№574 01-ноябрь-07-ноябрь, 2013-ж
«ИИМдин академиясынын мурдагы жетекчиси АЛМАЗБЕК БАЗАРБАЕВ «шалаакылык» беренеси менен айыпталып, 100 миң сом айып пул төлөйт жана 3 жыл мамлекеттик кызматты ээлөө укугунан ажырайт. Ал эми анын орун басары РАХМАТУЛЛО АМИРАЕВ 11 жылга күчөтүлгөн режимде камалат» деген өкүмүн Свердлов райондук соту чыгарды. Эске салсак, полковник Амираев былтыр 100 миң сом пара алып жаткан жеринен УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалган.
Эльвира Караева,
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |