндиго» уюму бизге гейлер тууралуу тасмаларды көрсөтүштү. Андан соң клубда майрамдык кече уюштурулду.
Азыр менде баары жайында, жашоом канааттандырарлык. Үй-бүлө куруп, балалуу болорума көзүм жетпейт. Мен үчүн жашоомдун маңызы – ар бир күндү ырахаттанып жашоо, ата-эне, жакындарыма кам көрүү.

ГОМОСЕКСУАЛДАРГА КАНТИП ЖАРДАМ БЕРҮҮ КЕРЕК?
Бул маселе боюнча психолог НУРЗАДА МАЯМЕРОВАга кайрылып, төмөндөгүдөй жооп алдык:
– Гомосексуализм – адамдын организминдеги биологиялык өзгөрүүлөрдүн натыйжасы же жаратылыштын жаңылыштыгы. Кызга окшош уландарды, эркек мүнөздүү айымдарды жаратылыштын катасы катары кабыл алууга болот. Гейлердин тагдыры бир топ эле аянычтуу. Анткени алар өз жынысындагыларды сүйүшөт. Сүйүүсү терең, аялуу болот. Аларды кемсинтпөө керек. Адам кандай жаралса да, жаратылышынанбы, ата-энесинин туура эмес тарбиясынанбы (эркекти кыздай, кызды эркектей тарбиялоо) же социалдык көрүнүштөрдүн натыйжасынанбы, өзүн ошондой кабыл алышы керек. Жогорудагы каарманыбыз өзгөрүүнү каалаган жок. Эгер ал өзгөрүүнү кааласа, «мен нормалдуумун, мен эркекмин, менде эркектик касиеттер бар» деген ишеним болуш керек. Ошондой ишенимди күчөтүш керек болот. Анткени сөздүн күчү өтө чоң. Адамда каалоо, эрк болсо, ал баарын жеңет. Эгерде «кантип туура жолго түшөм?» деген суроо пайда болсо, уялбастан психологго кайрылуусу кажет.

Эркин Сексенбаев
koom@super.kg


“Табияттын талабынан кача албадым...”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(105)
SUPER.KG видео
01.11.2013. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай корунуш мурда болгон деп уккан жерим бар мындайларды "баччаваз" айтылса керекле,хадистен уккандай болтам.
значит бул тууроо эмес экен болгон экен оо илгери эле хадисте тем более ал эми жаш бала кандай чонойот ал бир эле коомдон эмес ата энеден да зависит этет
02.11.2013. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстанда намыс калбады такыр
02.11.2013. 04:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
булар адам корунушундогу шайтандар
SUPER.KG видео
02.11.2013. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эмнеге ушундай уроддорду реклама кыласынар? гей болсо боло берсин, аны бизге эмне кереги бар билип?
Же эми педофилдерди да реклама кыласынарбы булардан кийин??
Эркек эркек болуш керек, кыздар кыздардай болуш керек. Башка терс корунуштордун кереги жок, аны колдогондор соо эмес.
02.11.2013. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
кудайдан коркпогондой булар эмне кылып жатышат? уурулук кылып же киши олтуруп жургон жок. мен мындайларды поддерживать этпейм. болгону бир жылдан бери ушул нерсенин айласын издеп келем. аябай корком,уруп да,урушуп да ,уйдон чыгарып да кордум. отургузуп тушундурсон биздин жашоо таптакыр кызыктырбасын билгенде ата-энеме айтканга туура келди. себеби менин иним уни гей болуп чыкты. озум 5убак намаз окуйм,бирок булардын жашоосун тушунгонго туура келди. кантсе да айласын табам деп ойлойм.
02.11.2013. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мен да буларды оорулуудай
кабыл алам. Балдарымдын ушундай болуп калышынан корком, турмушта ар нерсе болушу мумкун да.
03.11.2013. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Гей болуп калганына сыймыктангандай го. Универсалмын дейт го адамдын жанын кашайтып!!!
03.11.2013. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
SuLuWkA, туура айттын эмнесине мактанып чыкты билбейм,окууганыма окунуп жатам,уят ар намыс калбаптыр
03.11.2013. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул нерсени жок кылуу керек. Элестеткиле, ушундай темп менен кийин эмне болот?
03.11.2013. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
биз деген мусулманбызда,илгерки ата- бабаларыбыз жашашконго тынч эле,кандай жаралсан ошол боюнча жаша!!!!
SUPER.KG видео
07.11.2013. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
не судите, да не судимы будете! не стоит так реагировать на такие явления- это видео-вовсе не пропаганда, оно всего лишь показывает, что и у нас в обществе есть такие люди, это "болезнь", которую думаю все таки можно предусмотреть и приостановить еще в раннем возрасте ребенка. вместо того, чтобы тыкать постарались б помочь..
10.11.2013. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кылдым,бирок айтканы созум жок..............
SUPER.KG видео
10.11.2013. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайдын жаратканындай эле болгону жакшы,эркекти аял учун,аялды эркек учун жараткан да,а мындай кишилер психикалык жактан оорулуу кишилер.Ата энесин уят кылып журот да,бети жок десе!!!
10.11.2013. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
haram bul ei tuugandar. uialbai mairsmybyz bar deit dagy. otvratitelno
10.11.2013. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dagy universalmyn dep koigondochu sen waitandyn tiline kirbe makulbu
16.11.2013. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
фуууу конулум айнып кетти
22.11.2013. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин бир тааныш кызымдын болосу бар ал озу кыз (бирок транс эркекче жургон эме) жакында мучомду алмаштырганы кетип жатам деген эле. Ал клубу Филармонянын капталындагы эшиктен кирет аты Гвость деген фуу так отвратительно... Жылдыздар да барат биздин.
SUPER.KG видео
23.11.2013. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздай болуп журушот го дейсин го...а озунду эркекмин деп ойлойт окшойсун
25.11.2013. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Erkek erkektei bolsonor kaidagyny aitpai erk kerek erkin jokpu anda soz jok
25.11.2013. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуй коёт элем деп кан басымымы которулуп кетти. Кудай сактай гор мындай нерселер кыргызстанга келип калган турбайбы. Окуп буткончо шаштым калтырап титиреп озумду кармай албай калдым.
SUPER.KG видео
26.11.2013. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыр заман озу жакындабайт. Аны адамдар оздору жакындатат. Ойгон эй келесоо.
27.11.2013. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
булдеген Нарушение хромосом , негизи эркектинда аялдында организминде эки жынысты алып журуучу гормондор б.т тестерон жана эстроген , тестерон мужской эстроген женский , бул балада эстроген женский гормон кучтуулук кылды ошол себеп ушундай абалга келди , бул нерсени тушунсо б.т медициналык коз карашта
27.11.2013. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биринчи жолу угуп коруп жаткандай тус калтырбасанар болот эле !
29.11.2013. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактасын.

13.12.2013. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул деле ушундай болоюн дебейт ушундай жаралышып калышат айтып жатпайбы окунуп ыйлаган кундорум болду дедиго эмне кылсын бечара туура тушунушубуз керек.
SUPER.KG видео
13.12.2013. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларды тушунушубуз керек бул деле атайлап гей болуп алган жокта ушундай жаралган окунуп жатпайбы эмне кылайын деп
SUPER.KG видео
13.12.2013. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушунбой эле жаман коро бербегиле
SUPER.KG видео
08.03.2014. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайсы бир пайгамбардын маалында да дал ушундай болуп кыздар кыздар менен эркек эркек менен боло баштаганда кудай таала ошол коомду жок кылып салган экен мен гейлерди лизбиянкаларды жек кором.же 15 16 кылымдагыдай кылып буларды олум жазасына тартыш керек анткени булар коомду бузат!!!
SUPER.KG видео
10.04.2014. 04:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
главно ачыкка чыгышпасын элдерли угуттоп дагы чыгышса чогулуп туруп орттошубуз керек биздин коомдуу бузуп жатышат акмактар
19.04.2014. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дуйно эмне эле болуп бара жатат?
09.11.2014. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Короче соз жок!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо