№574 01-ноябрь-07-ноябрь, 2013-ж
Жан шерик ырчылар Мүзүр Мамбетов менен Гүлмира Шарипова 28-октябрь күнү борбордогу тойканалардын биринде кызы Ансарийдин тушоосун кесип, жаңы бүткөн ак өргөөсүнө той беришти. Биз да «Кеңеш» тобу катары таанымал бул ырчылардын кош тоюна күбө болуп кайттык.
ТОЙДОН КИЙИНКИ МАЕК
– Саламатсыздарбы, тойду кандай өткөрүп алдыңыздар?
Мүзүр: – Рахмат, баары ойдогудай өттү. Келгендердин баары жакшы өттү деп айтып жатышат.
Гүлмира: – Биз 300 кишиге ылайыктап чакырган элек, бирок конокторубуз 400дөй болуп кетти. Орун жетпей, бир аз чыйпылыктап калдым. Роза Шакирова менен Азизага орун жетпей, таарынып кетип калышыптыр. Эми таарынган конокторду үйгө чакырып жатам, анткени алардын да биздин үй-бүлө үчүн орду бар.
– Костюмуңуздарды окшош кийипсиздер, атайын тиктирдиңиздерби?
Гүлмира: – Мүзүрдүн костюм-шымын Алматыга барганда, 2 ай мурун эле алып койгом, өзүмдүкүн Бишкектеги соода борборлорунун биринен эле сатып алдым. Карасам жалгыз көйнөк илинип туруптур, мени эле күтүп тургандай.
– Тойго канча убакыт даярдык көрдүңүздөр?
Мүзүр: – Бир айдан ашык даярдандык. Уулубуз Медер 7 жашта, кызыбыз Ансарий 1,5 жашта. Ансарий 1ге чыкканда тушоо тоюн берели десек, убакыт тартыш болуп калды. Жакшылыктын эрте-кечи жок эмеспи, кеч болсо да ырым кылып тушоо той бердик.
– Ырчылар аябай көп келгенин байкадык...
Гүлмира: – 400 коноктун 100дөйү ырчылар болду окшойт. Ооба, тоюбузга күбө болгон ырчылар бизди дайыма жакшылыктарына чакырып жүргөн сахналаш кесиптештерибиз. Келип бергендерине ыраазыбыз.
Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Саламатсызбы! Толугу менен көрсөтпөй жаткандыгынын себеби интернетиңиздин ылдамдыгынан көз каранды.