ЖАСМИНДИ АРАБ ШЕЙХИ КҮТҮҮДӨ

№206 13-19-октябрь, 2006-ж.

Үйбүлөлүк турмушунун чырынан улам Жасмин сахнаны таштайт деген имиштер угула баштаган эле. Бирок, ырчы сахнанын адамы экенин тастыктап, жакында Араб Эмиратына жол тартканы турат. Ал жакта жаңы, белгилүү музыкалык телеканал Жасминди шоу-долбоорго катышууга чакырган.
Бул теле-шоу Дубайда өткөрүлмөкчү. Ал эми Жасминди бул сапарга жакын досу, бийчи Андрей Гасаненко коштоп барат. Алгач аталган теле-шоуга орустардын белгилүү ырчысы Жанна Фриске чакырылган эле. Бул сунушту четке каккан Жаннанын ордуна Жасмин бекитилген. Ошентип, учурда уккулуктуу үнү гана эмес, келбеттүү жүзү менен көпчүлүктү багындырган Жасминди жеке эле уюштуруучулар эмес, араб шейхи да чыдамсыздык менен күтүүдө.

ОРУС ЫРЧЫЛАРЫНЫН СЕКС СИМВОЛУ КИМ?

Орус ырчыларынын арасында «Ким эң сексуалдуу?» аттуу конкурс даярдалууда. Бул конкурс ар жылы жүргүзүлүп келет. Алгач искусствонун ар кыл өкүл­дө­рүнөн (кино, спорт, музыка жаатынан) он адам тандалып алынып, алардын арасынан эң сексуалдуу деп табылганына акчалай сыйлык жана оригиналдуу статуэтка берилет.
Бул орунга ат салышкандар Дима Билан, Сати Казанова, Рома Зверь, Нелли Уварова, Алина Кабаева, Тина Кандалаки, Жанна Фриске жана башкалар...
Көпчүлүктүн божомолуна караганда, бул наамды Сати Казанова же Дима Билан утушу мүмкүн.

ШАКИРА БАЛА БАГЫП АЛАБЫ?

Учурда жылдызы жанып турган колумбиялык ырчы Шакира кичине балдарды жакшы көрөөрү маалым. Бирок, көпчүлүк ырчылардай бала асырап албастан, кичине балдарга арнап мектеп ачууну көздөйт. Ырчы мектепти «Шакиранын жыңайлак буттары» деп атамакчы. Өзүнүн туулган жери Баранкилья аттуу кичинекей шаарчага ачыла турган бул мектепте балдар бекер окууга тийиш. Ал эми башка мектептерден өзгө­чөлүгү мында балдар испанча жана англисче окуп, бий искусствосуна үйрөнү­шөт.
Ошентип, Шакира өзүнүн дүйнө жүзүн кыдырган гастролунан түшкөн пайданын көпчүлүгүн аталган мектепке жумшоону көздөөдө.

ФИЛИПП ЧЕЧЕНСТАНДЫН ЭЛ АРТИСТИ БОЛДУ

Орустардын белгилүү ырчысы Филипп Киркоров бир кечеде эки мамлекеттин эмгек сиңирген артисти болууга жетишти.
Чеченстандын премьер-министри Рамзан Кадыровдун 30 жылдык мааракесине чакыртылган ырчылардын катарында Филипп Киркоров да болду. Кечеде көптөгөн ырларын тартуулаган Филиппти колдогон кол чабуулар көпкө басылбай, ырчыны кубанычка бөлөгөн. Кече аяктаганда Ингушетиянын президенти Мурат Зязиков жана Чеченстандын премьер-министри Рамзан Кадыров Филипп Киркоровго «Эки өлкөнүн эмгек сиңирген артисти» деген ардактуу наамды ыйгарышты. Маалыматтарга караганда, Филипп Киркоров Рамзан Кадыровдун сүйүктүү ырчыларынын бири.
«Мен бул жакта мынчалык популярдуулукка ээ экенимди билген эмес элем» деп билдирген сыймыктанган ырчы.

Даярдаган Нуржамал Жийдебаева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо