«ЖАТАКАНАНЫН КОЛ ЖУУЧУ ЖАЙЫНДА ЖАШАЙБЫЗ»

№574 01-ноябрь-07-ноябрь, 2013-ж

Аймактык кеңсебизге арыз-муңун айтып кайрылган окурмандар көп. «Мени төрөгөн аялды алыстан көрдүм» деген каарманыбыз Сурмакан өз тагдырын айтып берди.
– Мен 1966-жылы туулгам. Ата-эне мээримин такыр көргөн эмесмин. Ош шаарындагы Терешкова атындагы балдар интернатында чоңойдум. Кичине, эс тарта элек кезимде атам каза болуп калганда апам мени таштап, турмушка чыгып кеткен экен. Мени төрөгөн аялды чоңоюп калганымда, бирөөлөрдүн айтуусу менен алыстан көрдүм. Менден улуу эжелерим бар болгон экен, ар кимибиз ар жакка чачырап кетиптирбиз. Алар азыр каякта экенин, канча жашымда балдар үйүнө келгенимди так билбейм. Каникул убагында балдар туугандарына кеткенде менин барар жерим жок, жатаканада калар элем. Мен сыяктуу балдардан 5-6 болчу, окууну аяктагандан кийин баарыбызды кесиптик лицейге тапшыртышты, ошол лицейде жатып окуп, текстиль фабрикасында иштеп жүрдүк. Союз жоюлганда ал фабрика да жоюлуп, жатакана менчиктештирилип кетти.
Тоголок жетим болгондуктан, көп кыйынчылык тарттым. Турмушка чыктым, күйөөмдүн экинчи аялы элем. Кыз төрөдүм, кийин үй-бүлөсүнө артык баш, ал адамга көз каранды болбой, өз алдымча жашагым келди.
Фабрикага тиешелүү кичинекей бөлмөдө кызым экөөбүз калдык. Суу, ажаткана, бети-колду жууганга жай жок аябай кыйналдык. Кийин батирге чыктык, күнүмдүк жумуштарда иштеп жүрдүм. Азыр мурунку бөлмөмдү башка бир бөлмөгө алмаштырып, кызым экөөбүз ошол жерде эптеп жашап жатабыз. Ал мурун жатакананын кол жуучу жайы экен. Башка айлабыз жок, ошол жерде кызым экөөбүз күн өткөрөбүз.

«ЭКИ МЕТР ЖИП АЛЫП БЕРЕЙИН...»
– Апам бизге татыктуу эне боло албады, мен кызымды өзүмдөй кор кылбайын деп көп аракет кылсам да болбой келет. Таянарың, сырдашарың, кеңешер жакын адамың жок болсо, турмуш менен кармашуу оор экен. Артымдан из калтырып кетейин, менин урпактарым да улансын деп көзүмдүн карегиндей асыраган жалгыз кызыма да шарт түзүп бере албай жатам.
Жалгыз бой эне болгондуктан, 2005-жылы үй алууга Ош шаардык мэриясына документ тапшырдым. 8 жылдан бери ошондон үмүттөнүп жашап келем. 6 ай болгон сайын барып кабар алып коём, дайыны жок. Документимден кабар алганы барсам, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Калбеков Абдумиталип Муратович «Документтериң комиссияга бир эмес, эки жолу коюлду, такыр болбоду. Документтериңди алып кет» дейт. Шартымды түшүндүрсөм, «эки метр жип алып берейин, өзүңдү асып ал, тынч жатасың, биздин да убакытты албайсың» деп мени ыйлатып чыгарып койду. Анын сөздөрүнөн жүрөгүм ооруп, жетекчиси Кадыров Алимбай Ураимовичке кирсем, «Сага жакшылык кылып коёлу деп көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөлөрүн да карап чыктык, эч бири бош эмес экен. Ал жерлерди адамдар кампа кылып, кээ бирин селсаяктар ээлеп алыптыр. Кыйналып жатсаң кызыңды турмушка бер да, өзүң карылар үйүнө барып жаша. Бул менин сага жетекчи катары эмес, агаң катары айткан кеңешим болсун» деди.
Ишенген жетекчилер ушундай дегенден кийин башкасына жол болсун! Мен тагдырымдын мындай болуп калышына күнөөлүү эмесмин. Туулганда боорума кыскан кызымды бой жеткенде да ошол бойдон боорума кысып багып келе жатам. Кудай өзү сүйүп жараткан пендесин эч качан көчөдө калтырбас. Балким, Жараткан бул адамдарды мен аркылуу сынап жаткандыр. Боор, бөйрөк, өт, жүрөгүм ооруп, эч нерседен үмүттөнбөй, өлүм алдында турган жанмын, өлсөм да ушул адамдардын бетин ачып өтөйүн, көрүмдө тынч жатмакмын деп келдим. Сиздерден башка бара турган, арыз-муңумду айта турган эч кимим жок экен.

«ЫЙЛАП КЕЛГЕН АДАМДЫ КҮЛДҮРҮП ЧЫГАРАМ»
Сурмакан Абдурахманованын бул сөздөрүнөн улам Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчисинин орун басары АБДУМИТАЛИП КАЛБЕКОВГО кайрылдык:
– Бул аял бизге батир алуу максатында арыз менен кайрылган. Азыр Июнь коогалаңынан жабыр тарткандарга басым жасалат. Ошондо жаракат алган, жаракатынын негизинде 1-2-топтогу майып болуп калган, үйү өрттөнгөндөр биринчи орунда. Жарадар болгон аскер кызматындагыларга, күч түзүмүндөгүлөргө деп жазылган. Мамлекеттик комиссия ошол категорияга кирген адамдарга гана үй берет. Үйдү мэрия бербейт, мэрия бөлүштүрбөйт. Ошол токтомдун негизинде өкмөт түзгөн мамлекеттик комиссия бөлүштүрөт. Бул эженин документин да бир нече жолу комиссияга көрсөттүк, токтомдогу талаптарга туура келбегендиктен, өтпөй калып жатат.
Кээ бир жарандар бекер үй алыш үчүн атайлап жашоо шартын начарлатышат. Үйлөрүн сатып, дагы башка нерселерди ойлоп таап келе беришет. Ал эми Сурмакан Абдурахманова боюнча айтсам, ал аялдын үйү болгон экен. Жатаканалар менчиктештирилгенден кийин кичине болсо да ага бөлмө бөлүнгөн. Мыйзамга туура келбесе, биз эч кандай үй бере албайбыз да. Анан «асынып өлүп ал деп айтты» дегени туура эмес, бизге жардам сурап келип жаткан адамга антип айтууга менин моралдык укугум жок. Тескерисинче, астыма ыйлап келген адамдарды күлдүрүп чыгарам.

Ал эми Шаардык муниципалдык башкармалыгынын жетекчиси менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбоду. Окуяга дагы кайрылып, тараптардын ойлорун билдиребиз.

Уулбү Каныбекова
osh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(21)
04.11.2013. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
А.калыбеков ошентип эле айтса керек! Элдин акчасын жеп семирип жарылайын деп калыптыр го! Ал эми Сурмакан эжеге келсек кудайдан умутунузду узбонуз баары жакшы болуп кетет деген умуттомун
04.11.2013. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол уйлорду июнь коогаландан жабыр тартканданрга бербей эле оздорунун тууган уругуна берип жатса керек документеринеАстагфираллах тобо кылдым 1 же 2 топтогу аайып деп оздору жасап берсе керек.
06.11.2013. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
burma92, Июнь окуясындагы уйлор биринчи очурут Озбектерге берилдиго ошондо дагы Кыргыздар калып кети биздин чондор акмак
04.11.2013. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Калыбеков акмак турбайбы бироого олум тилегиче озуно омур тиле
04.11.2013. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин чоондор тойбос болдунарго ошол уйлордуда озунордун тууган уруктарынарга алып берип жатсанар керек июнь окуясын шылтоолоп. А Сурмакан эжеге айтаарым жакшылыктан умут узбонуз кудайым тируу койгондуу куруу койбойт.
04.11.2013. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Калыбеков кирген адам кулуп чыгат дейикоо.Сурмакан эже кулуп чыгыптда анда.убалдан коркпой айтканын мунун.
04.11.2013. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул алсыз аялдын колунан эмне келет эле дегени да! Кудай баарына кубо! Айтсан да, айтпасан да белгилуу! Акчасы бар адамдардан пара кылып алып, берип эле атышпайбы! Кудай озу жазаласын, кимде куноо, калп болсо..
04.11.2013. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдумиталип мырза ыйлап келгендерди кулдуруп чыгарам,анан "эки метр жип алып берейин" деген создорумо кулбой койду дениз э?!Аллахтан жардам болсун баарына
04.11.2013. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чондордун кабинетине барганда эмне деп жооп берери айдан ачык,айтанын мен ушинтип айттым деп мойнуна алат беле,ууру олгончо карганат болуп ататта
04.11.2013. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сабыр кылыныз Сурмакан эже. Кудайдан тилениз жана кызыныз сиз коргон кыйынчылыктарды корбосун, акылдуу жигитке турмушка чыгып бактылуу болсун!
04.11.2013. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бу Абдумиталип,жарылайын деп калыптырго. Бироонун олумун тилебей,озунун омурун тиле дейт. Уйлорду июнь коогаланынан жабыркагандар алса,30% алып калганы баягы эле акчалуулар сатып алышкан. Ананда ушул 30% ичинен 10%кыргыздар. Калганы иттей жабыркап калган узбектер алган. Кээ бир узбектер экиден квартирага ээ болушкан.
04.11.2013. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сурмакан эже сиз Мелис Мырзакматовго барын уй берсе ошол берет ушу супер инфону окуп калса эке Мырзакматов ..сиздин уйлуу болушунузду кутобуз
04.11.2013. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Абдумиталип нак жэткен жалганчы козу айтып туратко... коогалан болгонуна уч жыл болду дейли ..бул эженин силерге кайрылганына сегиз жыл болуптур беш бок жединерби...айтпаса адамды кашайткандар...эки мин которуп барса эки айда шаардын четинен болсода уй таап берер елен...еки метр жип сатып берейин асылып ал деп..ошо жипке озун асылып алсан жакшы болмок...элдин акын жэгендин оордуна...мин наалатбиздин чондорго бетинерди элдин акчасына кошуп жеп алгансынар..
06.11.2013. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эже Аллах тааладан умутунузду узбонуз.Кудай берет сизге.Ал эми чондорго айтаарым.Силердин да кызынар эже карындашынар бар болсо керек.Эженин ордуна ошол жакынынардын бироосун койуп корсонор билмексинер.Жалгыздыктын кандай азап экенин.Уялбай кантип жалган суйлоп отурасынар.Ушундайынардын айынан.Кыргыз элим кыйынчылыктардан аарыла албай жатабыз.
07.11.2013. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Daryika,
Баш тамгаларды ашкере колдонгондугуңуз үчүн билдирүүңүз өчүрүлдү. Эскертүү сизге!
08.11.2013. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул эжеге кантип жардам берсек болот? Урматтуу супер инфочулар адресин же тел номерин бере аласыздарбы? Биз акчалай жардам корсотолу деп чечтик. Жообун личкама жазсаныздар.Аллах ыраазычылыгы учун)
11.11.2013. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rrara,
Саламатсызбы! Каарман менен байланышып, сизге жообун купуя менен айтып коебуз. Рахмат!
09.11.2013. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин чондор акмак эле уялса болмок беттин калыны жандын узуру деп олтура бербестен
10.11.2013. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озуну мактаган олгучо кач дегенден болуптурго Калыбеков мырза, ыйлап келсе кулдуруп чыгарам деп, мындайларга жашыруун камера менен барыш керек, ошондо коромокпуз кулдуруп чыгарганын.
10.11.2013. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ток бала,ач бала менен ойнобойт!-деген ушу да.
28.02.2014. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эжеге жардам бергендерге кудай ыраазы болсун
чондордон жакшылык кутпой эле коюш керек анан эч кимдин иши тушпосун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо