«ТУМАР» РАДИОСУНУН ҮН РЕЖИССЁРУНУН ӨЛҮМҮНӨ СЕБЕПКЕР АДАМ ЖАЗАДАН ОҢОЙ КУТУЛДУ

№574 01-ноябрь-07-ноябрь, 2013-ж

«Баркод» түнкү клубунун ди-джейи жана «Тумар» радиосунун үн режиссёру Жаныбек Айдаралиевдин өлүмүнө себепкер деп айыпталып соттолгон Максат Эралиев темир тор артында эмес. Тактап айтканда, алгач 14 жылга камалган ал учурда эркиндикте экен. Болгону жатак-абагында. Демек, ал Кыргызстандын аймагында кең-кесири жүрө алат.

АЙЫПТАЛУУЧУ 4 АЙДАН КИЙИН КАРМАЛГАН
Кыргызстандын Жогорку Сотунун токтомуна ылайык, «Баркод» түнкү клубунун ди-джейи жана «Тумар» радиосунун үн режиссёру Жаныбек Айдаралиевдин өлүмүнө себепкер деп айыпталып соттолгон Максат Эралиев жатак-абакта. Бул тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынан билдиришти.
Эске салсак, 23 жаштагы Жаныбек Айдаралиев 2011-жылдын 16-октябрында Бишкектеги «Мото» соода борборунун жанында сабалган. Таксистти коргойм деп катуу сабалган Жаныбек комага түшүп, 9-ноябрда каза тапкан. Бул кылмышка Ысык-Көл облусунун тургуну Максат Эралиев шектелип, ага издөө жарыяланган. Бул эрен 4 ай бою дайынсыз болуп качып жүрүп, 2012-жылдын 26-январында гана укук коргоо кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн.

«ГУМАНДУУ» СОТТОРГО ДАҢК!
Биринчи Май райондук сотунун 2012-жылдын 24-майындагы өкүмү менен Максат Эралиев Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренеси (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, сатып өткөрүү же пайдалануу), 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү, жабырлануучунун өлүмүнө алып келгенде) жана 346-беренеси (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, 14 жылга эркинен ажыратылган. Ошол эле жылдын 5-сентябрында Бишкек шаардык соту тарабынан Биринчи Май райондук сотунун өкүмү өзгөртүлүп, Эралиевди 4 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарган.
Ал эми 2013-жылдын 19-мартында Жогорку Соттун соттук коллегиясы Эралиевдин мөөнөтүн 3 жылга чейин кыскарткан жана «кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү эскиргендигине байланыштуу» дегенге шылтап Чолпон-Атадагы №44-жатак-абагына жаза мөөнөтүн өтөөгө чечим чыгарган.

АНДАН СОҢ...
Жатак-абакта мөөнөтүн өтөгөн адам ачык эле жүрөрү, болгону бир айда бир жолу кайда жана эмне кылып жүргөндүгү тууралуу абактын администрациясына маалымат берип турары белгилүү. Мындан сырткары абактын жетекчилиги уруксат берсе, Кыргызстандын аймагында ээн-эркин жүрө алат. Жазасын өтөп жүргөн Максат Эралиев №44-жатак-абагынын администрациясына арыз менен кайрылып, башы ооруп жатканын билдирген. Ал Чолпон-Атадагы, андан соң Бишкектеги ооруканалардын бирине текшерилүү үчүн жөнөтүлгөн. Азырынча анын ден соолугу боюнча диагноз чыга элек. 
Маркумдун жубайы Айжан Кулибаева (ди-джей Алина Баженова катары таанымал) күйөөсүн сабаган адам кармалбай жүргөн убакта: «Азырынча эч кандай жыйынтык жок. «Мына кармайбыз, эртең кармайбыз» деп эле жүрүшөт. Аны жогорудан бирөө калкалап жатат. Атасы прокурор, апасы сот болуп иштеп, майлуу-сүттүү орундарда отурган тааныштары бар экен. Алар тергөө ишин үзгүлтүккө учуратууга бүт аракетин жасашууда»,- деп билдирген эле.
Бул боюнча Жогорку Соттун маалымат кызматы соттолуучуга карата өкүм маркумдун туугандарынын өтүнүчү боюнча жеңилдетилди деп билдирди.
Ошентип, таксистти сабап, ага болуша кеткен 23 жаштагы жигитти да сабап, өмүрдүн кыйылышына алып келген адамды соттор бир жарым жылда абактан чыгарып коюшту.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(34)
04.11.2013. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздин соттор эн адилеттуу соттор.алга азаматсынар.алынардын жеткени бей бечаралар
04.11.2013. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бизде сот деген эле аты болбосо калганы аукцион кимдин акчасы коп болсо ошол прав биздин бийликтеги адамдарга инсап берсин!
04.11.2013. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эгер простойго окшогон адам камалганда, аны толук 12 жыл камашат эле!
04.11.2013. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтасынар туугандар,жазгандарынарга кошулам, "адилеттуу" сотторго данк!
04.11.2013. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
блиин соттордун тамактары тешилип ичтери жарылып кетсе экен кудайдан корккула арам акчаны жебестен адилеттуу иштегиле
04.11.2013. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байлар учун зор заман,жоктор учун жок заман деген ушулда.
Билин эмнеге баарына тен болбойт,ушундайларды окусам уксам,нерв болуп жинин келет.
04.11.2013. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир кун келет бул байларда акмак сотторда кудайдын алдына барат бирок булар азыр аны билбейт себеби азыр алардын козу корда
04.11.2013. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Убалы уктатпасын!!!
04.11.2013. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстан бюрократизм коорупциянын олкосу,эч кандай демократиялуу эмес мактанып жазышкандай
04.11.2013. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
talas-1985,
04.11.2013. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
соттор адам беле биздин башыбыздан сотко каттай берип андай нерсе коп болгон аларды Дарга асып койсон да аз.
04.11.2013. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Soz.jok
04.11.2013. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соттор жакшылык корбой отсун,силердин башынарга да келет мындай иш бир куну ошондо аттин кыласын
04.11.2013. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо (ди джейдин омуру коркунучта) деген макаланы каерден окусам болот алдын ала рахмат.
04.11.2013. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beka_89_kg,
Саламатсызбы!
http://www.super.kg/article/?article=12837 ушул шилтеме менен кирип окусаңыз болот.
04.11.2013. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жерде Сотбу Же .. Калыс чечиш керек болчу..
Модератор admin_media түзөттү 05.11.2013 10:17
05.11.2013. 06:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн биринчи Кыргызстанда закон иштеш керек,закон иштебей эле жаны закондорду киргизгенине олосун да. Сотко,ментке,доктурга ишин тушпосун акчан болбосо олуп атсан да карашпайт. Булар куноолулорду эмес кайра куноосуздорду кунолуу кылышат
05.11.2013. 07:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туугандары жыйылышып еле максатты кармап олтуруш керек ушундай закон болсо керек да крда.сотторун кошуп!
05.11.2013. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эгер жонокой адам болгондо 3 берене менен омур бою абакта отурмак.
05.11.2013. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаныбекти Жаник деп айтчубуз, кичине таанысам да адамкерчиликтуу, ыймандуу адам деп билчумун. Акыйкатсыз жашоодо жашап атканыбыз окунучтуу. Соттор куноолууну таап кайра жазасын отот деп ишенем.
05.11.2013. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул кундор да отуп кетет анан Кудай алдындагы акыбалын элестетип коргуло ал жакта коррупция жок ошондо билесинер, бирок кеч болуп калган болот! Адамды болбой тегиз мамиле жасаш керек, кылмыш кылдыбы ошого жараша жазаланыш керек байыда, кедейида.
06.11.2013. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Namys, uyat, yiman, adamdyk sapat emne ekenin bilet beken sottor?.....
06.11.2013. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оооууу биздин "адилеттуу анан калса жеткен чынчыл" сотторубузга данк жана дунк!
07.11.2013. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эй чондор козунорду ачкыла элди нагло алдай берсенер которулуш чыгып кетет ошондо коросунор байлык эмес жанынарды сактай албай каласынар
07.11.2013. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай заманда жашап жатабыз...же бардык жерде убактарда ушундай беле...акчан болсо адамсын.
08.11.2013. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башы ооруса эле чыгарып коюшабы накта коррупция бул жерде
08.11.2013. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соттордун озунун балдарын ушинтип олтуруп салса не болмок???
08.11.2013. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
rrara, анда диджейди омур бою камап салмак адилеттуу сот чечимин чыгармак... Азыр сотторго когунон керек аялдын суроту бар акчаны да алышпайт катын албайм эркектин суротунон ташта деп ачык эле айтышат ошондой биздин соттор соттор крутой телохранителдери менен журушот акчалары море сотторго данк балдарынарды актагыла тупик экен деп камабагыла.
09.11.2013. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун.
09.11.2013. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акыйкатуулук качан келет библиеймин эч бир Бийлик бутактарына даже мамлекеттин стабилдуулугуно да ишенич калбады кудайдан корколучу
10.11.2013. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул соттор кудайдын алдына барганда кантип жооп беришет болду экен?Канчалаган адамдардын убалына калышты.Куноосуздорду куноолоп,куноолуулордун акчасын алып актап..эх жашоо((
10.11.2013. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маркумдун арбагы алып тынсын адилетсиз сотторду да, ата кадырына чиренген акмакты да. Убалы уктатпасын!
10.11.2013. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун
18.11.2013. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылмышкерди жана сотторду Кудай катуу жазаласын!Башка не дейбиз,колубуздан келсе гана.....Кан алыс узатпайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо