Актан Исабаев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти:«БИР АЙДА КАЗАКСТАНДЫ БАГЫНДЫРГАНБЫЗ»

№574 01-ноябрь-07-ноябрь, 2013-ж

Бийи Майкл Жексондон кем калбаган, шыңга бойлуу, кең далылуу, кара тору өңүнө апаппак кийими куп жарашкан, өзгөчө үнү бар Актан Исабаев эсиңиздедир. Бир кездеги көп кыздардын сүймөнчүгү, «стиляга» жигит, азыр нукура кыргыз дөөлөттөрүн сактоону көздөгөн, илим-билимге сугарылган, сөөлөттүү мырзага айланган. Ырчынын балалык чагынан башталган маегибиз балдарынын балалыгына чейин барып токтоду.

– Актан мырза, кепти балалыктан баштасакпы деп турам...
-Негизи, кыргыз тегин айтыш керек экен, өзүмдүн тегим Көлдөн болот, бирок балалыгым Бишкек шаарында өттү. Кызыгы, агам (ред. Аслан Исабаев) экөөбүз жаш кезибизден орустар менен аралашып жүрсөк да, орусча такыр билчү эмеспиз. Анткени атам Чалагыз Исабаев, энем Самара Токтакунова экөө тең кыргыздын улуттук аспабында ойногон, үйдө жалаң кыргыз тилинде сүйлөгөн адамдар эле. Кичинебизден тартып нукура кыргызча тарбия алдык.

– Ата-энеңиз да өнөр адамдары эмеспи, алар гастролдоп кеткенде кимдер менен калчу элеңиздер?
-Атам менен апам дүйнөнүн төрт бурчун, ааламдын алты континентин бүтүндөй кыдырып келишкен. Биздин үйдө дүйнөлүк карта илинип турар эле. Ата-энем кайсы өлкөгө кетсе, ошол жерге түстүү кнопканы сайып койчумун. Бир кездерде ошол карта кызыл-тазыл болуп кнопкага толуп калганда, мен картаны карап «кантип ушунча көп өлкөнү адам аз убакыттын ичинде кыдырып чыга алат?» деп таң калган элем. Алар келсе бир жума, ашып кетсе он күн эле үйдө болуп, кайра гастролго кетишчү. Бизди таенем, таежелерим карашчу.

– Көп учурда Самара эженин аты аталып, атаңыз көп айтылбагандай сезилет. Атаңыз тууралуу билгенге кызыкдарбыз...
-Атам уникалдуу адам эле, мындай адамдар жүз жылда бир төрөлсө керек. Эч качан адамдарды кичине-чоң, бай-кедей деп айырмалап же бөлчү эмес. Колу ачык, шайыр жана март адамдардын бири болчу. Улутун, элин жана жерин өтө баалаган адам эле. Эсимде, 1986-жылы Японияга барганда атам кыргыздар тууралуу сүйлөп берген. Ошол маегин угуп жатып япондор гана эмес, өзүмдүн атама өзүм суктанган элем. Анткени Кыргызстандын географиялык өзгөчөлүгүнөн тартып, элинин пейилине чейин таттуу, маанилүү баяндап берген. Бир эле учурда жетекчи (ред. "Камбаркан" фольклордук ансамблинин негиздөөчүсү), тамада, куудул, прозаик, музыкант болчу.

«Кыргызстандан чыккан негрлер» аталып жүргөн кез».

– Атаңыздан кандай өнөр үйрөнө алдыңыз?
-Аслан көбүнчөсү достору менен убакыт өткөрөр эле, атамдын жанында дайым мен жүрчүмүн. Атам тамакты даамдуу жасачу, мага тамак жасаганды да атам үйрөткөн. Француз тамагы – жульенди өзгөчө жакшы жасачу. Атам экөөбүз торт да жасачубуз. Ал кезде «Зебра» деген торт популярдуу болчу. Мен өз колум менен торт жасап, таеже, таякелеримдин туулган күнү болсо, менден белек деп дасторконго тартуулачумун.
Биздин үй-бүлөдө бир жакшы салт бар эле. Өз колубуз менен тамак жасап, ата-энемди тосуп алчубуз. Кээде энем чет өлкөгө жалгыз кеткен убактарда, үйгө конок келе тургандай сервировкасынан бери ойлонуштуруп сонун дасторкон жасап, мен, Аслан, атам үчөөбүз гүл менен тосуп алчубуз.

– Сиз дагы таттуу айтып берет экенсиз, атаңызга окшош болсоңуз керек?
-Азыр Аслан экөөбүз тең эле атама окшошуп калдык. Мен Асланга караганда татынакайраак болчумун башында (күлүп). Кийин одурайып мурдум чоңоюп, каштарым өсүп, кебетем башкача болуп калды. Башында энеме окшош элем...

– Экөөңүздөр тең музыкант болсоңуздар, кичинеңерде атаандашуу күч болгондур?
-Жок, атаандашуу болгон жок. Агам экөөбүз Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте окудук. Мен фортепиано, агам скрипка бөлүмүндө окучу. Экөөбүз аспаптарда ойноп Ташкентке чейин барып, сыйлык алып келгенбиз. Кичинебизден музыка дүйнөсүнө бирдей жана тең салмакта сугарылып чоңойдук.


«Исабаевдердин династиясы. Атам Чалагыздан алган тарбияны уулум Эмирге берсем дейм»

– Күзгүгө карап туруп «мен ырчы болом» деп качан чечтиңиз?
-Ата-энем гастролдо жүргөндө Америкадан, Франциядан жана башка өлкөлөрдөн ырлар жазылган винил пластинкаларды көп алып келишчү. Ар дайым сапаттуу, жакшы музыканы көп укканым, менимче, түрткү болду. 6-класстан баштап эстрадалык ийримге бардым. Ал жерде азыркы «Город 312» тобунун солисти Светлана Назаренко менен бир топто болчубуз, «Ак кеме» тасмасына тартылган Нургазы Сыдыгалиев барабанда отурчу, Ырыскелди Осмонкулов, Жылдыз Осмоналиева болуп баарыбыз бир жерде элек. Топ «Аракет» деп аталчу, анын жетекчиси Рафаэль Сарлыков эле. Кечкисин англисче, итальянча жана орусча ырларды жандуу ырдап кечелерди, дискотекаларды өткөрчүбүз. Менимче, ошол убакта ырчы болорум чечилсе керек.

– Сизди «Элес» тобуна экинчи өмүр берген адам катары да таанышат. Бул топко кантип келип калдыңыз?
-«Элес» 1986-жылы уюшулган топ. Кийин жетекчиси Азамат Ашырбековдун «ушу топту кайра алып чыгалы» деген сунушу менен келгем. Мага бул сунуш кызык болду, максатыбыз шайкеш келип, иштешип калдык. 5 жигит болуп «Элести» жандандырдык. Азамат Ашырбеков бас гитарада жана топтун жетекчиси, мурунку солист Адил Чекилов, Сергей Соколов урма аспапта, Игорь Кофанов гитарада жана мен болуп жакшы ийгиликтерге жетиштик. 1999-жылдан кийин жеке чыгармачылыкка өттүм. «Ыр майрам», «Энекем», «Сүйөм сени», «Сагыныч» жана башка ырларым чыкты. Жеке ырчы болуп жүрүп эле 2002-жылы музыкалык студия ачтым. Ошол кезде белгилүү ырчылардын арасынан мен биринчилерден болуп жаш ырчыларга колдоо көрсөтүп баштагам. Ошолордун арасынан менин студиямдан Ома, Раллия, Максат Бегалиев, Селима деген таланттуу ырчылар чыкты. 2005-жылга чейин жакшы эле иштеп жүргөнбүз. Анан төңкөрүш болуп кетти, бийлик алмашып, өзгөрүүлөрдүн себебинен чыгармачылыкты таштап эмес, «бир аз куржунга сала турайын, кайра кайтып келем» деген ойдо башка иштер менен алек боло баштадым. Бизнес, тиги-бу дегендей...

– Өзгөрүлүштөрдүн себептерине кененирээк токтоло кетсеңиз...
-Чыгармачылыгымды жыйыштырганымдын бирден-бир себеби жаңы бийликтин айланасындагылардын мага болгон мамилеси болду. Мурунку мамлекет башчыбыздын тегерегиндеги адамдар, өзгөчө Айдар Акаев менен мамилебиз жакшы болчу. Мамлекеттик мааракелерге Айдар мени, Ырыскелдини жана башка таланттуу ырчыларды чакыртып, өзгөчө сый мамиле көрсөтөр эле. Эл арасында "Актан менен Айдар экөө дос" деген сөз да тарап кеткен. «Айдардын досу» деген имиштен улам мага бут тосуулар боло баштады. Ошол убакта кийинки бийликтин алдында баркымды кетирип, актанып же болбосо жалдырап өзүмдү басынткым келген жок.

– Ошентсе да күйөрмандарыңыз дагы деле сиздин ырларыңызды күтүп жүргөндөй сезилет. Чоң сахнага кайтып келүү тууралуу оюңуз барбы?
-Мынчада кайтып келем деп калпычы болуп калбайын деген ойдо олку-солку болуп турам. Быйыл бир аз аракеттер бар. Азыр деле жакшы ырлар бар, буюрса, жакында ыр жаздырам деп турам. Таланттуу балдар да бар, аларды карап, угуп туруп «ушуларды чыгарыш керек» деген ойлор да келет.

– Өзүңүздүн уулуңуздун музыкага шыгы барбы?
-«Балам, балалуу болгондо билесиң» деген кеп туура экен. «Ушулар менден жакшы турмушта жашасын, көңүлү ток болсун, менден бийик ийгиликтерге жетишсин» деп эле калкалап турат экенсиң. Улуу балам Эмир азыр 21 жашта, Америкада, Нью-Йоркто иштейт. Узаткандан 2 айдан кийин эле «Ата, «Apple» компаниясына ишке орноштум» деп бизди сүйүнттү. Бул компанияга ишке кирүү оңой эмес, атүгүл кыргыз уулу иштеп жатканына ишенүүнүн өзү кыйын. Сүйлөшкөн кызына сөйкө салып койгон элек, Кудай буюрса, кийинки жылы кайната статусуна да жетет окшойм. Өзү алгач Москвада окуган, кийин Канадада окуду, эми элине кереги тийген жигит болсун деп эле тилейм. Музыкалык таланты да бар, үнү меникинен да жакшы.
Бири 7, бири 4 жаштагы эки кызым бар. Жашоодо аталык таттуу сезимдер бар экенин кыздуу болгондо билдим. Улуу кызым Аяра кичинесинен тартып көркөм гимнастика менен машыгат. Таймаштарда дайым биринчиликти алат. Экинчи кызым Арнель өзгөчө таланттуу, ырдатып көрүп шыгы бар экенин байкап калам. Кудай буюрса, чоңойгондо өзү каалап "ата, ырдайм" десе жардам берем. Азыртадан эле кызымдын актёрдук таланты бар, чакан роликтерге жана клиптерге тартылат.

– Жеңебиз менен кандайча таанышып калгансыз?
-Тун уулум биринчи келинчегимден. Жанат экөөбүз эрте баш кошуп, уулдуу болгонбуз. Жаштык кылдыкпы, тилекке каршы, ажырашууга туура келди. Кийин тагдыр мени Гүзаль аттуу кызга жолуктурду. Келинчегим менен 1998-жылы таанышкам. Ошол кезде ал Германияда окуп жүргөн эле. Кат жазышып, жакшы дос болуп жүрдүк. Ал окууну бүтүп келгенден кийин, 2005-жылы баш коштук. Сүйүктүү жарым, эң жакын жана ишеничтүү шеригим, жардамчым.

«Жубайым мени бардык жагынан колдойт».

«Кызым Аяра жеңиштери менен кубантып жүрөт».

– Сахнага жаңы чыгып жатканда дүйнөлүк ырчы болом деп айтканыңыз бар эле...
-Дүйнөлүк ырчы болоюн деп мен сурансам, Майкл Жексон болбой койду да (күлүп). Дүйнөлүк аренага чыксам деле болмок. Ошол кездерде түркиялык продюсерлер «Энекем» деген ырды жаздырганда «сен ушул ырыңды түрк тилине которуп ырдап чыксаң, андан ары Европага таанылып кетесиң» деп мени Түркияга чакырышты. Бошобой бара албай калгам.

– Казакстанда да иштеп жүрдүңүз, кызыктуу күндөрдөн кеп салып берсеңиз?
-1993-95-жылдары Казакстанда «Даана» деген ыр-бий тобу менен жүрдүм. Алгач ирет Казакстанда бир жерде балдар менен отуруп калдык, баары байлардын балдары экен. Тим эле укмуш, жарым-жартылай англисче, французча сүйлөшүп болушпайт. Ал эми мен эмне, Абдраевди бүткөн жөнөкөй музыкант (күлүп).
Ошентип отурсак, бири «Ты вроде стиляга, пиджак японский, волосы дыбом, что о себе расскажешь?» деп калды. Эч кандай деле япон күрмөсү эмес эле, бирок көпчүлүк кийимдеримдин түзүлүшүн өзүм ойлонуштуруп, тиктирип алчумун. «Жок, мен мындай эле...» деп коргонсом да болушпай, «анда ырдап бер» деп калышты. Пол Маккартнинин, «Битлз» тобунун ырларын ырдап берсем ойлонуп, «кана, ордуңдан турчу» дешти. Турсам «ии, боюң узун экен, булчуңдарың деле жакшы, керек болсо чыңдайбыз» дешти. Анан «Актан, бизди карап тур, балким, сени тобубузга алабыз» деп бийлеп киришти. Карап турсам, бийлери тим эле укмуш. Ошентип, алардын сунушу менен топко кирип калдым. Алар менен 2 ай бийлерин үйрөнүп, даярдандык.
Аппак күрмө, ак топу кийип, кара көз айнектер менен Кыргызстанда эле эмес, Орто Азиядан биринчилерден болуп афроамерикалык стилдеги бий программасы менен Казакстандын аренасына чыктык. Чындыгында эле көз кубанта турган жигиттер элек, баары бойлуу, келбеттүү. Упузун болуп сахнада 5 жигиттин турганы деле өзгөчө болчу. Ошол кезде популярдуу болгон МС Хаммер, Жанет Жексон, Пола Абдул сыяктуу жылдыздардын стилиндеги бийлерди жакшы постановка менен сахнага алып чыкканыбызда казактар далысынан эле жатып калышты. Бир айдын ичинде Казакстандагы бүт кечки клубдарды «тытып» чыктык. Ошол клубдарды кармаган байлар бизди Орусиядан, Франциядан, Германиядан келген ырчылар менен кошо чакыра башташты. «Биринчи силер ачасыңар, анан Алла Пугачёва ырдайт, анан тиги-бу» деп... Анткени биз чыкканда зал тикесинен туруп кол чаап, концертке ылайыктуу маанайды ачып берчүбүз.

– Актан мырза үчүн даңазалуу доор болгон экен да...
-Ошондой болду, бирок казактардын ичи тарып баштады. Биз андан кийин Москваны багындырууну чечтик. Орусияга жол тартуу учурунда менин сокур ичегим "чыркырап", ооруканага жатууга туура келди (күлүп). Ошентип, мен мекенимде калып, балдар куржундарын көтөрүп Москвага сапар алышты. Балдар Моквадагы «Беверли Хиллз» клубунда ырдап жатышса, белгилүү актёр Чак Норрис келип угуп калыптыр. Ал абдан жактырып, баарын Америкага алып кеткен. Америкада 10 чакты штатты кыдырып концерт беришкенден кийин Нью-Йоркто отурукташып, кийин тарап кетишти.

– Ошол жигиттердин аттары эсиңиздеби?
-Нурдин Кудайбергенов, Эмил... фамилиясын унутуп жатам, Ёма дечү элек. Алмаз Авазов, Нурбек Тилешалиев.

– Сизге келген кыздардын каттарын кийин китеп кылып чыгарам деген элеңиз, убакыт келип калбадыбы?
-Ошол каттардын кайда экенин таппай жатам, бир жерге үйгөндөй болдум эле (күлүп). Бирок табылат деп ойлойм. Чындыгында кызык нерселер бар.

– Убакыт тартыш деп калдыңыз, учурда эмне менен алексиз?
-Акыркы 12 жылдан бери «Ансамбль Мурас» аттуу коомдук фондун жетектеп келем. Ал эми жакында «Макал Арт» аттуу чыгармачылык уюмун жана «Мурас Арт» продакшн студиясын түздүк. Кичинекейлерге арналган «Макалдат» деген көркөмдөлгөн китеп жыйнагынын биринчи чыгарылышы жарык көрдү. Китептеги ырлардын автору – Кыялбек Урманбетов. Азыркы учурда китептин сценарийи менен музыкалык жана ыр коштоолорун жазып жатабыз. Уюмда өзүнүн ишин билген кесипкөй жана чыгармачыл балдар чогулган. Атасам, Алтынбек Максүтов, Тынчтык Турдалиев, Улан Адамалиев, Талант Төлөбаев, Ринат Мырзаев менен Эмил Мамбетакунов, Анара Султангазиева деген мыкты адистер иштешет.

– Өзгөчө маек болду, сизге чоң рахмат!

«Кыздарым роликтерге, клиптерге тартылып жүрүшөт».

«Кичинекейим өзгөчө таланттуу кыз».

Нуржамал Жийдебаева
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Жакында кайната болом" дейт Актан Исабаев (1-бөлүк)

"Жакында кайната болом" дейт Актан Исабаев (2-бөлүк)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(36)
SUPER.KG видео
02.11.2013. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
убагында элестин ырлары мн ооруганбыз,группа таркап кеткенде ыйлаганбыз,эх жаштык кез...
SUPER.KG видео
02.11.2013. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
токтоо, маданияттуу жакшы адам экен. башка ырчыларыбыз да Актан байкеден улгу алып, байкедей интервью беришсе тантырап орусча кыргызча суйлошпой...
SUPER.KG видео
03.11.2013. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
чыгармачылыгынызды сыйлайм сиздей адамдар коп болсун
SUPER.KG видео
03.11.2013. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Актан байке, сиздин атанызды-Чалагыз байкени менин апам жакшы билет экен, агам болчу деп коп айтып калат, бизге агам деп коп айтып берет, сизге чыгармачылык ийгилик!!!
SUPER.KG видео
04.11.2013. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jusupova,
Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
04.11.2013. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай сонун байке экен, таасирлендим аябай)))
04.11.2013. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да абдан жагат!Иштеринизге ийгилик!
04.11.2013. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chynynda bawka kiyinchuu, anda biz jaw elek. Televizordon korup kalchuum. Kaydagy kiyimderdi kiyip alat dechuum. Korso owol mezgilde ele, evropa, amerikadagydai kiyinip bawtaptyrda.
04.11.2013. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мм... соонун маек куруп бериптир тамашакойлугу жакты.
04.11.2013. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фирмачтардын фирмачы. 'Энекем' деген ыры абдан журогумо жакын. Уксан кулак эс алат дегендей. Жок дегенде бир жылда бир ыр жаратып турса деле сонун болмок.
04.11.2013. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылыгын абдан баалайм.Эч кимге окшобогон стили бар чыныгы талант.Азыркы ырчылардын 10у бириксе да Актанга жетиши кыйын го.Элестин ар бир ырын сүйүп укчубуз.Өзгөчө "Энекем" ыры жакчу. Дале болсо сахнадан күтөбүз.
SUPER.KG видео
04.11.2013. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Актан болсо, ммммм.... Актан да! Мен сыйлаган инсан. Кабатыр болбосун да, сынынан кетпей эле турат. Анын үстүнө ак пейили ого бетер көркүн ачып турат да.
SUPER.KG видео
04.11.2013. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай адамдар додо-додо болсо
04.11.2013. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай соонун маек болуптур кызыктууу
04.11.2013. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Студент кезде Алмаз радиосунан бир кундо 10 жолу ырын уксак да тажачу емеспиз.
04.11.2013. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
канча жашта экен
04.11.2013. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аккан арыктан суу агат дешет го ата энеси таланттуу адамдар
04.11.2013. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек болуптур. Баланыз менен эки тамчы суудай окшош экенсиз. Бар болунуз,ийгилик каалайм.
04.11.2013. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2000-жылы ОШ-3000 мааракесинде ошто ырдаган.Ошондо жанынан коруп группадагы кыздар болуп аябай суктанып,(суйуп)баарыбыз оозубуздан тушурбой копко чейин соз кылган элек.Азаматсыз Актан байке!уй булонуздо бакыттын нуру чачырасын.Анан албетте таланттуу комузчу Самара Токтакунова энебизге таазим!!!!
05.11.2013. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ото мактанып жибериптирго
05.11.2013. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун ырчы уну да ырлары да аябай жакшы озгочо Энеке деген ыры
05.11.2013. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз ишинизге ийгилик!!! Сиз мн сыймыктанабыз бар болунуз
SUPER.KG видео
05.11.2013. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коп нерсени камтыган тарбия жаатында сонун маек болуптур!
SUPER.KG видео
06.11.2013. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик сизге, сиздей таланттуу, билимдүү, тарбиялуу адамдар кыргыз маданиятында көбөйсө экен ылайым. Атаңызды жакшы эскерип кетиптирсиз, ал адамды бир эле сиз эмес, жалпы кыргыз эле эскерип, урматтап жүрүүсүнө татыктуу. :)
SUPER.KG видео
06.11.2013. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсыз!ойлогом аябай бой которгон болуш керек деп.мен жанылышыптырмын!,корсо абдан акылдуу конулу таза,кыргыздын алдынкы жигиттеринин катарын толуктаган адам экен.ийгилик,уй-булолук бакыт каалайм.менин да балам сиздей акылдуу болсо экен.
09.11.2013. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантуулардын чыныгы талантуу баласы!!!
09.11.2013. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сизге ийгилик каалайм Актан байке
10.11.2013. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Актан байкеге ийгилик каалайм
10.11.2013. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат! Эрке талтаң эле кичинекейинде,Мыкты жигитке айланыптыр. Атанын уулу!
SUPER.KG видео
26.11.2013. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантынызга таазим менин оз ойумда сизди кыргызча суйлобогон бой которгон инсан болсо керек деп ойлочумун нукура кыргызча маек курганыз мен учун чооон туртку болду.Азаматсыз маегиниз аябай жакты жонокой,маданияттулугунуз чыгармачылыгынызга дагы да болсо ийгилик,бар болунуз аман болунуз!!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо