Жанар Акаев, «Жылдын ТВ персонасы» наамына талапкер:«ЧЫНЫГЫ СҮЙҮҮ ҮЙ-БҮЛӨ КУРГАНДАН КИЙИН КЕЛЕТ»

№575 08-ноябрь-14-ноябрь, 2013-ж

Өзү айткандай, «универсал журналист», «Супер-Инфо» гезитинин тандоосу боюнча «2010-2011-жылдардын ТВ персонасы» Жанар Акаев жакындан бери «Ыңгайсыз суроолорду» алып барууда. Ал эми ушул жылдын май айында Жанардын уулдуу болгонун сүйүнчүлөгөнбүз. Жанар мырзанын жаңы алган өргөөсүндө жубайы Жыргал үчөөбүз жылуу маектешип, жаш үй-бүлө тууралуу көптөгөн кызыктарды билдик.

– Кандайсыңар, уулуңар Айкөл торолуп калыптыр, кылыктары менен силерди кубантып жатса керек?
Жанар:
– Жакшы, өзүңөр көргөндөй, Жыргал экөөбүз кечке Айкөлдү эрмектейбиз. Айкөл 5 айдан ашып, отуруп, күлүп калды.
Жыргал: – Ишемби, жекшемби күндөрү уулубуз атасы менен кайрадан таанышып чыгат. Себеби иш күндөрү көрбөй, унутуп калат да.

– Жанар, уулуңа бийлеп-ырдап берет экенсиң, интернеттен көрүп калдым эле...
Жанар:
– Ооба, уулума бөлүп-бөлүп концерт коюп турам. Эртең мененкиси «Таңкы шоу» деп аталат. Майкачан, шляпаны башка бастырып туруп Майкл Жексонду, Атай Өмүрзаковду туурап бийлейм. Мирбек Атабековдун ырларын ырдайм. Айкөл карап жата берет, Жыргал боору эзилгенче каткырып, кол чабат. Экөөнүн маанайын көтөрүп коюп, анан жумушка жөнөйм.

– Жыргал, Айкөл төрөлгөндөгү Жанардын эмоциясын сүрөттөп бере аласыңбы?
Жыргал:
– Жанар төрөткө катышкан. Чынын айтсам, толгоо учурунда кыйналып, эмоциясын байкабай деле калыптырмын. Бала төрөлгөндөн кийин өзүнөн-өзү эле көз жашым куюлуп кетти, бакыттын көз жашы деп коёт го. Бир карасам Жанар туугандарга сүйүнчүлөп чалып жатыптыр. Жакында эле «Ошондо сен эмне кылдың эле?» деп сурасам, «сага көрсөтпөй ыйлагам» деп жатпайбы.
Жанар: – Төрөттүн ошондой кыйын болорун такыр элестеткен эмесмин. Адамдын өмүрү ошон үчүн баалуу экенин сездим. Ошон үчүн эне ыйык, барктуу экенин, ага арналып толтура ырлар жазыларын түшүндүм.
Жыргал: – Эркек кишинин төрөткө катышканы жакшы деп ойлойм. Ансыз деле биздин коомдо эркектер үстөмдүк кылышат. Эгер катышса, балким, аялдарга болгон катаалдык жумшарат беле дейм. Кандайдыр бир аёо сезими пайда болуп, оюн өзгөрткөнгө жардам берет.
Жанар: – Жаш аталарга төрөткө катышып, келинчегиңердин түйшүгүн чогуу тарткыла деп кеңеш берет элем. Андан силер «подкаблучник» болуп кетпейсиңер. Бизде, тескерисинче, балалуу болсо досторун чакырып жууп, ичимдик ичмей майрамы башталат, келинчеги төрөп кыйналып жатканы менен иши жок.

– «Сүйүү балага өтүп кетет» дешет, иш жүзүндө кандай экен?
Жанар:
– Ал сөзгө кошулбайм. Мен үчүн Жыргалдын өз орду бар, Айкөлдүкү башка дегендей. Жумушта кармалып калсам эле жубайым тынчсызданып чала баштайт. Жыргал бир жакка кетсе, дароо СМС жазам. Жумушта отурганда да интернеттен кабарлашып турабыз. Үйлөнгөнгө чейинки кыз-жигит мамилеси мындай эле симпатия экен, чыныгы сүйүү үй-бүлө кургандан кийин келерине ынандым.
Жыргал: – Биз алдын ала сүйлөшүп алганбыз, балдарыбызга болгон сүйүүбүз башка, экөөбүздүн сүйүүбүз ошол бойдон калат деп (күлүп). Бала сүйүүнүн күчөшүнө жардам берет, ата-энесин жакындатат экен. Жанар камкор ата, мени уктап алсын деп өзү таңкы беште конок бөлмөдө Айкөлдү көтөрүп жүрөт. Ичимден аябай ыраазы болуп калам.

– Жыргал, шашма, шайыр бул жигит колуңду сураганда да оригиналдуу идея тапса керек?
Жыргал:
– Жанар романтик эмес. Прагага 3 айга иштеп кеткенде интернеттен үйлөнүү тууралуу сөз учугун чыгара баштаган. Алыста жүргөндө адамдын баркы билинет окшойт да (күлүп). Ушул боюнча кызыктуу окуя айтып берейин.
Бир жолу туура эмес дары ичип алыптыр. Менин ата-энем дарыгер да, апама чалып «кесиптешим туура эмес дары ичип алыптыр» десем, апам дарынын атын сурап калды. Анда трубканы Жанар колумдан алып, «Бермет эже, саламатсызбы, дарыны көп өлчөмдө ичип алыпмын. Сиз билесизби, сиздин кызыңыз мага жагат, сонун кыз го, үйлөнүп алсак болобу?» деп жатпайбы. Апам эмне дээрин билбей, күлүп трубканы коюп койгон. Ошентип апам менен таанышкан.
Жанар: – Интернеттен «үйлөнбөсөк болбойт окшойт» деп колун сурагам. Анткени аябай жүдөп кеттим, Жыргалсыз жүргөн кызыксыздай туюлду. Азыр деле экөөбүз дайым биргебиз. Эс алуу күндөрү термоско чай демдеп, жумуртка бышырып, Айкөлдү көтөрүп алып тоого, балык уулаганга чыгып кете беребиз.

– Казан-аяк кагышканда ким биринчи компромисске барат?
Жыргал:
– Мен аябай токтоомун, оңой менен эмоцияга алдырбайм. Жанар тез жинденет, бирок бат тарайт, анан тез эле унутуп калат. Бул чыгармачыл адам да, баарын чыгарып туруш керек (күлүп). Компромисске Жанар биринчи барат.
Жанар: – Казан-аяк кагышпайт дегендер, менимче, калп айтышат болуш керек. Ар бир үйдө кагышат, кагышпаса, анда абал жаман. Бул бири-бирине кайдигер экенинен кабар берет. Биздин үйдөгү казан-аяктын кагышынын 90 пайызы менин айымдан болот. Болбогон нерсеге эле ачуулана берем. Экөөбүз уруша турган жөндүү деле себеп жок, майда-чүйдө нерселерден эле башталып кетет. Бирок менин жиним 3 мүнөттүк эле.

– Кимиңер кызганчааксыңар? Бири-бириңерди атайын кызганткан учурлар болгонбу?
Жыргал:
– Жанар кыз-жигит болуп жүргөндө аябай кызганчаак болчу, үйлөнгөндөн кийин орду менен кызганып калды. Мен кызгансам да, билдирбегенге аракет кылам. Ии, Жанар, баягыны айтып салайынбы?
Жанар: – Кайсыны?
Жыргал: – Экөөбүз сүйлөшүп жүргөндөчү...
Жанар: – Дискотекага барып, сенин көзүңчө башка кыздар менен бийлеп, таанышканымдыбы?
Жыргал: – Ооба, атайын кылгансың, ээ, ошону...
Жанар: – Эми ал жаш кез да, азыр такыр башкачамын.

– Окуянын аягына кызыгып калдым. Жыргал, уруш чыгардыңбы анан?
Жыргал:
– Күйөөгө тием деген кыз эч качан жигитинин алдында эмоцияга алдырбашы керек. Уруштун арты түгөнбөйт деп коёт, башталса аны жакшы нерсе менен бүтүрүү кыйын. Ал учурда мен унчукпай кутулгам. Бир чети адамдык сапатыңды, өз бааңды сактап каласың, экинчиден, алардан бийик турарыңды далилдейсиң. Никени сактап калуу эмгекти талап кылат, биздикилер жөн гана эмгектенгиси келишпейт, ага караганда түйшүгүн бирөөгө оодарып, бирөөнү күнөөлүү кылуу жеңил.
Жанар: – Көп учурда Жыргал уруштан баш тартып коёт, урушайын десең да болбой (күлүп). Ушунун мүнөзүнө көнүп алыпмын. Экөөбүз урушсак, эсеп 1:1 боюнча эле калат. Эч кимибиз жеңип же жеңилбейбиз.

– Жанар, быйыл «Жылдын ТВ персонасы» наамына талапкер болдуң, бирок социалдык тармактагы жеке баракчаңа кесиптешиң Элиза Кененбаевага добуш бергиле деп үгүттөп жатасың. Муну кесиптештик тилектештик деп түшүнүүгө болобу?
Жанар:
– Конок тосуучу бөлмөмдүн төрүндө силерден алган эки статуэткам жарашып турат. Үчүнчүсүнө орун жок дебейинби (күлүп), тамаша! Чынында, «Жылдын ТВ персонасы» дегенге мен быйыл кичине кирбей калам го деп жатам, анткени «Ыңгайсыз суроолорду» алып барганыма аз эле болду. Элиза быйыл жакшы эмгектенди, Жыргал да Элизага добуш берди.
Жыргал: – Биздин үй-бүлө ошондой чечим чыгарды. Эгер Элиза алып калса, барып куттуктап, сүйүнүчүн тең бөлүшүп келмекпиз.

– Маегиңерге чоң рахмат!

«Жубайыбыздын түйшүгүн жеңилдеткенге, чогуу тартканга үйрөнсөк».

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Төрөткө катышып, жубайымдын жанында болдум" дейт Жанар Акаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(58)
SUPER.KG видео
13.11.2013. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Экоонорго туболук бакыт,ар дайым ушинтип сыйлашып журо бергиле!!!Жакшы маектердин бири болуптур.
SUPER.KG видео
13.11.2013. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суктанаарлык бакыт
SUPER.KG видео
13.11.2013. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Эх жигиттин баары Жанардай болсо, кыздардын көбү бактылуу болмок экен.
Мынча ар кырдуу жигит, жан дүйнөсүн баарын ачып аябай жакшы маек куруп бериптир.
Жубайындын аты айтып тургандай Жыргал деп, жашооң ЖЫРГАЛ болсун!
Жаман көздөн, жаман сөздөн коргогон үй-бүлөңдүн ЖАНАР ТООСУ бол!!!
SUPER.KG видео
13.11.2013. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Aябай жакшы маек болуптур,азамат жигит экен.Жасалмалык жок.
SUPER.KG видео
14.11.2013. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азамат Жанар мырза мен сыйлаган мыкты журналист
SUPER.KG видео
14.11.2013. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
да такое они счастливые,как я.я тоже счастливая мама.
SUPER.KG видео
14.11.2013. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men syilagan jurnalist da !Baktyluu bolgula ,kop baldarynar bolsun !Koz tiebesin baktynarga .
SUPER.KG видео
14.11.2013. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанар молодец!!!!
SUPER.KG видео
14.11.2013. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула !
SUPER.KG видео
14.11.2013. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат! Ар бир кыргыздын жигити мына ушундай камкор болсо кандай сонун болот эле.
14.11.2013. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жыргал эже аябай тушунуктуу,токто инсан экен.Эки дуйно бакыт каалайм!
SUPER.KG видео
14.11.2013. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бактылуу уй було коз тийбесин Жанар азаматсын
SUPER.KG видео
14.11.2013. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соонун тугойлордон экен. Ааабдан жакты. Бакыт калайм!!!
SUPER.KG видео
15.11.2013. 04:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Erkek degen Janardai bolush kerek...Ayalyn syilagan jana ui buloonu barktagan!!!!!Respect
SUPER.KG видео
15.11.2013. 06:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чыныгы тушунгон адам экен. Эркектердин кобу торотто болсо, ушинтип жок дегенде баланын кандай дуйного келгенин тушунуп. Аялына болгон мамиле жакшыра беле.
SUPER.KG видео
15.11.2013. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kanday gana baktyluu uy bulo suktanarlyk eken. menin da joldoshum ushunday biz da ten ukuktuubuz sen kyl men kyl degen jok bizde da. Janar menen Jyrgalga eki duynoluk bakyt kaalaym, ar bir ele uy bulogo
SUPER.KG видео
15.11.2013. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуулук жана ишинизге ийгилик!
SUPER.KG видео
15.11.2013. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
достор "Суйом дечи" тасмасына добушунарды берип коюнуздар!!! Сураныч!!!)))
SUPER.KG видео
15.11.2013. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baarybyzga ushunday bakyt!!!jyrgap kordum,sonun suiloptursun jan-duinon achylyp
16.11.2013. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балсы ото ширин экен)) ма ша АЛЛАХ,бактылуу болунуздар!!!
16.11.2013. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай Жанар Жанар АЗАМАТСЫЗ!!!!!Соз жок!Мыкты эр азамат!
16.11.2013. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш уй булонун баардыгы ушундай ынтымактуу бирин бири сыйлагандар болсо балдары дагы тартиптуу акылдуу болуп чонойушмак да. Экоонорго уй булолук бакыт каалайм коп балалуу болгула
SUPER.KG видео
16.11.2013. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu bolnunuzdar..koz tiybesin..korup ayabay suktandym..
SUPER.KG видео
17.11.2013. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eex sizderge koz tyibesin ylaiym ar daiym baktyluu bolunuzdar
SUPER.KG видео
17.11.2013. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат экенсиз,кана кыргызымдын ар бир жигити ушинтип аялзатын сыйлап турса!Уй-булоонузго бакыт,ден-соолук,суйуунуздор эч качан очбосун!
SUPER.KG видео
25.11.2013. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эх чиркин менин да жолдошум ушундай болсо экен. Бактылуу болушсун. Коруп козумо жаш айланып кетти. Кандай тушунуктуу мыкты жигит.
SUPER.KG видео
27.11.2013. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu boluwsun
SUPER.KG видео
27.11.2013. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

SUPER.KG видео
24.01.2014. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Silerge tuboluk tunuk suiuu kaalaim baktyluu bolgula!
12.06.2015. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай бактылуу уй-булоо! Уйдо тен укуктуубуз дегени абдан жакты.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо