Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ИЗДЕЙМ СЕНИ

№574 01-ноябрь-07-ноябрь, 2013-ж

«УУЛУМДУ ИЗДЕЙМ»
– 1981-жылы туулган уулум Айбек Кадыровду издейм. Ал Орусияга 1999-жылы кеткен, азыр Кузнецк шаарында жашайт болуш керек. Акыркы жолу 2006-жылы байланышкан элек, ошол боюнча дайыны жок болуп кетти.

Диосидин Кадыров,
тел.: 0550 77-17-09,  0777 07-50-94

«КУРБУМА 10 ЖЫЛДАН БЕРИ ЖОЛУГА ЭЛЕКМИН»
– 1980-жылы Нарын шаарында төрөлгөн Жазгүл Өмүрбаеваны издейм. Жазгүл экөөбүз Нарын шаарындагы №4-Ленин атындагы орто мектепте бир класста окуганбыз. Ага 10 жылдан бери жолуга элекмин. Угушумча, ал азыр Казакстанда жашайт. Ал эми ата-энеси Кантта турушат экен.

Назира Рыспаева,
тел.: 0777 02-49-33

«ГРУППАЛАШЫМА ЖОЛУККУМ КЕЛЕТ»
– 1999-жылы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, 2005-жылы аяктаган группалашым Бактыгүл Асаналиеваны издейм. Ага окуубузду аяктагандан бери жолуга элекмин. Ал Ысык-Көлдүн Михайловка айылына турмушка чыккан, бир кызы бар эле. Курбумду тааныгандар болсо, кабарлашып коюуңарды суранам. 

Жылдыз,
тел.: 0702 97-23-21

«КУЛПУНАЙДЫ ИЗДЕЙМ»
– Группалашым Кулпунай Батырбекованы издейм. Ал Ош облусунун Ноокат районунун Шанкол айылында туулган. 2005-жылы турмуш жолуна аттанган болчу. Кулпунай, сени группалаш кыздар баарыбыз издеп жатабыз.

Марзия Чалова,
тел.: 0777 77-11-05

«ТЕҢТУШУМ МЕНЕН КАТТАШСАМ ДЕЙМ»
– Мен Баткен облусундагы Тажикстан менен чектеш айылдардын биринде (так эсимде жок) туулган Калык Жапаров аттуу теңтушумду издейм. Калык экөөбүз 1957-58-жылдары Кара-Балта шаарында куруучу болуп чогуу эмгектенгенбиз. Кийин байланышпай калдык. Калыкка жолугуп, ал-жайын билип, катташып тургум келет.

Шаршеналы Мырзагелдиев,
тел.: 0709 71-46-09

«КАЙДАСЫҢ, КУРБУМ?»
– Мен Айзада Капарова аттуу курбумду издейм. Ал Нарындын Ак-Талаасынан болот, 1980-жылы төрөлгөн. Тааныгандар болсо кабарлап коюшуңуздарды өтүнөм.

Елена,
тел.: 0777 34-46-84

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону:(0312) 47-43-43

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
04.11.2013. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кулпунайды издегендер мен аталган айылдын келини болом сураштырайынчы
канчанчы жылкы эле
04.11.2013. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбек деген куйоомдун досу бар,1981-ж.туулган,Новокузнецк шаарында жашайт.Бирок фамилиясын билбейт экемин.Эгер ошол Айбек болсо анда жакшы,аман-эсен журот.Уй-булолуу,1 уулу бар.
04.11.2013. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eliza83, 7жылдан бери баласын издеген атага жардам кылып, фамилясын сурап ошол Айбек болсо кабарлап койсонуз сизге алла ыраазы болот.
11.11.2013. 07:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beka_89_kg, сунушунуз аткарылды...
04.11.2013. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мени издегендер жокко
09.11.2013. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ruslan.78.23, ха-ха мени да издегендер болуп калаар деп дайым окуйм эч ким жок издеген!
11.11.2013. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда Бечелова Жылдызай Надирбекованы издейм.Билген тааныгандар болсо кабарлап койгулачы отуном.89052606985 менин номерим
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо