№574 01-ноябрь-07-ноябрь, 2013-ж

Бул туурасында 29-октябрда Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта белгилүү болгондой, Аламүдүн районуна караштуу айылдардын биринин жашоочусунан арыз түшкөн. Анда арыздануучу 15 жашар кызын белгисиз бирөөлөр ала качып кетип, никеге турууга мажбурлагандыгын билдирген.
Аталган факт боюнча Аламүдүн РИИБинин тергөө бөлүмү Кылмыш жана жаза кодексинин 154-беренеси (никелик куракка жете элек адам менен иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүү) менен кылмыш ишин козгогон. Көп өтпөй Будёновка айылынын 18 жашар тургуну кармалып, Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-1
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |