Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МОСКВАДА МИГРАНТТАРДЫ КУУГУНТУКТОО КҮБӨЛӨРДҮН КӨЗҮ МЕНЕН...

№574 01-ноябрь-07-ноябрь, 2013-ж

28-октябрь күнү Москва шаарынын «Садовод» соода борборунун аймагында полиция кызматкерлери масштабдуу операция жүргүзүп, миңге чукул мигранттарды кармашты. Анын ичинде кыргызстандыктар да бар. 13-октябрдагы Бирюлево окуясынан кийин Орусияда мигранттардын ишмердүүлүгүн текшерүү кадимки куугунтукту элестете баштады. Рейддер кандай түрдө өтүп жатканын мындай ишти жон териси менен сезип, көзү менен көргөндөр баяндап беришти.

ЖЫЛ БАШЫНАН БЕРИ 950 КЫРГЫЗСТАНДЫК ДЕПОРТАЦИЯЛАНДЫ
Москва шаарында жайгашкан ири базарлар менен соода комплекстери четинен полиция кызматкерлеринин текшерүү аянтчаларына айланууда. Анткени мындай жерлерде иштегендердин арасында эмгек мигранттары басымдуулук кылат. «Садовод» соода комплексинен полициялык участокторго жеткирилген Кыргызстан, Өзбекстан менен Тажикстандын миңге жакын жарандары Орусияда мыйзамдуу жүрөбү-жокпу, кылмыштарга тиешеси барбы-жокпу деген суроолор боюнча текшерүүдөн өтүшкөн. 28-октябрдагы «тазалоонун» жүрүшүндө 16 кыргызстандык да кармалганын Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги кабарлап, кийинчерээк сүйлөшүүлөр аркылуу алардын бошотулганы маалымдалды.
Рейддер, массалык кармоолор менен катар депортациялоо да күчөдү. Тышкы иштер министрлигинин жалпы консулдук маселелер боюнча бөлүм башчысы Бакыт Үмөтовдун айтымында, быйылкы жылдын башынан бери 9 айдын ичинде соттун чечими боюнча 950 кыргызстандык Орусиядан чыгарылган. Ушундай окуяга кириптер болгон Эльвира Рыскулова бизге буларды айтып берди: «18-октябрда жолдошум экөөбүз Бишкектен Москвага учканбыз. Шереметьево аэропортунда чек арачылар Орусиянын жарандыгын алган күйөөмдү бат эле өткөрүп жиберишип, мени бир бөлмөгө алып барышты. Анда 14 саат отурдум, кийин эч кандай түшүндүрүү иштерин жүргүзүшпөй эле учакка чейин узатып келишип, 3 жылдык мөөнөт менен депортациялап жиберишти». 
Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын диаспоралары Москвада тегерек стол өткөрүшүп, анда эмгек мигранттары мыйзамсыз депортацияланып жаткандыгы да айтылды. Бул боюнча Федералдык миграциялык кызмат «биз аткаруучу органбыз» деп актануу менен кутулушту. Жыйынтыгында диаспоралар Орусиянын президенти Владимир Путинге Москвадагы кырдаалды тартипке келтирүү боюнча кайрылуу жасашты.

МОСКВА МААНАЙЫ КАНДАЙ?
Биз SUPER.KG порталынын колдонуучуларынан Бирюлево окуясынан бери Орусияда кыргызстандык эмгек мигранттарына карата мамиле канчалык өзгөргөнүн, дегеле ал жактагы бүгүнкү кырдаал кандай экенин сурап көрдүк.

Аксана Жолдибоева:
– Мен гипермаркеттердин биринде кассир болуп иштейм. Акыркы учурда жумуш убактысында мигранттардын документтерин текшерүү күчөдү. Мыйзамсыз жүргөндөрүн депортация кылып жатышат. Ошондой эле мигранттар жашаган квартираларга чейин Федералдык миграциялык кызматтын өкүлдөрү түнгө карабай бастырып киришүүдө. Көчөдө да тынчтык жок болуп калды, орус жаштары ар жерде чогулуп алышып, жанынан өтүп бара жаткан мигрантты токмоктоп кетип жатышат. Автобус, метро, дегеле бардык жерде текшерүү катуу жүрүүдө. Биздин президентибизден азыркы кырдаалга байланыштуу кыргыз мигранттарына жардам берүүсүн көптөн-көп суранам.

Нурлан Арапбай уулу:
– Өзүм Москва шаарында басмаканалардын биринде жүк ташуучу болуп иштейм. «Садовод» базарында иштеген кыргыздар бир топ эле, алар ошол жерден акча таап, үй-бүлөсүн, ата-энесин багып келишкен.      
Бирюлево окуясына чейин деле орустардын мигранттарга болгон мамилеси жакшы эмес болчу. Андан кийин полиция кызматкерлери да мигранттарга карата күчөтүлгөн режимде иштей баштады. Акыркы ирет Курман айт намазына мигранттар текшерүүлөрдөн чочулап, жылдагыдан аз барышты. Өзүм да документтердин айынан бара албай калдым. Легалсыз жүргөн кыргыздарга кыйын болду, анткени документ жасатуу иштери 30-40 миң рублга айланып кетет. Акчасына чыдап документти даярдаткан соң да жакшы жумуш табуу оор болуп калды.
Өзүм жумушума метро, андан чыгып автобус менен барам. Жол бою жергиликтүү калктын жек көргөн көз карашына чыдап барууга туура келет. Эптеп жумушка жетсең, ал жакта да мигранттар тууралуу сөз кылышат. Эки жылдан бери үйүмө бара элекмин, азыр кетип калайын дейм, бирок жумушум менен айлыгымды таштап кетким келбейт, анткени Кыргызстандан мындай жумушту да, айлык акыны да таба албайм. Кечинде квартирага келгенде «качан ОМОНдор басып киришет...» деп уйку жок. Документтен кыйкым табышпаса, «жашаган үйдө катталбапсың» деп депортация кылышууда.
Жакында эле жеңемди ишканасынан кармап алышып, 5 миң рубль айып пул төлөтүп, он күндүн ичинде Орусиядан чыгарып жиберишти. Кийин бөлөмдү метродон токтотушуп, документтерин текшере келишсе, анысы жасалма болуп чыгып калыптыр. Сотко алып баратышкан жеринен
15 миң рубль пара берип алып калдым. Мындай кысым улана берсе, каякка бармак эле, мигранттар айласыздан өз мекенине кайтышат.

Мээрим Халмурзаева:
– 6 жылдан бери жеке компаниялардын биринин чыгданында иштеп келем. Бирюлеводо болуп өткөн окуя биринчи жолку көрүнүш эмес. Жергиликтүү калктын өкүлдөрү деле кылмыш жасашат. Бирок мигрант тарабынан жасалган кылмыш иштери көзгө илинери менен кээ бир күчтөр бул абалдан болушунча пайдаланып калууга аракет жасашат. Бат эле ЖМКларга, социалдык тармактарга жайылып, элдин кыжырдануусу ого бетер күчөйт.
Учурда рейд иштери жүрүп, өз көзүм менен күбө болгонумду эле айтайын, чогуу жашаган келин бир аптадан бери жумушуна бара албай жатат. Москвада бир күн ишке чыкпасаң, артка кетесиң. Анан да мигранттарды жумушка алгандар оңбогон акчага айып пулга жыгылып, жазага тартылып жатышат.
3 бөлмөлүү квартирада 5 үй-бүлө жашайбыз, анын ичинде кичинекей 5 бала да бар. Үнүбүздү катуу чыгарып күлбөйбүз, наристелерди «чуркаба, секирбе» деп эле отурабыз. Ашканабыз көчө жакта болгондуктан, кечинде жарыкты өчүрүп коюп тамактанабыз. Атүгүл жумушка жеткиче метродогу мас орусту көрүп калсам эле качан асылып, уруп жиберет экен деп коркуп турам.
Бул окуялар «Орусия – ашынган улутчул өлкө» деген пикирди жаратууда.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(165)
07.11.2013. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
мен 10 жылдан бери Москвада иштейм, буга чейин мындай проблема болгон эмес. Бул проблеманы биз туугандар озубузго озубуз ашырган жокпузбу? кээ бир жердештерибиз зордоо,тоноо,адам олтурууго чейин барып жатат. ошол учун москвага келдиби. Жат эл жат жерде ойлонолу акылына кел тууган!!! оз элинде жумуш жок келдинби жат элге, ошол элдин эрежесинде жашап жумушунду аткарып акчанды ал. Озунду ойлобосон да, жердештерине ичин орусун туган! ( Бул менин коментариим Москвадагы акылына келбей жургон жердешке
08.11.2013. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
evro, Сенин айтканына 100% кошулам,орус жергесинде журосунорго кантсе да жердештер,оздору тийишсе да унчукпасанар эч уят болбойсунар.
09.11.2013. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
evro, созундо калет жок тууган
07.11.2013. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Коптон бери "Суперди" окубай, мезгилден артта калыптырмын. Комменттерди окуп алып, журогумо кайгы толду. Кыйналган бир эле мен эмес экенмин, го?((( Саясаттын эч нерсесин тушунбойм, кызыкпайм, кайсы депутат эмне иш кылат, кандай иш алып барат, ишим жок, карапайым адаммын, ушундай болгонум учун Кудайга рахмат, озум куноо кылып алып, башканы куноологондон жаман нерсе барбы? Жанымды багыш озумо керек, депутаттарга керек беле? Алардын менден башка да иши толтура да. Ар бир кыргыз Кудайды ойлоп, бироо
07.11.2013. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
...бироолорду соттогонун койсо (озгочо эл башчыларын(!)), абалыбыз алда канча жакшы болмок. Байкуш депутаттарга деле кыйын, го!?. Апачык эле жамандап, соттой беришет экен(((. Кудайдан корккула, айланайындар! Ошондо жашообуз онолот...
08.11.2013. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jesu2010, Сиз мезгилден 90-жылдарда калып кеткен окшойс.
07.11.2013. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
документтинер туура болсо департ кылбайт кыргыз туугандар кеп ошол документти жасатып алып журосунор андан кору регистрацияны туура кылып алып журсонор эч ким тийишмек эмес
08.11.2013. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
alimyrza93, эй тууган жашаган жерине 2 же 3 адам каттала аласын 1.5 млн кыргызга канча квартира керек болот ошондо.сен озун да жашаган жерине катталбасан керек,
07.11.2013. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
рахмат мынча соонун жазасын!!!мен да Москвадамын кече келдим коркууп журом кочодо )) иш болсо чалып койгулачы кыз балдарга 79260707827 менин номерим
08.11.2013. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekbolot-NOOKAT, ушул тапта иш табыш кыйын.Разрешение на раб.32мин рубль.
07.11.2013. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир чычкак улактын айынан канча адам куноосуз кыйналып атат э
07.11.2013. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздин чиновниктер байып еле жатышат байып еле жатышат мамлекетти ойлогон адам жок болуп кеттиго корунот сурасан еле бизде киреше быйыл аз онугушубуз керек деген создорду угабыз чиновниктерден.... мына кызыык чиновниктердин бир тое жеген тамагы москвадагы мигранттын 1айлык маянасы...
07.11.2013. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын абайлап жургуло буюрса баары жакшы болот
08.11.2013. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылдын башында эле "Резиновая квартираларды" текшеруу,жоюу боюнча СМИлерде жазылган. Матвеевка,Бирюлеводогу окуялар тек шылтоо.
Документин "Чистый" болсо не болгон текшеруу болсо да адилет эле карап жатышат. Аэропорттон депорт болгон келинчек,Украинага чыгып депорт болгондорго окшош окуя саналат.Анткени деген по документам через компьютер бут данныйлар чыгып жатпайбы.Дактилоскопияны бекер алып жаткан жок,им пригодяться в дальнейшем ситуации.Так что,Дорогие мои "Пинайте на себя"!!!
20.11.2013. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aijan1968, Менин да оюм ошондой. Эми дагы бироо асылат экообузго 1 млн кишиге иш таап бер деп.
08.11.2013. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыскасы кудайым сактаарын унутпасын
08.11.2013. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын аман болгула ишинерге ийгилик
08.11.2013. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде да(Сибирь)поездден тушоору м-н кармап страховкан жок экен деп эле 2000ден штраф салып жатат.Прописка болгон кв.-да жашабайт экенсин деп да 2000ден штраф.500-600р.га убактылуу ОМС сатып алсак ал коп поликлиникаларда отпойт экен.Кайра эле акча толоп коруносун врачтарга.Иши кылып озубуз аран иштеп жургондо департ кылгандарды кылып,калгандарын "саап" атышат да орус туугандар...
08.11.2013. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар любой жерден выход табат коркпогула ишинерге ийгилик
08.11.2013. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйналдынго Кыргызым,. Чон соройлорубуз ушуга карап кантип чыдап турушат
08.11.2013. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздын ажолоруна ишенбегиле баары чонтоко гана иштешет элди ойлогондорду камап салышат бат эле ошон учун баарынарга карапайым калкка АЛЛА жардам берсин баары жакшы болот буйурса сабыр кылгыла туугандар.
09.11.2013. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен эле эч нерсе жазбай калган турбаймынбы ,менде баары жакшы кудайга шугур!
09.11.2013. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мигранттар көбөйүп кетиптир өзгөчө Таджиктер
09.11.2013. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сочи бутпоюн бул баляя боло берет! так что мигранттардын арасында да олимпиада болот!
10.11.2013. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
plus_kg, ооа туура айтасын ошол олимпиада буткучо кичине этият кылыш керек андан кийин басылып калат
деп ойлойм.
09.11.2013. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эми жон эле шылтоо мигранттарды тазалаганы
09.11.2013. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
орустар оздору куноолу баарына...пусть арзан дом куруп койсун жумушчуларга алар ошшол жакта жашап ошол жерге катталыщат болчу...квартиралары асманда турат айлыгын 1 комната квартирага туура келбейт кээбирки жумуштары...пусть бардык гастарбайтерлерди кетирсин коробуз эмне кылат экен орустар
10.11.2013. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ДА ДОСОР акыбалыбыз баарыбыздыкы эле бирдей президенттибиз ушунча эли сыздап кыйналып жатканын сезбей жатабы же билседа билмемишке салып козун жумуп эле журушобу ал эми бул жакта баардык Кыргыз элибиз эки козу торт болуп кутуп журобуз.
10.11.2013. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир нерсе болсо эле путинге жетип барат бирок эчнерсени чечкен жок мигрантардын ишини жакшылап каралбаса алардын баары кыргызстанга кайра келсе ошоно кор банкроту ким аларга жумуш таап берет деги прездент кыргызстанды ойлоп жатабы келечеги кандай болот
10.11.2013. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айла жок достор, бирок эстен чыгарбайлы ырыскыны беруучу Аллах Таалам! Жаныбызды алгыча ырыскысын аябайт, берерин унутпайт! Аман болунуздар))
10.11.2013. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассаляму алайкум. Жердештер мендагы депортация болгом 10 кун ичинде чыгып кет деген эле бирок чыкпай дагы деле иштеп журом 2 ай болуп калды кийин кетип атканда границадан кантип чыгып кетсе болот ошол ойлондуруп жатат dr.kanye@mail.ru
11.11.2013. 06:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kg.kkk алейкум сиз тез арада чыгып кетиниз россиянын тереториясынан анпесе алар оз закондору менен сизди сотошко акылары бар мыйзамда бар бул нерсе
11.11.2013. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Унубузду уга тургандай иш жасышыбыз керек тээ АША га окшоп чон отургучта отургандарга, карды токтун карды ач менен иши барбы. Ботон элде ботон жерде саргайып бала чаканы корбой тентип иштеп жургондорчу. Ошол иштер Кыргызстанда болсо кана, карын менен кийим кечеге кенири жете турган майана болгонда эч ким эч жака бармак эмес. Туугандар ойгонгула качанга чейин ушундай жашоо окум сурот!!!
Модератор admin_media түзөттү 11.11.2013 11:45
11.11.2013. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гезиттин жаны санын аябай кутуп аттым эле.мигранттар тууралуу жаны макала чыгабы деп.Жок эч кандай баары эле кумторду талкулап отурат былтыйып,ушул кумтор бутпогон баш ооруу болду
11.11.2013. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бүгүн КТРКдан ”Бүгүнкү Москва” аттуу передача көргөзүшөт. Мигранттардын тагдыры жөнүндө баяндалат.
01.12.2013. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр кылабыз башка айла жок.
26.12.2013. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да жакында депорт болдум. Кайра баруунун жолдору барбы? Кантип барсам болот?
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо